Бүгүн:

Акыркы кабарлар

14:15
Жээнбеков Казакстандын жаңы президенти Токаевди куттуктады
02:14
Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону аталып, 2 «Нива» уткан: Жылына 4 млн сом тапкан өзгөндүк фермер
12:23
Бишкекте бет маңдай кагышкан Lexus менен Toyota. Видео
15:26
«Мага жайды чогуу казгыла»: Келинчегин, андан кийин өзүн өлтүргөн адамдын акыркы көз ирмемдери.
10:37
Бишкекте "Тазалыктын" кызматкерин машина 20 метрге ыргыта сүзүп, ал каза болду
13:48
Бишкек: жолдун боюн каптаган кызыл жалын менен кара түтүн. Өрттүн видеосу
12:45
Бишкектин Свердлов районунда жаңы эки көпүрө курулат
12:04
Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери сүйлөштү
15:58
Айып каттар качан кыргыз тилинде жазыла баштайт? Саркуловдун жообу
15:56
Бишкектин чок ортосунда мушташып кеткен айдоочулардын ким экендиги анык болду
15:55
Дүйнө чемпиону Баха Москвада жүк ташып иштейт... Кыргыз мушкеринин жашоосу
15:53
Каныбек Иманалиев: 8-мартта мыйзам эмес, нарк бузулду
10:59
Бишкектеги маршруткалардын теңине камера коюлду
14:31
Бишкектин түндүк тарабында үй өрттөнүп жатат
12:37
ӨКМ: Бишкектеги турак үйдө чыккан өрт дээрлик өчүрүлдү
11:26
Бишкектеги имамдар ишембиликке чыкмай болду
11:25
Куралды көп саткан мамлекеттер аталды. Тизме
11:24
Финансы министрлигинде бош орун бар. Иштейм дегендерге талаптар
12:56
Ок чыгарып, 315 миң долларын алып кеткен. Унаа милиционерден уурдалган
12:48
Эреже бузуу кодекси боюнча биринчи өкүм чыгып, пенсионерди соттошту
12:15
Сулайманов: мамлекеттик резиденцияда чөөлөр улуп жүрөт
15:34
Кыргызстанда ар бир төртүнчү бала никесиз төрөлөт
15:31
Кыргызстандын Япония, Афганистан жана Бельгиядагы элчилери дайындалды
15:21
Бишкекте жеңил автоунааны артынан кууган инспекторлордун видеосу
22:00
ОГПИде “QUIZ” оюну болуп өттү
21:58
Ошто 40 жаштан жогорку аялдар ортосунда волейбол мелдеши болуп өттү
15:39
Бишкекте жол тилкесин бөлүп турган кош сызык экиден түшүп калган. Түшүндүрмө
14:44
Абылгазиев: кооз сүйлөгөндү жактырбайм, иштейли
15:10
Атам бөйрөгүн берди, баары жакшы. Бишкекте органын алмаштырган жигиттин видеосу
14:58
Нарында малга кол салган карышкырды кууп жүрүп атып салышты. Видео
14:46
Чыныгы шөкүлө кандай болорун билчү белеңиз? Уздар жасап чыгышты
14:36
Кара-Кулжадагы үрөй учурган жол кырсык видеого түшүп калган
14:15
Кыргызстандын кайсы облусунда калориялуу тамактар көп желери айтылды
14:05
Кыргызстанда калпак жумалыгы башталды
18:17
Өзгөндөгү соода жайлардын тротуарга чыгып кеткендери алынды
18:12
Оштогу балдар ооруканасына жабдыктар келет
10:57
Режеп Тайып Эрдоган 65 жашка чыкты
10:25
Бишкекте кырсыктаган стилист Мамбеткалиева 9 күн комада жатып каза тапты
10:21
Бишкектеги көчөнүн жээктери иретке келтирилип, жазга даярдык жүрүүдө
11:09
Милицияга кара куурай саткан киши кармалды. Сүрөт
11:53
Бишкекте жеңил унаа жөө адамды учура сүзгөн видео
11:41
Бишкекте туризм тармагына арналган жаштар форуму өтөт
13:41
Назарбаевдин сынына кабылган казак өкмөтү отставкага кетти
13:39
Баасы төмөндөбөгөн жолтандабастардын тизмеси жарыяланды
13:38
Тайванда төшүн чоңойтуудан баш тарткан келинди күйөөсү өлтүрүп салды
Бардык кабарлар

Аравияда жаракат алган Асланайым: бөтөн жерде каларымды эстесем коркуп кетем

Дүйнө жаңылыктары
15
0

Эки миңдей кыргызстандык катышып жаткан Эр-Рияд шаарындагы фестивалдын башкы даярдыгында жаракат алган жаачы кыз Асланайым Аширова операциядан кийин алгач ирет үн катты.

Эске сала кетсек, социалдык тармакта 8-март күнү Сауд Аравияда атчан үч кыз сүзүшүп кеткендиги тууралуу маалымат тараган. Билдирүүдө Асланайым цирктеги кесиптеши менен ат үстүндө келе жатканда капталынан селфи жасап бараткан кыз аны сүзүп кеткендиги жазылган.

Ал эми фестивалды кыргыз тараптан уюштурган Бүткүл дүйнөлүк этнооюндар конфедерациясынын өкүлү Айнура Темирбекова Асланайым фестивалга Салбуурун федерациясынын курамында жаачы катары гана чакырылгандыгын айткан.

 

Бирок Аширова Темирбекованын айткандарын төгүнгө чыгарып, окуя боюнча өз версиясын билдирген.

Ашировага Эр-Рияд шаарындагы King Saud Medical City ооруканасында 11-мартта операция жасалган.Дарыгерлер анын кыр сөөгү сынып кеткенин аныкташкан.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги өнөрпоз Асланайым (Светлана) менен байланышып, ден соолугу тууралуу маалымат алды.

Ал алгач операция кандай болгонуна токтолуп, визанын айынан апасы келе албай жатканын айтып берди.

"Абалым начар. Жада калса, көп сүйлөсөм чарчап калып жатам. Өз алдымча кыймылдай албайм. Операция 3,5 саатка созулду. Дагы деле бутум оорутуп жатат. Илдетти сездирбей турчу дарыларды колдонбосом, карышкырча улугудаймын. Апам бул жакка виза маселесинен улам келе албай жатат. Мени ооруканада күнү-түнү кесиптешим Саадат кароодо. Бирок ал да көпкө чейин тура албайт", — деди Аширова.

Жаачы кыздын айтымында, делегация жакынкы күндөрү Кыргызстанга кайтат. Ал эми Ашированы Кыргызстандагы ооруканага которуу боюнча маселе карала элек.

"Беш күндөн кийин делегация артка кайтат. Уюштуруу комитети эки күндө бирден келүүдө. Бирок мени өлкөгө алып кетүү боюнча кеп козгошкон жок. Сабырбек агай (Жумабеков — ред.) Кыргызстанга келишиң керек, өзүмдүн көзөмөлүмдө болосуң деп айткан болчу. Уюштуруучулар мени бөтөн жерде калтырбайт деп ниеттенем. Бул тууралуу ойлосом коркуп кетем. Кыргызстанымдын абасын, тоосун сагындым. Мага колдоо көрсөткөн мекендештерге ыраазымын", — деди Аширова.

 

Кыргызстанцы на яках на этнофестивале Camel Fest в Саудовской Аравии
© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА ВCЕМИРНОЙ КОНФЕДЕРАЦИИ ЭТНОИГР
Ал ошондой эле ден соолугу калыбына келери менен ишмердүүлүгүн уланта турганын кошумчалады.

 

Camel Fest 9-мартта башталган, 23үнө чейин созулмакчы. Анда 98 мамлекеттин өкүлдөрү маданият жана спорт жаатында талантын көрсөтүп жатат. Иш-чарага катышууга кыргызстандыктарга эң көп — 2000дей квота бөлүнгөн.

Кыргызстандык делегация "Көчмөндөр ааламы" деп аталган оюн-зоогун көрсөтүп жатат. Бул үчүн атайын 15 гектар жер бөлүнүп, ипподром, этнобазар жана көчмөндөр айылы курулган. Ошондой эле катышуучулардын тамак-ашы, жаткан жери беленделип, мал-жаны багылуу болот. Кеткен чыгымдын баарын уюштуруучулар көтөрүүдө.



Дагы: https://sputnik.kg/society/20190315/1043663016/araviyada-zharakat-algan-aslanajym-ashirovanyn-maegi.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно