Ажырашуулардын көбөйүп, жашоо деңгээлинин төмөндөп жаткандыгына арызданган аялдарга жооп иретинде тажик депутаттары милдеттүү түрдө нике келишимин түзүүнү сунуштоодо.
Тажикстандын үй-бүлө мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү демилгеси парламентке былтыр ноябрь айында киргизилген. Ажырашуу маалында мал-мүлктү, ал гана эмес балдарды бөлүштүрүү тажрыйбасы Батышта кеңири тараган. Бирок тажик коомчулугу буга даяр эмес дегендер болгону менен мыйзам долбоорунун колдоо табары күтүлүп жатат.
Мыйзам долбоорун Аялдар боюнча мамлекеттик комитет демилгелеген. Документ ажырашуудан кийин аялдардын каржылык абалына кам көрүүгө багытталган. Бийлик эркектердин укуктары дагы корголорун баса белгилөөдө.
Статистика боюнча мамлекеттик комитетттин маалыматына караганда, 2016-жылы 9 миңдей ажырашуу катталган. Бул 2015-жылга салыштырмалуу 4,4 % көп дегенди билдирет.