АКШда аппеляциялык сот президент Дональд Трамптын иммиграциялык жарлыгынын күчүн калыбына келтирүү тууралуу Юстиция министрлигинин суроо-талабын четке какты. Буга чейин Сиэтлдин Федералдык соту иммиграциялык эрежелерди катаалдатуу тууралуу өлкө башчынын жарлыгын токтотуу чечимин кабыл алган.
Сот чечиминен кийин көптөгөн эл аралык авиажүргүнчүлөрдүн Кошмо Штаттарга учуп баруусуна уруксат берилди. Авиакомпаниялар АКШга барчу каттамдарга америкалык визага ээ адамдарды кабыл ала тургандыктарын билдиришти. Өлкөнүн Ички коопсуздук министрлиги жарлыкта айтылган өлкөлөрдүн жарандарына АКШга келүүгө тыюу салынгандыгы тууралуу эскертүү жиберүүнү токтотту. Ошондой эле чет өлкөлүк жарандардын кайрадан стандарттуу жол-жоболор менен текшериле баштаганы кабарланууда.
Трамптын жарлыгынын күчүн калыбына келтирүү өтүнүчү менен сотко кайрылгандардын бири, Вашингтон штатынын башкы прокурору Боб Фергюсон бул чечим АКШда Конституциянын үстөмдүгү өкүм сүрөрүн көрсөткөнүн билдирди. Ал президент дагы мыйзамдан бийик боло албастыгын белгиледи.
Ислам дини басымдуулук кылган жети өлкөнүн жарандарынын АКШга кирүүсүнө тыюу салуу тууралуу жарлыкка Трамп 27-январда кол койгон. Ошол эле жарлык менен Сириядан качкындарды кабыл алуу 120 күнгө токтотулган.