Санкт-Петербург полициясынын маалыматы боюнча 22 жаштагы аял мас абалында кичинекей наристесин Пулковский паркына таштап кеткен. Бул боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштери бүткүчөктү бала ооруканада болот.
Пулковский паркына ташталган колясканы жергиликтүү тургун байкап калып, полицияга кайрылган. Окуя 29-январда болгон. Полиция кызматкерлери он айлык баланы дароо ооруканага алып барышкан.
Ымыркайдын энеси өзбекстандын жараны экени аныкталып, ал шалаакылык боюнча айыпталып, полиция бөлүмүндө сурак берип жатат.