Бүгүн:

Акыркы кабарлар

12:57
Дагы 12 киши коронавирусту жеңип чыкты
12:44
Жети-Өгүздө төрөт үйүн обсервацияга айландыруу чечими жокко чыгарылды
12:11
Коомдук транспорт 25-майдан баштап эл ташыйт. Талаптар
12:10
"Дордой" баштаган ири базарлар ишке кирет. 25-майдан тарта жанданчу тармактар
12:09
Боронов сырттан келгендерге кайрылып, медиктердин талабын аткарууну өтүндү
12:08
Көбөйүп жатат. 32 жүк ташуучу айдоочудан коронавирус табылды
14:42
КР энергетикасы жар учунда турат. Эксперттин билдирүүсү
14:34
Чуу салса эле обсервациядан чыгабы? "Гансидеги" жаңжал боюнча Үсөнбаевдин жообу
14:31
Нарында 8 милиция кызматкеринен коронавирус чыкты
13:18
Путин Россиядагы мусулмандарды Орозо айтты үйдөн белгилөөгө чакырды
12:40
Өлкөдө кооптуу кырдаал сакталып турат. Жээнбеков Бороновду кабыл алды
12:36
23ү каттоого жетишпей калган. Аскат Алиев мекенге келген мигранттар боюнча үн катты
12:33
20-майда Оренбургдан мекендештердин дагы бир тобу алып келинет
12:32
Обсервацияда чуу салгандар менен министрликтин өкүлдөрү жолукту.
12:31
Абылгазиев обсервацияда чуу салган жарандарга кайрылды
12:28
Шектүүлөр текшерилет. Облус башчысы Ысык-Көлгө кирип-чыгуу шарты тууралуу
11:08
Россия Кыргызстанга ракеталык комплекс жана тик учак берери пландалууда
10:55
АКШ коронавирусту организмге жолотпой "чыгарып салган" антителону тапты
10:33
Москвадан 402 кыргызстандык учуп келет. Арасында майып, оорулуулар бар
09:41
Антисептикалык каражаттын ордуна айнек жуугуч. Мэрия тартип бузгандарга айып салды
12:26
Чет өлкөдөн кайткан жарандар текшерүүгө кантип алынарын штабдан айтып беришти
12:12
Эки күндө Санкт-Петербург шаарынан 312 кыргызстандыкты алып келишти
12:08
Өткөн сутканын ичинде 38 адам коронавирустан айыгып чыкты
11:53
Каркыра жайлоосуна милиция посту ачылды. Эмне иш аткарат?
11:43
Отунбаева COVID-19дун вакцинасын бекер таратууга чакырган документке кол койду
11:38
Жайкы сезондо акча тапкан көлдүктөр быйыл эмне болот. Ички туризмге үмүт артып
16:16
Ат-Башыда коронавирус жуктургандардын 90%дан ашыгы айыкты
16:14
Министрлик киришти! Нарында төрөт үйүндө вирустун жайылышын комиссия иликтөөдө
16:04
Түркиядан Кыргызстанга 330 мекендеш алып келинди
16:03
Суу кечип, куюнда калып, Нарын суусунун үстүнөн зым тарткан энергетиктер
15:50
Коронавирус Нарында жайылууда. Оору катталган район, шаарлардын тизмеси
15:42
Франкфурт-на-Майне шаарынан 59 кыргызстандык учуп келди
15:40
Бүгүн кечинде Москвадан 147 кыргызстандык учуп келип, обсервацияга алынды.
15:39
Милициянын Кувейт жана Катардан келген кыргызстандыктарды тосуп алган видеосу
15:35
Бажы кызматы Кытайга "Торугарт" өткөрмө пунктун ачууну сунуштады
15:10
Бишкекке Япония менен Кореядан кыргызстандыктар учуп келди
14:54
Мектептеги ысык тамактын азык-түлүгү окуучулардын үй-бүлөсүнө таратылууда
14:45
COVID-19 менен алышкан медиктер. Мартка каралган 38,8 млн. сом дарегине жеттиби?
14:35
Биринчи мыйзам каралбай калган. Шайлоо босогосу боюнча жаңы демилге сунушталды
13:01
Бишкекте карантинге карабай соода борбору эшигин ачты. Чоо-жайы
12:59
Министр Жунушалиев: милиция бет кап тагынбагандарга айып салбайт
12:58
Атамбаевдин Сапар Исаков баш болгон тарапташтарынан коронавируска тест алынды
15:37
Жакшы кабар! Акыркы суткада бир да медиктен коронавирус аныкталган жок
15:25
Россиядагы мекендештерди кайтаруу үчүн бийлик кандай аракет көрүүдө
15:13
Абылгазиев: башкача буруп жиберишкен. Милиция менен күч түзүмдөрү компенсация алат
Бардык кабарлар

НАТОнун активдешүүсү ыкчам аракетти талап кылат. ЖККУнун башкы катчысы менен маек

Дүйнө жаңылыктары / Интервью
6
0

... Кыргызстандагы базанын кийинкиси жана коронавирус пандемиясынан улам өлкөлөрдүн бири-бирине жардам бериши тууралуу Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башчысы айтып берди.

ЖККУ 18 жыл мурун түзүлгөн. Бул аскерий-саясий блокко Россия, Белоруссия, Армения, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан болуп алты мамлекет кирет.

Кызматка ушул жылдын башында келген ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась биринчи жолу маек куруп, РИА Новости агенттигинин кабарчысы Елена Протопопова менен баарлашты. Ал өз сөзүндө ЖККУ менен НАТОнун ортосунда согуш чыгуу кооптуулугунун бар-жогу тууралуу айтып, уюмдун жетишкендиги жана келечеги, ошондой эле блокто коронавируска каршы күрөш кандай жүрүп жатканы тууралуу кеп козгоду.

© SPUTNIK / ЕВГЕНИЙ БИЯТОВ
Станислав Зась: бүгүнкү күндө ЖККУ коопсуздукту камсыздаган эл аралык уюм, структура, союздардын арасында өз ордун тапкан.

— 15-майда уюм 18ге "толду". Бирок келишимге 1998-жылы эле кол коюлуп, ЖККУнун өзү 10 жылдан кийин иштей баштады. Бүгүнкү күндө уюмдун эл аралык коопсуздукту камсыз кылуудагы ордун кандай баалайсыз?

— Азыркы тапта ЖККУ толук кандуу эл аралык уюм, минтип айтууга негиз жетиштүү. Уюмдун иштөөсү үчүн укуктук база түзүлүп, коюлган маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк бар. Башкаруу жана камсыздоо системасы, ошондой эле күч жана каражатты биргелешип даярдоо системасы иштелип чыккан. ЖККУнун максаты — тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздук менен стабилдүүлүктү камсыздоо, жамааттык негизде көз карандысыздыкты, аймактык бүтүндүүлүктү жана мүчө мамлекеттердин эгемендигин сактоо.

Бүгүнкү күндө ЖККУ коопсуздукту камсыздаган эл аралык уюм, структура, союздардын арасында өз ордун тапкан. Террорчулукка каршы күрөшүү, баңгизатка каршы туруу жана тынчтык орнотуу жаатында БУУнун структуралары менен тыгыз байланышта иш алып барабыз. ЕККУ менен да мамилебиз жакшы. КМШ, ШКУ менен өнөктөштүк алакадабыз, Кызыл чырымдын эл аралык комитети менен иштешебиз. Башкача айтканда, ЖККУ коопсуздук камсыздоо боюнча эл аралык системада өз ордун тапты.

 

"Силер эч жакта согушкан жоксуңар" дегендер чыгышы мүмкүн. Мунун өзү жакшы көрсөткүч. Демек ЖККУ өз карамагындагы аймакта стабилдүүлүктү камсыз кыла алды, согуш ачууга жол берген жок. Бул уюм өз милдетин жакшы аткарып жатат деген сөз. Эгер куралдуу кагылышуулар болуп кетсе, анда башкы миссиябызды аткара албай калганыбыздан кабар бермек. Кырдаалды туруксуздаштыруу аракеттерине азыр да, мындан ары да жол берилбейт. Ушу тапта ЖККУ аймагында дүйнөнүн башка жерлерине караганда абал туруктуу. Бул уюмдун жана ага кирген ар бир мамлекеттин эмгеги.

 

— Мындай туруктуулук уюмга башка өлкөлөрдү тартышы мүмкүнбү?

— Албетте, бул ЖККУнун артыкчылыктуу багыттарынын бири. Башка мамлекеттердин өнөктөш жана байкоочу макамы менен кириши үчүн механизм иштелип чыккан.  Азыркы тапта байкоочу жана өнөктөш институтун киргизүү боюнча негизги документтер кабыл алынды, парламенттер тарабынан ратификация процесси да аягына чыгып калды.

Байкоочулук макам ЖККУнун укук-ченемдик базасын, тажрыйбасын карап өздөштүрүүгө, жыйындарга, ар кандай иш-чараларга катышууга мүмкүнчүлүк берет. Ал эми өнөктөш мамлекеттин укугу кеңирирээк. Бул өлкө уюмдун алкагында сүйлөшүлгөн эл аралык келишимдерге кошулууга, ЖККУ органдарынын жыйынына катышып, кеңешүүчү добшука ээ болот. Мындан тышкары, окутууларга, ыкчам-профилактикалык иш-чараларга катыша алат. Бирок байкоочу жана өнөктөш болом деген мамлекеттер БУУнун мүчөсү болуп, ЖККУ өлкөлөрүнүн ар бири менен дипломатиялык мамиледе болушу зарыл. Ошону менен бирге өнөктөштөр согуштук аракеттерден оолак болушу кажет.

© SPUTNIK / МИХАИЛ КЛИМЕНТЬЕВ
Зась: ЖККУнун Уставындагы 19-беренеде "уюмга анын максаттары, принциптери менен тилектеш, Уставда жана эл аралык келишимдерде айтылган милдеттерди ала алчу мамлекеттин баары мүчө боло алат” деп жазылган. Бирок аскердик-саясий блоктун кеңейиши тууралуу маселе дыкаттыкты талап кылат. Бул келечектин иши, азыр эле чече калабыз деп айта албайбыз.

— Уюмга кирет элем деген мамлекет барбы?

— Ратификация аяктаары менен бул форматты ишке ашырууга юридикалык укук алабыз. Пландар бар. Бул багытта Армения менен Белоруссиядагы жолугушууларда тышкы иштер министрлери менен сүйлөшкөм. Россия президенти Владимир Путин менен да, тышкы иштер министри Сергей Лавров менен да талкууланган. Тилекке каршы, азыр башка өлкөлөргө бара албай жатабыз. Бирок бул теманы 26-майда өтчү видеоконференцияда көтөрүү ниетибиз бар.

— Демек, анык бир талапкерлер бар экен да? Мисалы, 2012-жылга чейин ЖККУга мүчө болгон Өзбекстанды айтсак болобу?

— ЖККУнун Уставындагы 19-беренеде "уюмга анын максаттары, принциптери менен тилектеш, Уставда жана эл аралык келишимдерде айтылган милдеттерди ала алчу мамлекеттин баары мүчө боло алат” деп жазылган. Бирок аскердик-саясий блоктун кеңейиши тууралуу маселе дыкаттыкты талап кылат. Бул келечектин иши, азыр эле чече калабыз деп айта албайбыз.

 

Ал эми Өзбекстан боюнча да айта кетейин. Бул ажайып өлкөдө ушу тапта прогрессивдүү өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Келечеги кең, ЖККУнун бардык мүчөсү менен алакасы жакшы, блоктун курамында иштөө тажрыйбасы бар. Өзбекстан мен жогоруда айткан критерийлердин баарына жооп берет. Эгер Ташкент буга өзү кызыкдар болсо, өз ара кызматташуунун ар кыл варианттарын талкуулоого даярбыз. Анын ичинде байкоочу жана өнөктөш макамынын алкагында каралган мүмкүнчүлүктөр да эске алынат.

Станислав Застын маегин толук расмий тилде окуй аласыздар.

Дагы: https://sputnik.kg/world/20200517/1048331761/stanislav-zas-menen-maek.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик