Алгачкы эки беттешин эң сонун ийгилик менен баштады.
Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова спорттук күрөш боюнча Сербияда Дүйнө кубогунун финалына чыкты.
Жарым финалда атаандашы россиялык Любовь Овчарова болуп, аны 13:2 эсебинде жеңип алды.
Буга чейин Тыныбекова алгачкы беттешинде румыниялык атаандашы Крисца Тундени 10:0 эсебинде таза жеңиш менен уткан. Аны менен таймашкандар Түркиядан жана Румыниядан болгон эле.
Финалда Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьева менен беттешет. Маанилүү бул кармаш эртең, 15-декабрда, болот.
Учурда кыргызстандык спортчулардын байге куржунунда бир коло медаль бар. Ал рим күрөшү боюнча спортчу Руслан Царевге таандык
Дагы: https://sputnik.kg/sport/20201214/1050777528/kyrgyzstan-serbiya-aysuluu-tynybekova-final.html