Мындай жыйынтык алты жыл бою үзгүлтүксүз изилдөө жүргүзүп келген америкалык окумуштуулар тарабынан жарыяланган. Алар 18 миңге чукул кишинин ден соолугуна байкоо жүргүзүп, анан изилдөө жыйынтыгын айтышкан.
Күнүнө 680 граммдан ашык таттуу суусундук ичкен киши жүрөк жана бир катар оорулардан көз жумуу тобокелдигине азыраак ичкендерге салыштырмалуу эки эсеге көп кабылат дешкен.
Изилдөөгө жетекчилик кылган Жин Уэлш алардын эмгегинин буга чейин кантты аз колдонуу туурасында айтылып келгендерди тастыктагандыгын кошумчалаган.
Окумуштуулардын изилдөөсү суусундуктун кооптуулугун гана аныктаган.
Буга чейин окумуштуулар ачкачылыктын саламаттыка таасири боюнча изилдөө жыйынтыгын да билдиришкен. Бостондогу Гарвард мектебинин коомдук ден соолук боюнча окумуштуулары маал-маалы менен ачка болуп туруу клеткалардын энергетикалык алмашуу процессин жакшыртарын айтышкан.
Дагы: https://sputnik.kg/world/20180323/1038298678/okumushtuu-den-sooluk-ooru-olum.html