DataLife Engine > Полезные советы > Британиялык окумуштуулар өмүрдү 10 жылга узартуунун жолун айтышты

Британиялык окумуштуулар өмүрдү 10 жылга узартуунун жолун айтышты

Британиялык окумуштуулар өмүрдү 5-10 жылга чейин узартуунун эң таасирдүү ыкмаларын атады. Бул тууралуу Daily Mailбасылмасы жазды.

Окумуштуулар Гарвард университетинде август айында жүргүзгөн изилдөөсүндө кишилердин айрым адаты алардын өмүрүн он жылга чейин узартууга жардам берерин аныкташкан. Алардын ичинде уйкуну кандыра уктоо, жакшы сиңе турган азык-түлүктөрдү жеп, ыгы менен спирт ичимдиктерин ичип туруу бар.

Изилдөөгө 50 жаштан ашкан 660 ыктыярчы катышкан. Андан сырткары, дайыма жакшы маанайда жүргөн кишилердин да узак жашоо ыктымалдуулугу жогору экени аныкталган. Ошондой эле балалуу болгондор жалгыз бойлорго караганда 2-3 жыл узагыраак жашай турганын белгилешкен.

 

Окумуштуулар өз аныктамасында таза абада көпкө сейилдөө, пенсияга эрте чыгып албоо, болор-болбос нерсе үчүн ооруканага кайрылбоо жана төшөк кумарына батуу да кишинин өмүрүн узартарын жазышкан.

Дагы: https://sputnik.kg/world/20181113/1041963961/britan-okumushtuulary-omur-10-zhyl.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад