Жакында Австралиядагы суу ташкынынан жабыркаган шаарлардын жанында бак-дарактарды, жолдорду басып калган жайнаган жөргөмүш желеси пайда болду.

Виктория штатындагы Гиппсланд аймагынын тургундарынын айтымында, бир нече күн бою нөшөрлөп катуу жааган жамгырдан кийин алар бак-дарактарды, жолдордун чекебелин бүт жөргөмүш желеси басып калган таң калаарлык көрүнүшкө күбө болушту.

Сел жүргөн аймактын биринде жөргөмүш желеси бир чакырымдан ашык жерге созулуп кеткенин көрүүгө болот.

Эксперттердин айтымында, бул жөргөмүштөрдүн суу ташкын убагында бийик жерге чыгуу үчүн «шар» деп аталган аман калуу тактикасы болушу мүмкүн.

Виктория музейлеринин курт-кумурскалар боюнча ага окутуучусу, доктор Кен Уолкердин айтымында, миллиондогон жөргөмүштөр керектүү учурда айланасындагы бактарга өздөрүнүн ичке жиптерин ыргытып жиберет.

"Жерде жашаган жөргөмүштөр тез арада жогору чыгып кетиши керек. Жибек желе өсүп, өсүмдүктөрдү каптаганда алар аркылуу качып кутулуп кете алат", - деди ал "The Age" гезитине.

Эксперттердин баамында жөргөмүштөр бак-дарактарга чырмалган жиптерин пайдаланып, суудан кутулуп чыгууга аракет кылышат.

СҮРӨТТҮН БУЛАГЫ,CAROLYN CROSSLEY

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Эксперттердин баамында жөргөмүштөр бак-дарактарга чырмалган жиптерин пайдаланып, суудан кутулуп чыгууга аракет кылышат.

Натыйжада, Солей жана Лонгфорд шаарларынын ортосундагы саздак жерлерди баскан узун-узун желе шейшептер пайда болду.

"Көтөрүлгөн толкун"

Жолдун чекесин бүт желе басып калган

СҮРӨТТҮН БУЛАГЫ,CAROLYN CROSSLEY

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жолдун чекесин бүт желе басып калган

Жергиликтүү кеңештин бир мүчөсү Кэролин Кросслинин айтымында, ал дүйшөмбү күнү кечинде суу ташкынынан келген зыянды текшерүү үчүн көлдүн жээгине түшүп, жер жайнаган желеге күбө болду. Кроссли айым мындай көрүнүштү буга чейин көргөнүн, бирок мынчалык масштабда болбогонун айтты.

"Бул эч кандай коркунучтуу болгон жок - ал абдан кооз болчу. Бак-дарактар баары ушул кооз Gossamer желесин жамынып калыптыр", - деди ал Би-Би-Сиге.

"Ошол учурда күн батып бараткан жана жаркырап турган жер абдан кооз болчу. Бул толкун көтөрүлүп, айланасына бүт жайылганын байкадык."

Желе

СҮРӨТТҮН БУЛАГЫ,CAROLYN CROSSLEY

Анын айтымында, бир барактай желеде кыжылдап жайнаган жөргөмүштөр жүрдү.

"Бул жөргөмүштөр өзүнчө эле бир пейзаждык арт-инсталляцияны жасоо үчүн иштеп аткандай сезилди",- деди ал.

Дагы бир жергиликтүү тургун Аманда Трегердин Би-Би-Сиге айтымында, анын үй-бүлөсү алгач желени жолдун чекесине коюлган өзүнчө тосмо экен деп ойлоптур.

"Мен буга чейин көргөн эмесмин,- деди ал. -Бул укмуш көрүнүш болду."

Ушул жуманын аягында үлпүлдөгөн желе жок болуп кетет деп жатышат.

https://www.bbc.com/kyrgyz/world-57500027