Бүгүн:

Акыркы кабарлар

15:26
Кыргызстанда эң жогорку пенсия 179 миң сомду түзөт
15:25
Президент Жапаров Беловодск айылындагы психоневрологиялык интернатка 500 миң сом тапшырды
23:45
Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды
23:41
ИИМ: Текебаевге кол салгандарды аныктоо үчүн тергөө жүрүп жатат
23:41
Ахматбек Келдибеков УКМКга суракка чакырылды
23:40
Президент добуш берген Бактыгүл Иманбек кызы: Жапаров менен канайымга тиешем жок
22:40
Жапаров: БШК сайтындагы мүчүлүштүктөр боюнча УКМК териштирүү иштерин баштады
22:39
7 партия босого чектен өтүүдө. Добуштардын 30 пайызы кол менен саналып бүттү
22:38
Кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек аймагындагы курулуш иштери токтотулду
22:36
Таласта Дастан Жумабековдун шайланышына каршы болгондор митингге чыкты
16:24
Президент эмне үчүн бир мандаттуу шайлоо округунан Равшан Жээнбековго добуш бергенин айтты
16:23
БШКнын имаратынын алдында митинг өтүп жатат
23:29
Эдил Байсалов: Шайлоо системасындагы мүчүлүштүккө БШК түшүндүрмө бериши керек
23:27
Октябрь округу боюнча эң көп добушту Дастан Бекешев алды
23:22
Туруктуулукту бузабыз дегендерге жол бербейбиз! Жапаров элге кайрылды
23:21
ЖКга шайлоонун партиялар боюнча жыйынтыгы чыкты
19:31
Садыр Жапаров: Ата мекендик ишкерлерди офшордук аймактардан каражаттарын кайтарууга чакырам
19:28
БШК Момбеков боюнча соттун чечимине макул эмес. Кийинки кадам кандай болот?
19:27
Жапаров: Кыргызстан шайлоону демократиялык принциптерге ылайык өткөрөт
19:26
Добуш бересизби? Бул номер менен тизмеден өзүңүздү тактап аласыз
23:30
УКМК бийликти басып алууга шектелген талапкерлердин атын атады
23:29
Коопсуздук кеңеши Улуттук коопсуздук концепциясын жактырды
16:00
Абдувапов: Ноябрга карата 94,1 млрд сом салык чогултулду же план 102,5%га аткарылды
15:55
Бишкекте арзан көмүр кайра сатыла баштады. Бирок бир шарты бар
15:53
3 млн. долларлык зыянды Эсеп палатасынын кызматкерлери жашырган деп шектелүүдө
15:52
Жээнбеков, Зулпукаров, Сарпашев жана Нарымбаев жаңы жылды абактан тосот
21:56
Акылбек Жапаров: Парламенттик шайлоолор коомдук жана эпидкоопсуздукту камсыздоо менен өткөрүлүшү тийиш
21:54
Кыргызстанда сүт тартыштыгы жаралдыбы? Министрдин жообу
21:53
БШК Дастан Жумабековго 22,5 миң сом айып салып, эскертүү берди
21:52
Кыргызстанда чакан ГЭС документациясын иштеп чыгууга сынак жарыяланды
21:51
Шайлоо өнөктүгүнө катышкан спорт, маданият кызматкерлери иштен алынды
21:50
"Дастан" заводу продукциясын Россияга сатат. 459 млн. сомдук келишим түзүлдү
21:49
Маморгандар менен ЖМКлар "кыргызчаланат". Өзгөрүү кирчү тил мыйзамына сереп
21:48
Авиация агенттиги: президенттик учак жыл сайын көп чыгым талап кылууда
20:17
Улуттук банк Кыргызстандан чыгарылган акча боюнча комментарий берди
20:16
Жапаров Шевченкого сертификат тапшырып, спортчу ага мээлейин белек кылды
20:56
Улуттук тарых музейи 22-ноябрда санитардык тазалоо иштерине байланыштуу жабык болот
20:55
Centerra Gold Inc. Кумтөр кени аларга таандык эмес экенин тааныган чечим кабыл алды - Акылбек Жапаров
20:52
Жаңы жылда кыргызстандыктар кеминде 3 күн эс алат. Календарь
10:32
КР Эмгек министрлиги Казань федералдык университети менен кызматташат
10:28
Жапаров Татарстандын президенти Минниханов менен жолукту. Талкууланган маселелер
10:28
"Бишкекгаздын" бригадалары газ көбүрөөк жыттанган жердин баарын текшерди
10:26
Кыргызстанда ветеринария тармагында өзгөчө кызмат көрсөтүүлөр иштелип чыкты
23:12
Акылбек Жапаров Михаил Мишустин менен жолугушту
23:09
Акылбек Жапаров өкмөттөр аралык кеңешке катышуу үчүн Ереванга барды
Бардык кабарлар

Иран: жаңы президент Раиси кызматка киришти

Дүйнө жаңылыктары / На злобу дня
46
0

Ирандын жаңы президенти Ибрахим Раиси 5-августта парламент алдында ант берип, кызматка киришти.

Июндагы шайлоодо жеңип чыккан ашкере консерватор Ибрахим Раиси 5-августта парламент депутаттарынын алдында ант берди. Анын алдында өлкөнүн жогорку лидери аятолла Али Хаменеи Раисини президенттикке бекиткен эле. Ошентип, байистүү деп саналган буга чейинки мамлекет башчы Хасан Роуханиден бийлик Раисиге өттү.

Парламентте депутаттар, 70ден ашык өлкөдөн келген чет элдик коноктор алдында ант берген Ибрахим Раиси:

"Мен өз өмүрүмдү элге, мамлекетке кызмат кылууга, дин жана ыйманды пропагандалоого, адилеттик жана чындык колдоого арнайм”,-деп билдирди.

Раиси Ирандын экономикасы АКШнын санкцияларынан улам начарлап, саламаттык сактоо тармагындагы кризис курчуп, 2015-жылкы өзөктүк келишим боюнча дүйнөлүк державалар менен оор сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан маалда мамлекет башына келди.

Президент болгонго чейин Ирандын сот системасын жетектеген 61 жаштагы Ибрахим Раиси адам укуктары жаатындагы кырдаал үчүн Батыштын сынына кабылып келген.

Ага АКШ миңдеген саясий туткундарды өлүм жазасына тартууга катышкан жана сот системасында ролу үчүн санкция киргизген.

19 жашында Ирандагы Ислам ыңкылабына катышкан ультраконсерватор Раиси өмүр жолунда ашкере динчил бийликтин сүрөөнчүсү болуп келген.

Ал эми эки мөөнөт бийликте турган мурдагы президент Хасан Роуханинин эң жогорку жетишкендиги катары дүйнөлүк державалар менен түзгөн өзөктүк келишими саналат. Бул үчүн Тегерандан бир катар санкциялар алынып салынган.

2018-жылы АКШнын президенти Дональд Трамп аталган келишимден чыгып кеткенден кийин экономикалык чектөөлөрдүн кайра калыбына келтирилиши Ирандын экономикасына олуттуу сокку болуп калды.

Раисинин алдында экономикалык көйгөйлөрдү чечүү жана өзөктүк келишимди жандандыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү сыяктуу маанилүү иштер турат.

Быйыл апрелден июнга чейин Венада Ирандын өзөктүк программасы боюнча дүйнөдөгү алты державанын өкүлдөрү менен алты айлампадан турган сүйлөшүүлөр өттү. Акыркы сүйлөшүүлөр 20-июнда болуп, андан кийинкилеринин так мөөнөтү аныктала элек.

Өзөктүк программаны жандантуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн улануусун жактаган дипломат Энрики Мора Раисинин инагурациясына Евробиримдиктин делегациясын баштап барганы белгилүү болду.

Ибрахим Раиси шайлоодо жеңишке жетишкен соң өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууну колдой турганын билдирген.

Ирандагы мамлекеттик маалымат каражаттары ант берүү аземине бир нече өлкөнүн бийлик өкүлдөрү келгенин жазып чыгышты. Алардын арасында Ирактын президенти, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Сирия сыяктуу бир нече өлкөнүн спикерлери бар.

Кыргызстандан да ага Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жетектеген расмий делегация катышууда.

Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, делегациянын курамында депутаттар Каныбек Иманалиев, Замирбек Эсенаманов жана Ирандагы элчи Турдакун Сыдыков бар.

Эми Раиси өз өкмөтүнүн курамын жарыялашы керек.

3-августтагы кайрылуусунда жаңы президент АКШ киргизген «тирандык санкцияларды” жокко чыгаруу үчүн бардык аракетти көрөрүн билдирген.

"Биз албетте, репрессивдик санцияларды жокко чыгаруу үчун аракет кылабыз. Бирок биздин элдин жашоо деңгээлин чет элдиктердин эрки менен байланыштырбайбыз”-деди ал.

Раисинин кызматка киришкен учуру Оман булуңундагы кырсык боюнча саясий кризиске туш келди. Өткөн аптада Израил, АКШ жана Британия булуңга жакын жердеги израилдик кемеге кол салды деп Тегеранды айыптап чыккан. Ирандын бийлиги аны четке кагууда.

Мындан сырткары өлкөдө коронавируска байланыштуу эпидемологиялык абал курч болуп, саламаттык сактоо тармагына күч келүүдө. Бул өлкөдө вирусту 4 миллиондон ашык адам жугузуп, курмандыктар 92 000ден ашты.

Раисинин президенттикке киришүүсү менен өлкөдө бийликтин эки тизгин бир чылбыры толугу менен консерваторлордун колуна өтүп жатат. 2020-жылы өлкөнүн мыйзам чыгаруу бийлигин ашкере динчилдер ээлешкен. Ал шайлоодо миңдеген реформачыл же байистүү талапкерлер катыша албай калышкан.

Бийликтин сынчылары быйыл 18-июнда өткөн президенттик шайлоодо деле Раисинин жеңип чыгышы үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн белгилешет.

Анткени, реформачыл күчтүү саясатчылардын көпчүлүгүн талапкерлерди тандаган Ирандагы Ислам ыңкылабынын сакчылар кеңеши өткөрбөй койгон.

 

 

https://www.azattyk.org/a/iranda-jany-president-raisi-kyzmatka-kirishti/31395619.html

скачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик