DataLife Engine > Спорт > Уюштуруу комитети: Токио Олимпиадасы бир-эки жылга жылышы мүмкүн

Уюштуруу комитети: Токио Олимпиадасы бир-эки жылга жылышы мүмкүн

Оюнга кыргызстандык беш спортчу жолдомо алган болчу.

Токиодо боло турчу Олимпиада оюндары бир же эки жылга жылып кетиши мүмкүн экендигин Р-Спорт агенттиги аталган өлкөнүн уюштуруу комитетинин мүчөсү Харуюки Такахашиге шилтеме берип жазды.

Анын айтымында, кеп оюндан толук түрдө баш тартуу тууралуу болуп жаткан жок. Дүйнөдө коронавирус жайылып жаткандыгына байланыштуу башка мөөнөткө жылдыруу керек болууда.

"Эгер оюндар өтпөй калса, Эл аралык олимпиада комитети оор кырдаалга кептелет", — деген Такахаши.

 

Ал белгилегендей, эгер оюнду бир жылга жылдырса, башка маанилүү спорттук иш-чаралар менен туш келип, ыңгайсыздык болушу ыктымал. Ошондуктан Олимпиаданы эки жылдан кийин уюштуруу туура.

 

Жайкы Олимпиада оюндары үстүбүздөгү жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин Япониянын борбору Токиодо өтөрү пландалган. Оюнга кыргызстандык беш спортчу жолдомо алган болчу.

Дагы: https://sputnik.kg/sport/20200311/1047339934/tokio-olimpiada-zhylyshy-mumkun.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад