Ооганстандан келген кабарларга караганда, талибдер соңку күнү дагы төрт районду өзүнүн көзөмөлүнө алышты. Өкмөт расмий түрдө бул маалыматты тастыктаган жок, бирок соңку айларда бүт өлкөдө болуп жаткан согуштук аракеттер менен бирге Ооганстандын келечеги дагы барган сайын бүдөмүк тартууда.
Кабарларда айтылгандай, талибдердин ийгилиги өлкөнүн түндүк-батышы менен чыгышында болуп жатат. Өкмөт өз кезегинде өлкө батышында Талибандын жүздөн ашык согушкерлеринин сазайын берип, багынтып жатканын билдирди.
Эл аралык аскерлер Ооганстандан ыкчам түрдө чыгып жатканына байланыштуу, талибдер менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосунда күрөш күчөп жаткан убагы.
Шейшемби күнү "Талибан" Ооганстандын Тажикстан менен болгон чек арасында негизги бекетти басып алганын расмийлер билдирди. Бул өткөөл жай түндүктөгү Кундуз провинциясында жайгашкан. Акыркы күндөрү ал жакта катуу кагылышуулар болуп жаткан. "Талибан" провинцияны толук башкарып жатканын айтууда.
Ооганстандын президенти Ашраф Гани жума күнү президент Байден менен Вашингтондо кезигет. Ал аңгыча, "Балдарды куткаруу" кайрымдуулук уюму балдардын билим алуусу жөнүндө кабатыр оюн билдирди, Кандагардын райондорунун биринде өткөн аптада эле 25 мектеп кыйроого учурады.
Жума күнү Вашингтондо боло турган сүйлөшүүлөрдө Жо Байден Ооганстан президенти Ашраф Гани менен Улуттук жарашуу боюнча жогорку кеңештин башчысы Абдулла Абдулланы Кабулдун алдында турган көйгөйлөрдү эриш-аркак чечүүгө үндөйт деп күтүлүүдө. Бул жөнүндө Ак үйдүн басма сөз катчысынын орун басары Карин Жан-Пьер билдирди.
"Президент Ооганстандын алдында турган олуттуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн ооган өкмөтү менен биримдик зарыл экенин баса белгилейт,-деди Ак үйдүн расмий өкүлү. - Ооганстандын лидерлери коопсуздук жана башка тармактагы көйгөйлөрдү жеңиш үчүн бирдиктүү фронтто иштеши зарыл".
Ал ошондой эле АКШ Ооганстанга коронавирустун коргонуу үчүн Johnson & Johnson компаниясы чыгарган вакцинадан 3 млн доза берерин билдирди. Бул препараттар Ооганстанга келерки жумада барып түшөт.
Бүтпөгөн согуштун курмандыктары
2001-жылы АКШ башында турган коалиция Ооганстанга аскерлерин киргизгенден бери абал турукташа элек. 20 жыл мурун бийликтен кулатылган "Талибан" кыймылы мурда жоготкон аймактардын көбүн кайрадан көзөмөлүнө алууда. Би-Би-Синин иликтөөсү талиптер Ооганстан аймагынын 70 пайызында активдүү иш алып барарын аныктаган.
2001-жылы согуш башталгандан бери АКШ башында турган коалиция 3500 аскерин жоготту. Алардын 2300 америкалык аскер. БУУнун 2019-жылы февраль айындагы баяндамасында, Ооганстанда 2001-жылдан бери 32 миң жайкын тургун мүрт кеткени айтылган. Андан бери бул сандар дагы көбөйдү. Ал эми Браун университети 58 миң ооган коопсуздук кызматкери, 42 миң согушкер каза болгонун билдирген. АКШнын аскердик аракеттери менен 2001-жылдан бери он миңдеген талип куралчандары кармалып же жок кылынды. Бирок ага карабастан "Талибан" кыймылы алсырамак тургай кайра күч алууда. Он жыл мурун АКШ менен ооган өкмөтү өлкөдө 15 миң согушкер бар деп болжогон. Бүгүнкү күнү согушкерлердин саны 60 миңге жетти деп айтылууда. Талибдердин чабуулдары барган сайын көбөйүп, ооган армиясы кыйынчылыкка туш болду. Ооган аскерлери туруштук берүүгө аракеттенип жатат. Бирок кишилей жоготуулар көп болуп, аскер башчыларынын жөндөмдүүлүгү чоң маселе бойдон калууда. Ошондой эле армияда коррупция күч алды, логистикалык көйгөйлөр чечиле элек. (КС) https://www.bbc.com/kyrgyz/world-57555314