Бүгүн:

Акыркы кабарлар

15:53
Борбор калаанын чок ортосунда Бишкек баатырдын эстелиги ачылды.
16:24
Кайрымдуулук кылалы. Жапаров Орозонун башталышы менен куттуктады
16:23
Канча малы бар адам зекет бериши керек. Муфтияттын түшүндүрмөсү
16:21
Окуу жайлар жылына эки ирет абитуриент кабыл алат. Токтом өкмөттө каралууда
15:22
Новиков адам уурдоодо ыкчам реакция кылуу алгоритмин иштеп чыгууну сунуштады
15:20
Кыргызстанда угуусу начар балдар үчүн ыңгайлуу тиркеме иштелип чыкты
12:38
Пакистан Кыргызстанга 1,4 тонналык гумжардам берди.
12:33
Токмокто участкадан тышкаркы 3 тилкеде добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыкты
11:51
Жапаров: эл жаңы Конституцияны колдоп берсе бир катар мыйзамдар өзгөрөт
17:01
Кыргызстанда алгачкы жолу ректорлордун эл аралык форуму өтөт
17:01
"Торугарт", "Эркеч-Там" жана Sinopharm боюнча сүйлөштү. Марипов кытай элчисине жолукту
16:57
"Кыргыз темир жолу" ишканасына жаңы жетекчи дайындалды
15:07
Муфтият 2021-жылдагы битир-садаганын өлчөмүн жарыялады
11:10
7-апрелде кыргыз эли бийликтин ээси экенин даңазалады. Жапаровдун кайрылуусу
15:34
Ашууларга кар көчкү түшөт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
15:24
Эми Кыргызстанда документтер кагаз түрүндө талап кылынбайт.
15:22
Кыргыз бийлиги COVID менен күрөшүүгө 2,4 млрд. сом камдап жатат
15:21
Министрлик: Бишкек эпидемиологиялык абал боюнча кызыл зонага кирди
15:17
Президент Жапаров спортчуларды майрамы менен куттуктады
12:35
Бейшеналиев: Россиядан 500 миң доза вакцина сатып алууга буюртма бердик
12:34
Кыргызстан "Спутник V" вакцинасын сатып алуу үчүн 215 млн. сом даярдады
12:32
Майдан тарта ID-карта акысыз бериле баштайт. Өкмөт шартын түшүндүрдү
12:30
Жапаров Түштүк Кореядан студенттер үчүн квота сурады
16:09
"Манас" аэропорту тышкы башкарууга берилеби?
16:08
Кайгуул милициясы 47 вакансияга сынак жарыялады. Шарт-талабы
15:57
Кыргызстанда апрель айында күйүүчү май дагы кымбаттайт
15:55
Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдында эки митинг өтүүдө.
15:53
Министрлик дүйнөдөгү табигый кырсыктардан улам кыргызстандыктарга кайрылды
15:26
Жапаров афган кыргыздарын кышка чейин көчүрүп келүү ниетин билдирди.
13:41
ИИМ башчысынын орун басары Каниметов иштен кетип, ордуна Абдиев келди
13:25
Салык кызматы жыл башынан бери канча каражат жыйнаганы жарыяланды
13:19
Мурдагы вице-мэр Алымкулов менен УКМК кызматкери эки айга камалды
13:35
Ысык-Көлдө боло турчу ири марафонго ыктыярчылар керек.
13:30
Казакбаев Лавров менен жолугуп, аба каттам, вакцина тууралуу сүйлөштү
13:27
2020-жылы ыктыярчылар өз күчүн көрсөттү. КРдеги россиялык мекендештер тууралуу
13:23
Жапаров: Россияга каттаган рейстер менен авиабилет баасын өз көзөмөлүмө алдым
13:22
Милиция кичинекей баланын 3-кабаттан кулаган окуясы боюнча иш козгоду
13:13
Жапаров өзгөчөлөнгөн 125 кыргызстандыкка мамлекеттик сыйлык тапшырды
15:02
Жалал-Абад менен Намангандын жетекчилери жолугуп, кызматташууну талкуулады
12:03
Жапаров Түрк кеңешинин жыйынына катышып, эл аралык маселелерди талкуулайт
12:00
Парламент Сотторду тандоо кеңешинин 9 мүчөсүн шайлады.
11:59
Садыр Жапаров дагы бир жетекчиге генерал наамын берди
11:45
Кыргызстан "Спутник V" вакцинасын мигранттардын эсебинен сатып алууну көздөөдө
11:39
Кыргызстанда тигүүчүлөрдү колдоо үчүн ири индустриалдык парк ачылат.
11:01
"Мекеним Кыргызстандын" лидери Мирлан Бакиров Маммүлктүн төрагасы болду
Бардык кабарлар

Климатты бетке кармап... АКШ кантип жашаш керектигин үйрөтүүгө өтчүдөй

Дүйнө жаңылыктары / Редактордун колонкасы
12
0

Кырк дүйнөлүк лидер чакырылган конференция түз эфирде өтмөкчү

Кошмо Штаттардын жаңы администрациясы бул иш-чара аркылуу бир ок менен эки эмес, ондогон "коёнду" атууну көздөгөндөй. Климат маселесине кайрылуу менен демократтар мурдагы президенттин саясатынан четтегенин көрсөтүүгө басым жасайт. Себеби Трамп болгон ыкмалар менен экология көйгөйлөрүн тоготпой, ал тургай өлкөсүн Климат боюнча Париж келишиминен да чыгарып алган эмеспи. Кырдаалга РИА Новости баам салды.

АКШнын аталган макулдашууга кайрадан кайтышы держава бул багытта мындан ары ишин улай берерин, ушул маселеде дүйнөлүк лидерликти кайра колго алууга даяр экенин көрсөтүүгө Жо Байденге чоң мүмкүнчүлүк жаратат. Ошону менен бирге эле бул көйгөй эбактан бери эле америкалык менен европалыктар үчүн өз атаандаштарынын экономикалык жактан да, геосаясий багыттан да өр алышын ооздуктоочу сыйыртмакка айланып калган. Анан да Батыш үстөмдүгүнөн тайып бараткан доордо экология темасы алардын бетке кармай турган сейрек темаларынан. Маселен, 2023-жылы ЕБ парник газы көп импорттук өндүрүмдөргө көмүртек салыгын киргизмекчи. Башкалар менен катар мунай, газ, металл, жер семирткичтер, цемент, айтор, россиялык экспорттун басымдуу бөлүгү бул категорияга кирет. Глобалдык-узак мөөнөттүк аспектилерден тышкары алдыдагы саммиттин тезинен чечилчүлөрү да бар. Алардын эсебинен АКШ Ак үйү өзүнө болушунча пайда алууга умтулат.

 

Бирок Россия менен Кытай лидерлери мамлекеттерине карата чектөөлөр улам жаңыртылып жаткан шартта бул иш-чарага чакыруу алып турушат. Россия тышкы иштер министри саммиттин демилгечилери тарабынан бир топ убакыттан бери уланып келе жаткан саясатты: "Батышта классикалык – бири-бирин тыңдап, кызыкчылыктардын балансын таба билген дипломатияны колдонуудан тайышты" деп мүнөздөдү.

Жо Байдендин келиши менен мурдагы президент түптөп кеткен кытайга каршы багыттын жумшарышы күтүлгөн. Жаңы лидер өзү да Пекин менен болгон алакада трамптык жаңжалдуулукту "атаандаштык алкагынан" чыкпаган деңгээлге чыгарарын билдирген эле. Бирок кырдаал начарлап гана барат. Трамп негизинен экономикалык мейкиндикте гана – кытай товарларына чектөөчү пошлиналарды киргизсе, демократтар айланасындагыларды демократия, адам укуктары жана экологиялык жоопкерчилик деген идеологияны үйрөтүүгө жан үрөшөт.

Кытай кайрадан айыптоолордун жаңы толкунуна кабылды. Ушул тапта негизинен уйгур темасы менен сокку урулууда. Пекин да буга тим калбады. Кошмо Штаттар Кытайдын жооп катары көргөн чараларын негизсиз деп атады. Болгондо да кара тизмеге АКШнын расмий өкүлдөрү эмес, кытайга каршы кампанияны колдоого алган белгилүү бренддер кирди. H&M, Nike жана Adidas өңдүү маркалар эбегейсиз рыноктон кол жууп калуу коркунучунда турат.

 

Климат боюнча саммит Вашингтонго атаандаштарына таасир этүүнүн кошумча рычагын да камсыздап берет. Эгер Путин менен Си мырзалар конференцияны көз жаздымда калтырса, аларды адамзаттын жана өз өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарын ойлобогон жоопкерчиликсиздикке айыптоого шылтоо табылат. Эгер россиялык жана кытайлык лидерлер саммитке катыша турган болсо, өз үстөмдүгүн көзгө сая көрсөтүүгө болгон аракетин жасай турганы шексиз.

Аляскадагы жаңжалдуу сүйлөшүүлөрдөн соң Кошмо Штаттар дипломатиялык протоколдун сакталышына үмүт этип деле кереги жок. Ал эми түз эфирдеги онлайн-формат Вашингтондун каалаганын кылууга шарт түзүп берет эмеспи. Ошентсе да АКШнын амалкөй планында маанилүү бир аспект камтылбай калгандай. Батыш акыркы кадамдары менен орус-кытай союзун бекемдеп койду. Сергей Лавровдун жакында эле Кытайга болгон визити муну айгинелейт. Андыктан Вашингтондун кандай гана чагымчылык жана амалдарына Россия менен Кытай биргеликте каршы турарын, мындан улам америкалыктар өздөрү күтүүсүз жагдайларга кабыларын болжоого болот.

Дагы: https://sputnik.kg/world/20210330/1051945641/aksh-kantip-zhashoo-kerektigin-ujrotot.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно