Азербайжан менен Армения кайрадан тирешүүдө. Баку алты армян аскери мина коюп жаткан жеринен кармалды деп айтып чыкты. Еревандын айтымында, аскерлер өз аймагында чек араны чыңдоо иштерин жүргүзүп жаткан.

Азербайжандын Коргоо министрлиги "таңкы саат 03:00 чамасында Армениянын куралдуу күчтөрүнө таандык диверсиялык-чалгынчы тобу чек араны кесип өтүүгө аракет кылганын" айтууда. Бул Келбажар районунун аймагында болду дейт Азербайжан тарап.

Алты аскер кызматкери "чек арадагы азербайжандык аскер турумдарына бара турган жолго мина койгонго аракет кылган" деп айтылды. Алар курчоого алынып, туткунга түшүрүлгөн деп айтылат Баку тараткан билдирүүдө.

Армениянын Коргоо министрлиги алты аскер кызматкери өз аймагында инженердик иштерди жасап жүргөн жеринен туткундалып кеткен дейт. Көп өтпөй Армениянын премьер-министринин милдетин аткаруучу Никол Пашинян аскер кызматкерлери мина коюп жатканын ырастап, бирок диверсия боюнча айыптоолорду четке какты.

Эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги удаасынан билдирүү таратты. Азербайжан тарап армян аскерлери чек араны кесип өтүү менен өткөн жылы кабыл алынган үч тараптуу келишимди бузду деп билдирди. Бул келишим Москванын активдүү катышуусу менен ишке ашканы бар. Ошол эле маалда Армения тарап алты аскери өз аймагында болгонун айтууда.

Армения-Азербайжан чек арасындагы Гегаркуник жана Сюник аймактарындагы кырдаал 12-майдан бери чыңалган абалда турат. Армения тарап Азербайжанды чакан аскер бөлүктөрү менен чек араны кесип өтүүгө аракет кылды деп айыптаган. Буга байланыштуу Армения ЖККУга кайрылган.

Пашинян армян-азербайжан чек арасындагы Сюник облусундагы кырдаал боюнча орус президенти Владимир Путинге аскердик жардам сурап кайрыла турганын билдирди. Азербайжан Тышкы иштер министрлиги Еревандын реакциясын сынга алды. Эки күн мурун чек арадагы Гегаркуник аймагында ок атышуу болгон эле. Армениянын Коргоо министрлиги чек ара тозотуна ок атылганын айткан.

https://www.bbc.com/kyrgyz/world-57259434