Би-Би-Сиге белгилүү болгондой кытай бийлиги Шинжаңдагы уйгурларга кишинин эмоционалдык абалынан тааныган камераны сыноодон өткөрүүдө. Бул үчүн жасалма интеллект технологиясы колдонулуп жатат.
Ысымын жашыруун калтырууну өтүнгөн программалык камсыздоо боюнча адис ырастагандай, мындай камералар полиция бөлүмдөрүнө орнотулган. Бул тууралуу материалдарды көрсөтүшкөндө, укук коргоочу аял муну үрөй учурарлык деп мүнөздөдү.
Кытайдын Лондондогу элчилиги бардык этностор саясий жана социалдык укуктар менен камсыздалганын белгилеп, конкреттүү айыптоолорго жооп берген жок.
Шинжаң - 12 миллион уйгурдун мекени жана алардын көпчүлүгү мусулмандар. Провинциянын тургундары такай көзөмөл алдында. Бул жерде укук коргоочулар "катаал режимдеги лагерлер" атаган "кайра тарбиялоо борборлору" бар. Болжолдуу маалыматтарга караганда миллиондон ашуун киши ушул лагерлер аркылуу өткөн.
Бээжин мындай чаралар зарыл экенин айтып, муну жикчилдер тарабынан уюштурулган террордук чабуулдарды алдын алуу аракети деп түшүндүрүп келүүдө.
IT адиси коопсуздук маселесинен улам Би-Би-Синин "Панорама" программасына анонимдүү интервью берүүгө макул болду. Ал иштеген компания дагы аталган жок.
Ал "Панорамада" эмоциядан тааныган камералардын уйгурларга сыналганы боюнча беш сүрөттү көрсөттү.
"Камера кишиден үч метр аралыкта жайгаштырылат,-деп түшүндүрдү ал. - Калпты аныктоо сыяктуу, бирок андан жакышарак иштелген".
Анын айтымында жасалма интеллект кишинин жүзүндөгү билинер-билбес өзгөрүүлөрдү ажыратат. Бул монитордун экранындагы түстүү тегерек диаграммага окшош, анда кызыл секторлор терс маанайды же тынчсызданууну көрсөтөт. Ушунун негизинде башка далилдер көрсөтүлбөй туруп эле кишилерге карата өкүмдөр чыгарылат дейт IT адиси.
Лондондогу Кытай элчилиги бул боюнча кайрылуубузга жооп берген жок.
"Бул маалымат өтө тынчсыздандырат",-деди Би-Би-Сиге келген материалдар менен таанышкан Human Rights Watch уюмунун Кытай боюнча жетекчиси Софи Ричардсон. Анткени кысым жана басым алдында болгон киши дайым беймаза болуп, тынчсызданат. Стресс абалында турганда аны күнөлүү кылып таанып, жазалоо акылга сыйгыс дейт ал.
Колорадо университетинин Кытай боюнча эксперти Даррен Байлердин айтымында, уйгурларды ДНК үлгүлөрүн жергиликтүү бийликке такай тапшырып турууга милдеттендиришкен. Ошол эле маалда жүздү сканирлөө жана телефонундагы байланыштар тууралуу маалымат бере турган шилтемелерди жүктөп алууга мажбурлашат.
"Кишинин кыймыл-аракетин анын смартфону аркылуу байкап турушат. Ал ар дайым жаныңда болушу керек, эгер смартфонсуз бир жакка барсаң, сени камап коюшу мүмкүн. Мында кутула албайсың",-деди Даррен Байлер.
Бул маалыматтардын чоң бөлүгү атайын компьютердик системага түшөт. Мунун максаты өзүн шектүү алып жүргөндөрдү ажыратып таануу. Бул истема шектүүнүн кыймыл-аракетин баалайт. Маселен, эгер киши үйүнөн арткы эшиги аркылуу чыгып кетсе, башка эле бир автоунаага май куйса деп түшүндүрдү Ричардсон.
"Бийлик үйлөрдүн эшигине QR коддорун жайгаштыра баштады. Анткени ал жакка кимдер кирип-чыгып турганын билүү керек",-деп кошумчалады ал.
Америкалык IPVM изилдөө тобу жаңыдан пайда болуп жаткан кишини жүзүнөн тааный турган технологиялар уйгурларды өзүнө ажыратып биле турганы боюнча далилдер бар экенин айтып чыккан. Бирок кытайлык компаниялар муну четке кагышкан.