Бүгүн:

Акыркы кабарлар

12:52
КРде кырдаал эң начар сценарий менен өнүгүп жатат. Министрлик COVID тууралуу
10:19
№1 шаардык оорукананын медигинин кайрылуусу боюнча башкы дарыгер текшерилет
10:18
Саламаттык сактоо министри менен орун басарынын абалы айтылды
13:38
Кыргызстанда дыйкандар быйыл эмне өстүрүү менен алек.
13:37
ЖК депутаттары 200 миң сом өлчөмүндө эмгек өргүү акчасын алганбы? Түшүндүрмө
13:33
COVID: муфтият бейтаптар үчүн 1500гө жакын орун даярдады
13:07
Жамгыр, добул жана кар жаайт. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты
13:05
600 орундуу “Гансиде” 5 эле кычкылтек концентратору барбы? Министрликтин жообу
13:01
Жээнбеков Бишкектеги күндүзгү стационарга барып, медиктерге жолукту.
12:57
Кесиптик орто окуу жайларга онлайн тапшыруунун жол-жобосу айтылды
12:55
Пандемия университетте окууга бөгөт эмес. Билимдин изи менен Россияга карай
12:53
Элге акысыз кеңеш берген психологдордун борбору түзүлдү. Телефон номерлери
16:13
Учурдун талабы! Боронов эмгек өргүүдөгү дарыгерлерден ишке чыгуусун өтүндү
16:05
Кыргызстанга дагы 200 мобилдик кычкылтек концентратору алып келинди
15:44
Облустар ооруну ооздуктоого кандай даярдык көрүүдө. Ачылган стационарлар
16:18
Боронов: коронавирустун жайылышын токтотуучу бир гана жол бар
16:17
Силерсиз ооруну жеңе албайбыз! Боронов медициналык билими барларды ишке чакырды
16:15
"Унаа" ишканасынын аймактагы бөлүмдөрү карантинге жабылды
16:05
Жээнбеков бир нече судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотту
16:02
Екатеринбургдан кайткан мекендештер менен чогуу медиктер да келди.
15:56
25 жыл "аралыктан" иштеген киши кантип өзгөрөт. Ойго салган сүрөт
15:34
Соль-Илецкиден жол тарткан мекендештердин экинчи тобу келди
15:33
Бишкекте ишкерлер менен ЖК депутаттары 5 күндүзгү стационар ачат
15:32
Кыйын кырдаалдан кантип чыгабыз? Жээнбеков берген тапшырмалардын тизмеси
15:29
ӨКМ обсервациядагылар кандай тамактанып жатканын көрсөттү.
14:19
Жээнбеков өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча пикирин айтты
14:18
Жээнбеков облустар аралык каттамды токтотууну сунуштады
14:15
Соль-Илецкиден 963 кыргызстандык Бишкекке алып келинди, дагы 12 автобус жолдо
14:04
"Ганси" базасында реанимациялык блок ачылды
14:04
Россиядан келген кыргыз дарыгерлери кайсы ооруканада иштей турганы айтылды
14:03
Түркиядан дагы 1 000 кычкылтек концентратору алып келинди
11:06
Бишкектеги ооруканада дарыгердин 12 метрлик сүрөтү тартылууда. Көрүнүшү
11:01
Жардам бергиле! Сабырбек Жумабеков олигархтарга кайрылды
10:51
Президент Жээнбеков кимдерди "эл душманы" деп атаарын айтты
15:26
Пандемияда кымбаттаган дарылар: чыга элек токтом, алакан жайган аптека ээси
15:17
Росавиация 1-августка чейин эл аралык каттамдарга тыюу салды
15:16
Новосибирскиден 186 кыргызстандык атайын каттам менен алып келинди
12:49
Билим берүү министрлиги 1-сентябрга кандай даярдык менен барарын айтты
11:54
Бишкекке Бангладештен 103 кыргызстандык жана коңшу өлкөнүн жарандары келди
11:48
Бишкекке Түркиядан 232 кыргызстандык кайтып келди. Арасында балдар бар
15:09
Бишкектин Октябрь районунун акими Ситников кызматынан бошотулду
14:28
Кыргызстанда РФ Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүүгө добуш берүү кандай өттү
11:28
"Гансиде" пневмония болгондорду кабыл алуу үчүн 600 орун даярдалды.
11:20
Мэр Суракматов: рейддин санын көбөйтүп, айып пулду эскертпестен салабыз!
11:19
Мэр Азиз Суракматов COVID-19дан айыгып, ишке чыкты
Бардык кабарлар

Эзелки Нерехтанын кенчи. Бир көрбөсө адамды арманда калтырчу калаа

Дүйнө жаңылыктары / Интересное
10
0

Андыктан көчөлөрүн жана дайра жээгин жалгыз деле аралай, аралыкты да эч кыйналбай сактоо менен саякаттай аласыз.

Чындыгында ушул тапта Кострома облусуна башка аймактардан келгендер милдеттүү түрдө эки апта обочолонууга тийиш. Бирок бул талап да бир күнү бүтөрү түшүнүктүү эмеспи. Керемет жайлардын бирине саякаттоого биздин өнөктөш РИА Новости агенттигиндеги кесиптешибиз Ирина Толстошеева чакырат. 

Өз доорундагы калыбынан жазбаган шаар

Нерехта дайрасынын жээгиндеги ушундай эле аталыштагы калаа XIII кылымдагы летопистерде камтылат. Костромага чейинки аралык — 40 чакырым. XVIII жүз жылдыктан бери бул – маанилүү соода жана өнөр жай (болотнай мануфактуралары) шаары. Оймолонуп-чиймеленген түстүү эшик-терезелүү имараттарды убагында оокаттуу кол өнөрчүлөр, соодагерлер курган. 

Цветы на входе в Троице-Сыпанов монастырь
© ФОТО / ИРИНА ТОЛСТОШЕЕВА
Нерехта Троице-Сыпанов чиркөөсүнүн кире беришиндеги гүлзар

Калаанын чордонундагы Эркиндик аянтында — XIX кылымдан берки таштан тургузулган соода катарлары. Кыйла дурус сакталган, азыр мында дүкөндөр да бар. 

Площадь Свободы в городе Нерехта
© ФОТО / ИРИНА ТОЛСТОШЕЕВА
Эркиндик аянты

Жанында аймактагы эң бийик имарат – Казань соборунун 60 метрлик коңгуроо мунарасы турат. Жаңы бышкан нандын жыты келсе, таң калбаңыз. XVIII кылымда Петр Iнин Жарлыгы менен курулган имаратты совет убагында нан комбинатына беришкен. Куполасы да, ички жасалгасы да сакталбай калган. XIX жүз жылдыктын 40-жылдары тургузулган коңгуроо мунарасы гана бузулган эмес. 

Дорога у колокольни Казанского собора
© ФОТО / ИРИНА ТОЛСТОШЕЕВА
Казань соборунун коңгуроо мунарасына алып барчу жол

Соода катарларын аралап отуруп, Нерехтанын жээгине чыгасыз. Анын жээгинде – бой тиреген калың камыштар. Дээрлик ар бир үйдөн ал сууга тактайдан жасалган секиче чыгат, балапандарын ээрчиткен өрдөктөрдү көрө аласыз. Мында азыр деле апалардын дайрада кир чайкаганын көрсөңүз чочубаңыз.

Байыркыдан бизге өткөн керемет

Эркиндик аянтында "тумшук-үй" бар, тегеректелген бурчтары жана керилген формаларынан улам ушундай аталган. Ал зыгыр саткан соодагер Хвориновдордун үй-бүлөсүнө таандык болчу. Бул заңкайган үйдө 1798-жылы жолдон аталган калаага токтогон император Павел I уулдары менен бир нече күн жашап кеткен.

Модерн стилиндеги дагы бир үй да өзгөчө имарат. XX кылымда бул жерде дарыкана болгон, ушул тапта анын ордунда край таануу музейи иштейт. Нерехтанын кулуну Елена Дьяконованын элесине арналган экспозиция да бир көрүүгө арзыйт. 

Улица Нерехты
© ФОТО / ИРИНА ТОЛСТОШЕЕВА
Нерехтанын бир көчөсү

Бай көпөстүн кызы 11 жашынан бери болгон окуяларды сүрөттөп, күндөлүк жазат. Ал кыз дилгирлик менен көп окуп, феминисттик кыймылдын тарыхына кызыккан. Сорбонна юридикалык факультетине тапшырган бийкеч Россиянын айым юристтеринин карлыгачы болмок. Бирок 27 жашында Австрияда түшүнүксүз жагдайда каза табат. Дайынсыз жоголуп, бир айдан кийин буттары сынган, жылаңач денеси тоо булагына жакын жерден табылган. 

Торговые ряды в городе Нерехта
© ФОТО / ИРИНА ТОЛСТОШЕЕВА
Соода катарлары

Елена Дьяконованын сөөгү кичи мекенине коюлган. Дьяконовдордун жайкы дачасы жайгашкан Якушовка кыштагынан бул жакка көчүрүлгөн эки кабат жыгач үй азыр да сакталып калган.

Храмдардын "мончогу"

Байыркы калааны үстүнөн көрүп суктануу үчүн Богоявление чиркөөсүнө барыңыз. Туристтерге анын коңгуроо мунарасына чыгып (эң оор жана өтө ыңгайсыз тепкич менен), жети коңгуроону кагууга уруксат берилет. 

Церковь Богоявления зимой
© ФОТО / ИРИНА ТОЛСТОШЕЕВА
Богоявление чиркөөсүнүн кышкысын көрүнүшү

1767-жылы храмды бир тууган ярославдык Шустовдордун артели кооздогон. Чеберлер суу боек менен жаңыдан шыбалган дубалдардын бооруна жана шыпка бир сюжеттеги сүрөт тартышкан. Көз жоосун алган бул кооздуктан узакка көз ала албайсыз. 

Преображенская церковь
© ФОТО / ИРИНА ТОЛСТОШЕЕВА
Преображенск чиркөөсү

Негизи Нерехтада жергиликтүү көпөстөрдүн каражатына Петра Iнин Жарлыгы менен курулган жети таш храм бар. Алардын баары 1930-жылдары бузулуп, бирок 1980-90-жылдары кайра калыбына келтирилген. Чиркөөлөр бири-бирине абдан жакын жайгашкан, андыктан бир-эки саатта кыдырып чыгууга жетишесиз. Айрымдары учурда иштейт. 

Колокольня церкви Богоявления
© ФОТО / ИРИНА ТОЛСТОШЕЕВА
Богоявление чиркөөсүнүн коңгуроо мунарасы

Арасында эң эзелкиси — Владимир чиркөөсү. Ал XVII кылымдын аягында мурдагы Богородин Сретень монастырынын ордуна курулган. Ичине кирүүгө мүмкүн эмес, себеби таш коргон менен курчалган имаратка киши киргизилбейт. 

Владимирская церковь в Нерехте
© ФОТО / ИРИНА ТОЛСТОШЕЕВА
Владимир чиркөөсү

Калаа чордонуна жакын эки кабат Воскресение храмы турат. Кеме сымал бир сызыкта курулган. Совет убагында бул турак үй болгон.Роспись в Преображенской церкови

Преображенский (Ильинский) чиркөөсү москвалык храмдарга түспөлдөштүрүлүп, соңку барокко стилинде тургузулган.

Троице-Сыпанов монастырь

Нерехтадан бир чакырым аралыктагы Троица кыштагында Троице-Сыпанов Пахомо-Нерехтинский монастыры бар.

Вид на Троице-Сыпанов монастырь 

Ал XIV кылымда Сергий Радонежский Пахомийдин шакирти менен негизделген. Бул – азыр аялдардын монастыры, XVII кылымдын аягындагы Троицкий собору жакшы сакталып калган. Мында каалаган киши көрө ала турган Пахомий Нерехтинский булагы жана роза гүлзары бар.

***

Церковь Воскресения зимой

Макала жарыяланган маалда Кострома облусунда жергиликтүү тургундар үчүн обочолонуу режими жоюлду. Мындан ары музейлерди ачык асман алдында кыдырып, айрым парк жана скверлерде сейилдеп, кафе-верандаларында сергип, мейманканаларда жашай алышат.



Дагы: https://sputnik.kg/Russia/20200625/1048800422/ezelki-nerekhta-boyuncha-zhasalgan-kyzyktuu-material.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно