Синьхуа мамлекеттик агенттиги кабарлагандай, Коммунисттик партиянын жогорку жетекчилери менен жолугушууда Си Цзиньпин "ишенимге арзыган, жагымдуу жана кадыр-барктуу Кытайдын" образын түзүү маанилүү деп эсептейт.

Кыязы, бул барган сайын антагонисттик мүнөзгө айланган кытай дипломатиясын өзгөртүү аракети болушу мүмкүн. Си Цзиньпиндин билдирүүсү Кытайдын дүйнөдөгү негизги ири державалар менен мамилеси бузулуп жаткан учурда айтылды.

Кытай уйгурларга, мусулман азчылыктарына карата катаал мамиле кылып, адам укугун тебелеп жатат деген сынга кабылды. Ошол эле маалда Гонконгдогу демократияны жактагандарга карата репрессия кылып жатканы боюнча айыптоолорго туш болуп жатат.

Мындан бир күн мурун Бээжин Covid-19дун келип чыгышы боюнча америкалык изилдөөгө каршы кескин пикирин билдирип, АКШны "саясий манипуляция кылууда жана күнөөнү оодарууда" деп айыптады. Изилдөөдө вирус кытайлык лабораториядан тарашы мүмкүн деген божомолдор айтылган эле.

Си Цзиньпин аткаминерлерге Кытай көз карашын позитивдүү көрсөтүүсү маанилүү деп айткан.

"Эл аралык коомдук пикир жөнүндө сөз болгондо, дайыма досторду табуу жана чөйрөсүн кеңейтүү, көпчүлүктүн пикирин кармануу маанилүү",-деп айтканын "Синьхуа" агенттиги жазып чыкты.

Синин айткандары Бээжин изоляцияда калганын моюнуна алган сейрек учурлардын бири болду деп белгилейт аналитиктер.

Си Цзиньпин 2012-жылы өлкө башына келген. Анын бийликке келиши менен Кытайдын сырткы саясаты жигердүү боло баштады. Ал эми ички саясатында авторитаризм күчөдү.

line

Анализ

Стивен Макдонелл, Би-Би-Синин Кытайдагы кабарчысы

"Твиттер" аркылуу кытайлык дипломатияга көптөн бери байкоо салып жүргөн кишилер болсо, акыркы жылдары алардын с дипломатиядан алыс болуп баратканын дароо аңдайт. Аларга "жоокер-карышкыр" стратегиясын кармануу сунушталган. Анын ичинде кээде катаал билдирүүлөргө, айрым кезде шылдыңдаган, анан чет мамлекеттердин өкмөттөрүнө тиш салган кескин билдирүүлөргө жол берилди. Си Цзиньпин белгилегендей, кытай бийлиги чын эле жагымдуу көрүнгүсү келсе, анда ал бул мамилени 180 градуска бурушу керек болот.

Филиппинден тартып Австралия жана Европага чейинки кытай өкмөтүнө карата коомдук маанай барган сайын начарлап жатат. Ошонун баарына коомчулук алдында чукул айтылган билдирүулөрдүн дагы кескин таасири болду.

Кыязы, Си Цзиньпинге дипломатияда "жоокер-карышкыр" дайыма эле жакшы жыйынтык алып келбей турганын ынандырышты көрүнөт.

Си Цзиньпиндин Саясий бюрого жасаган кайрылуусунун негизиги өзөгү - партиянын жетекчилигине тышкы дүйнө менен байланыштын "ыргагын көзөмөлдөө" керек деген ишарат катары каралышы керек. Бул ыргак башкарылбай калды дегенди билдиреби? Көпчүлүктүн айтымында, ооба, ошондой.

Кытайдын кадыр-баркына доо кетирген дипломатияны жоюу үчүн риториканы гана өзгөртүү жетиштүү эмес. Ага көп нерсе талап кылынат. Бул үчүн жаңы саясий ыкмалар талап кылынышы мүмкүн. Ошондой эле Башкы катчынын сөзүн туура эмес чечмеленип калышы деле ыктымал. (AbA)