Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

АЛЫСТА ЖҮРҮП БАЛАҢЫЗДЫ АЛДАБАҢЫЗ!

Полезные советы
1 241
0

АЛЫСТА ЖҮРҮП БАЛАҢЫЗДЫ АЛДАБАҢЫЗ!Учурда мекенибиздеги көпчүлүк үй-бүлөлөрдүн жашоо шарты аларды чет өлкөдө иштөөгө муктаж кылууда. Алардын арасында балдарын туугандарыныкына таштап кетип жаткандары дагы аз эмес. Кеп учугу ата-энеси мигрант болуп кетип, башка бирөөнүн колунда калган жаш балдарды туура тарбиялоо тууралуу уланат. Мигрант ата-энелерге балдардын психологу Карлыгаш Акимкулова өз кеңешин берет: – Кайсы куракта болбосун баланын ата-энесинен алыстаганы ал үчүн чоң кайгы болот. Бул анын жан дүйнөсүндөгү өзгөрүүлөргө алып келет.

 

БАЛАНЫ КИМГЕ ТАШТОО КЕРЕК?

 

"Балдарымды кимге калтырам?" деп турсаңыз, анда чечимди жакшылап ойлонуп кабыл алыңыз. Жакшысы, аны сизден кем эмес жакшы көргөн таята, таенесине же чоң ата, чоң энесине табыштаганыңыз оң. Себеби бала кайсы куракта болбосун аны жакшы көрүп жаткандыгын билиши керек. Калп күлүп, калп эркелетип, жактырбай жаткандарды алар жакшы сезишет. Кийин балада "мага баары жакшы көргөн түр көрсөтүшөт" деп, адамдарга болгон ишенбестик пайда болот. Бул бардык курактагы жаш балдарга тиешелүү, анткени ата-энеси мигрант жаш балдар башкаларга салыштырмалуу кыйла сезимтал келип, мээримден көз каранды болуп калышат. Мындай абалда алардын жанында чындап жакшы көргөн адамдардын болуусу өтө маанилүү.

 

БАЛДАРДЫ АЛЫП КАЛГАН ТУУГАНДАРГА КЕҢЕШ:

 

Эгер алысыраак тууганы болсоңуз, анда сиздин максатыңыз баланын алдында анын ата-энесинин аброюн түшүрбөө. Ага мүмкүнчүлүк болгон сайын "сенин ата-энең жакшы адамдар, алар сени абдан жакшы көрүшөт" деген сөздөрдү айтып туруңуз. Бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында баланын ата-энесине болгон сый-урматы ойгонот. Өзүнө болгон ишеним пайда болуп, аны коргоочу адамдар бар экенин сезет.  Чоң ата, чоң энеси же таята, таенеси баланы керектүү убакта кучактап, эркелетип же урушуп койсо болот. Сиздер дагы ата-энесине болгон баладагы сый-урматты ойготуп, атасы менен апасы жөнүндө жакшы сөздөрдү айтуудан аянбаңыз.

 

БАЛАҢЫЗДЫ АЛДЫН АЛА ДАЯРДАҢЫЗ

 

Балаңызды башка бирөөнүн колуна таштап кетерде аны көндүрө баштаңыз. Болгон шартты ачык айтып, "мен иштеп келишим керек болуп жатат, буга сенин күнөөң жок, сени жакшы көрөм, сенсиз мага абдан кыйын болот, сагынам, жолукчу күндү күтөм" деген сыяктуу сөздөрдү айтыңыз. Кичинекей балдарда "мен жаман болгондуктан ата-энем мени таштап кетти" деген ой пайда болбошу керек. Кааласаңыз сизди эстетип туруучу оюнчук же буюм алып берип кетиңиз. Алдын ала даярдоо баланын аң-сезиминде "ал кетем деп айткан" деген түшүнүктү пайда кылып, коштошуу учурун жеңилирээк өткөрүүгө көмөк көрсөтөт. Аны-муну алып берем, эртең эле келип калам деген жалган кептерди айтпаңыз. Себеби наристеңиз сизге ишенет, акыры алдаганыңызды түшүнүп "апам же атам алдап койду" деген ой кийин башкаларга дагы ишенбей, сүйүп калуудан коркуп "качан мени алдап кетет?" деген ой менен жашап калышына түрткү болот.  Алыска кеткен соң балаңыз ишеничтүү адамдардын колунда калган болсо, ага кайра-кайра чалып өзүңүз тууралуу эстете бербеңиз. Бирок сүйлөшкөн сайын сагынганыңызды айтып туруңуз. Кайтып келер күнүңүздү эстетип коюу абзел. Ага чынын айтыңыз, өзүңүз курактуу адам менен сүйлөшкөндөй олуттуу маек куруңуз.

 

НАРИСТЕ 1 ЖАШКА ЧЕЙИН ЭНЕСИНЕН АЖЫРАБАШЫ КЕРЕК

 

Төрөлгөнгө чейин 9 ай, төрөлгөндөн кийин 9 ай эне-бала бир бүтүн организмдей болушат. Наристе өзүнүн ким экенин билбейт, дүйнөнү эне аркылуу тааныйт. Бул учурда апасынын жытын жыттап, сүтүн эмүү өтө зарыл. Эне аркылуу наристе өзүн бирөө коргоп жатканын туят. 1 жашка жакындаганда гана наристе өзүнчө бөлөк жан экенин түшүнө баштайт. Эгер бул мүмкүнчүлүктөн баланы ажырата турган болсоңуз, кийин балада чечкинсиздик, өзүнө ишенбөөчүлүк, жалгыздык сезимдери пайда болот. Эгер ушунчалык эле зарыл болуп жатса, жок дегенде баланы 4 ай эмгизүү кажет. Бул азыр эч нерсени түшүнбөйт деген ойдон алыс болуңуз. Кайсы куракта болбосун балаңыз менен сүйлөшүңүз. Ага шарт ушундай болуп жатканын, сиз аны жакшы көрөрүңүздү айтыңыз. Бала канчалык кичинекей болбосун, аң-сезиминде ошол сөздөр сакталып калат.

 

ӨТКӨӨЛ КУРАКТАГЫ УЛАН-КЫЗДАР

 

Өткөөл курактагы кыз-балдардын ата-энеси жанында болгон мезгилде деле мүнөзү өзгөрүп, жакындарынын кемчилигин издеп, урунуп-беринип, туталанып, аларга болгон таарынычы күчөп баштайт. Ал эми мындай учурда ата-энеси алыста болуп калса, анда алардын ички сезимдерин угар киши жок, түнт мүнөздүү болуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан бул курактагы балдарды спорт менен алектендирип, түрдүү ийримдерге катыштыруу зарыл. Бул алардын көңүлүн башка нерсеге бурат. Мүнөзүнүн туура калыптанышына түрткү болот.  Жогорудагы кеңештер өткөөл курактагы улан-кыздар үчүн да пайдаланылууга тийиш. Негизинен бала ата-энеси тарабынан болгон колдоону жана сүйүүнү сезүүсү шарт.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно