АКШ бийлиги өлкөгө 870тен ашуун бозгундун кирүүсүнө уруксат берди. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын бажы жана чек ара кызматынын башчысы Кевин Макалинан билдирди.
Бозгундар иммиграциялык саясат жөнүндөгү жарлыкка кол коюлганга чейин Америкага кирүүгө уруксат алышкан.
27-январда Трамп качкындардын жана Ирак, Сирия, Иран, Судан, Ливия, Сомали жана Йемен жарандарынын АКШга иммиграциясын 90 күнгө токтотуу жарлыгына кол койгон.
Трамптын мындай кадамын Американын бир нече дипломаты кубаттаган эмес. Коргоо министри Жим Мэттис, ички коопсуздук министри Жон Келли жана болочоктогу мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон Трамптын көрсөтмөсү боюнча кеңири маалыматка ээ эместигин билдиришкен.
Трамп 30-январда президенттин жарлыгын аткаруудан баш тартып, документ Конситуцияга төп келеби деп суроо салган юстиция миинстринин милдетин аткаруучу Салли Йетсти отставкага кетирген.