Хип-хоп аткаруучусу же Jay-Z деген ат менен таанымал ырчы Шон Картер жылына эң көп акча тапкан рэперлердин көч башында. Forbes журналынын жазышынча, Jay-Z акыркы 12 айда 76,5 миллион доллар тапкан.
Экинчи орунга Шон Комбс (P.Diddy) чыкты. Рэпер ырларынан тышкары Ciroc арагын, DeLeón текиласын жана Aquahydrate суусун сатып киреше тапкан.
Алдыңкы үчтүктү жыйынтыктаган Кендрик Ламар 58 миллион доллар тапкан. Рэпер концерттен жана Nike жана American Express компаниялары менен кызматташат.
Дагы: https://sputnik.kg/world/20180914/1041092963/zhylyna-ehn-kop-akcha-tapkan-rehpperlerdin-tizmesi-chykty.html