29-январда Акүй аппараттынын башчысы Райнс Прибус президент Дональд Трамптын жарлыгы менен киргизилген иммиграциялык чектөөлөр боюнча пикирин билдирип, жарлыкты жактап чыкты. Күн мурун федералдык судья өлкөдө мыйзамдуу жүргөн адамдарды Кошмо штаттардын аймагынан чыгарууга тыюу салган токтом кабыл алган.
Райнс Прибус NBC телеканалына берген маегинде 29-январда АКШ аэропортторунда миңдеген жүргүнчүлөр чектөө чараларын айыптап нааразылык акциясын өткөргөнүн четке какты. Ал ошондой эле өлкөгө 28-январда учуп келген 325 адамдын 109у текшерүү үчүн кармалганын билдирди.
28-январда Нью-Йорктогу аймактык судья Энн Доннели АКШнын визасына ээ, расмий качкын макамы жана АКШнын аймагында жүрүүгө уруксаты бар адамдарды өлкөдөн чыгарууга тыюу салган токтом кабыл алган.
Дональд Трамп өлкөнү «чет өлкөлүк террорчулардан» коргой турганын убалалап, 27-январда жаңы иммиграциялык эрежелерди киргизген. Ага ылайык, Иран, Ирак, Сирия, Судан, Ливия, Йемен жана Сомали өлкөлөрүнүн жарандарынын АКШга кирүүсүнө 90 күнгө тыюу салынган.