Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

Россия кимге кандай гуманитардык жардам көрсөтүүдө. Маалымат картасы

Дүйнө жаңылыктары
303
0

Базадагы 65 мамлекеттин ичинде Кыргызстан да бар.

КМШ, чет жакта жашаган мекендештер жана эл аралык гуманитардык жардам боюнча федералдык агенттик (Россотрудничество) Россия кимге кандай жардам көрсөткөнү тизмектелген маалымат базасын түздү. Бул тууралуу уюмдун сайтында айтылат.

Жетекчиси Евгений Примаков Россиянын башка мамлекеттерге гуманитардык колдоо көрсөтүү жаатында кандай иштерди жасап жатканын чет жактын тургундары билбей каларын белгилеген.

"Ал жакта ким кимге канча бергенин билишпейт. Чет жактагы иштерибиз тууралуу маалымат жок”, — деди Примаков.

Долбоорду түзүүчүлөрдүн бири Михаил Петросян гуманитардык карта ЖМК, элчилик жана башка уюмдардан чогултулуп бир жерге топтолгон база экенине, мындай аракет Россияда биринчи жолу ишке ашып жатканына токтолду. Анын айтымында, долбоордун алкагында краудсорсинг, башкача айтканда, маалыматка эгедер кишинин тизмени толуктоо мүмкүнчүлүгү каралган.

Карта менен шилтеме аркылуу таанышууга болот. Кыргызстанды басып, Россия республикага саламаттык сактоо жаатында жардам бергени айкын көрүнөт.

Жыл башынан бери өлкөгө көрсөтүлгөн колдоо:

  • 4-февралда коронавирусту аныктоо үчүн 500 тест-система келген;
  • 3-15-март күндөрү Россиядан 7 600, ал эми 21-мартта Роспотребнадзордон 10 миң кишинин диагнозун аныктоого жеткидей тест-системалар жеткирилген;
  • 6-апрелде Роспотребнадзор тест-системанын 256 топтомун жөнөткөн;
  • 10-апрелде Роспотребнадзор өткөрүү пунктуларын жабдуу үчүн 10 инфракызыл термометр менен камсыздаган;
  • 14-апрелде Бишкекке эпидемиологиялык кырдаалды баалоо үчүн Роспотребнадзор менен РФтин Саламаттык сактоо министрлигинин адистери келип, Кыргызстандын медициналык мекемелеринде консультация беришкен. Россия тарап кошумча дагы 20 миң тест тапшырган;
  • 3-июлда Бишкекке Роспотребнадзордун адистери келип, Саламаттык сактоо министрлигинде сүйлөшүүлөр жүргөн. Мындан тышкары, алар Улуттук госпиталь жана башка ооруканаларга барып, коронавирусту аныктоого 30 миң тест-система алып келишкен;
  • 22-июлда РФ Коргоо министрлиги Кыргызстанга алты медицина бригадасын (19 киши), жабдуу, жеке коргонуучу жана дезинфекциялоочу каражат, дары-дармек жөнөткөн;
  • 23-июлда РФтин ӨКМинен Кыргызстанга Саламаттык сактоо министрлиги менен Роспотребнадзордун 49 адиси келген. Алардын курамында анестезиолог-реаниматологдор, инфекционисттер, терапевттер, кардиологдор, пульмонологдор болгон. Россиялык делегация 50 миң изилдөөгө жеткидей ПЦР-тест жана реагенттерди тапшырган;
  • 26-июлда РФтин ӨКМи көчмө рентген аппараттары, керебеттин жанына коюлуучу мониторлор, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат, дары-дармек жана хирургиялык бет каптардан турган гуманитардык жүк жөнөткөн;
  • 2-августта "Фармстандарт” компаниясы Кыргызстан менен Россиянын сүйлөшүүлөрүнүн алкагында 51 миллион рублдик жардам көрсөткөн. Анын ичинде 100 коргоочу комбинезон, 24 729 үч кат бет кап, 5 248 коргоочу көз айнек жана башка жабдуу бар.

Бүгүнкү күндө маалымат базасында Россия колдоо көрсөткөн 65 өлкө бар. Берилген 220 жардам катталган. Маалыматтар 400дөн ашуун булактан чогултулууда.



Дагы: https://sputnik.kg/Russia/20201123/1050535245/rossiya-kimge-kandaj-gumanitardyk-zhardam-korsotuudo.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно