Би-Би-Си: Ошол бийликтин соңу эмне болду?

О. Молдалиев: Кулагандарынын себеби- көрүнгөн жерде качып жүрүп, Усама Бенладен Ооганстанга келди. 2001-жылы сентябрда АКШда террордук чабул болгондо алар муну Бенладен жасады, аны бизге өткөрүп бергиле деп талап койду. Бизде жок, анда жок деген жооптор болду. Ошондон көп өтпөй эле 7-октябрда антитеррористтик операция башталды. Ошондогу чоң чабуулдарда Аль-Каида дагы, Талибан дагы аскердик күчүнөн тайыды.

https://www.bbc.com/kyrgyz/world-57591669