Укранинада НАТОго кошулуу боюнча референдум өтөт. Бул тууралуу өлкө президенти Петр Порошенко Berliner Morgenpost гезитинге берген маегинде билдирди.
Порошенконун айтымында, төрт жыл мурун калктын 16% НАТОго кошулууну колдосо, азыр бул көрсөткүч 54 % түзөт. Буга чейин Порошенко аскердик блокко кошулуу Украинанын стратегиялык максаты экенин билдирген.
Бул арада The Wall Street Journal басылмасы көз карандысыз булактарына шилтеме берип кабарлагандай, Орусияны көкүтпөө үчүн НАТО Европадагы ракетага каршы коргонуу маселеси боюнча Киев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрбөй турган болду.
Басылманын маектештеринин бири Украина менен сүйлөшүүлөр өтсө, Москва муну туура эмес жоромолдоп алуусу мүмкүн экенин айткан. Гезиттин башка булактары болсо АКШ президенти Дональд Трамп НАТОнун Москва менен тыгыз алакада болуусуна аракет жасап жатканын байкашкан.
Кремль НАТОнун кеңейишине кабатыр экенин бир нече сапар билдирген. Орусия эгер уюмдун объектилери өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч жарата турган болсо, ракеталык чабуулга кабыларын эскерткен.