Ал видео-мергенчилик деген да жакшы бир түшүнүк бар экендигин белгилеген.
Ысык-Көлдө тоонун бетин аралай чуркаган аркарлардын асмандан тартылган видеосу тарады.
Кадрларды Instagram социалдык тармагына i.k.timur аталышындагы колдонуучу жүктөдү.
"Видео-мергенчилик деген да жакшы бир түшүнүк бар", — деп жазган роликтин астына аккаунттун ээси.
Автор видеону Ысык-Көлдүн кайсы жеринен тартып алганын жазган эмес. Ал Кыргызстан менен Борбордук Азияны түрө кыдырып жүргөнү белгилүү.
Аркар — азайып бараткан же жоголуу коркунучунда турган жаныбарлардын Кызыл китебине киргизилген.
Дагы: https://sputnik.kg/society/20201218/1050824671/ysyk-kol-arkar-dron-video.html