Шаршемби күнү АКШнын Мамлекеттик катчысы Блинкен Орусиянын Тышкы иштер министри Ловров менен жолукту. Эки жетекчи Орусия менен АКШ ортосунда "олуттуу кайчылаш пикир бар” экенин белгилеп, бирок кызыкчылыктар дал келген аймактарда кызматташууга даяр экенин айтышты.

Блинкен мырза АКШнын президенти Орусия менен "ырааттуу жана туруктуу” мамиле каалап жатканын белгиледи. Президент Путиндин басма сөз катчысы Песков болсо, санкциялардын алынганын "жагымдуу белги” деп билдирди.

Германиянын расмийлери дагы санкциялардын алынганын кубаттап, аны "конструктивдүү кадам” катары мүнөздөштү. Бирок Украинанын расмийлери болсо, АКШнын санкцияларды кайра киргизүүгө үндөп жатышат.