Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов 30-январда 79 жашка толмок. Бул датанын алдында өлкө башы Шавкат Мирзиёев Каримовдун элесин түбөлүккө калтыруу боюнча токтомго кол койгон.
Токтомго ылайык, мындан ары Өзбекстан 30-январда Ислам Каримовдун туулган күнүн, 2-сентябрда Эскерүү күнүн белгилейт. Мындан тышкары Ташкенттеги мамлекеттик техникалык университетке, Асакадагы автонуаа заводуна, Ферганадагы өнөр сарайына, Ташкенттеги эл аралык аэропортко жана өлкө шаарларынын борбордук көчөлөрүнө Каримовдун ысымы ыйгарылат.
Ислам Каримовун сөөгү жашырылган Самаркандда мемориалдык комплекс тургузулат. Өзбекстандын биринчи президенти 2016-жылы 78 жаш курагында мээсине кан куюлуп көз жумган.
30-январда Ташкентте президентти эскерүү иш-чаралары өтүп, телеканалдар анын элесине арнап даректүү тасма көрсөтүштү. Бирок фильмде Каримовдун жеке турмушу – үй-бүлөсү тууралуу баяндалган эмес.