DataLife Engine > Спорт > Кыргыз волейболчулары Азиянын аймактык чемпионатында үчүнчү орунду ээледи

Кыргыз волейболчулары Азиянын аймактык чемпионатында үчүнчү орунду ээледи

Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курамасы командасы үчүнчү жолу өтүп жаткан Азиянын аймактык чемпионатында коло медаль алды.

Атамекендик волейболчулар үчүнчү орун үчүн Непал мамлекетинин курамасы менен беттешип, оюн 3:0 эсебинде кыргызстандыктардын пайдасына чечилген.

 

Эскерте кетсек, мелдеш Бангладеш мамлекетинде 21-апрелде башталган.

 

Кыргызстан тайпалык этапта Түркмөнстанга 0:3 эсебинде утулуп, бирок Өзбекстанды 3:2 эсебинде утуп чейрек финалга чыккан.

Чейрек финалда Кыргызстандын курама командасы Бангладештин менен туш келип, 2:3 эсебинде утулуп калган.

2017-жылы өткөн чемпионатта Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы Азиянын аймактык чемпионатында биринчи орунду алган.



Дагы: https://sputnik.kg/sport/20180427/1038882598/kyrgyzstan-volejbol-aziya-chempionaty-3-orun.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад