Кыргызстан Новосибирск биотехникалык паркы эл аралык бизнес-долбоорлорду ишке ашырууда кызматташуу жана көмөк көрсөтүү боюнча меморандумга кол койду. Бул документке 6-августта Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы башкы консулу Калдарали Маматалиев менен парктын аткаруучу директору Денис Кузьминдин жолугушуусунун жыйынтыгында кол коюлганын ТИМ билдирди.
Сүйлөшүүлөрдө тараптар тажрыйба алмашуу жана жогорку технологиялуу бизнес үчүн инфраструктураны түзүү боюнча илимий-техникалык чөйрөдөгү кызматташтыкты талкуулашты, ошондой эле кыргызстандык азык-түлүк, фармацевтика жана ветеринардык продукция өндүрүүчүлөр менен түз байланыш түзүү боюнча макулдашуулар болгонун министрликтен билдиришти.
Биотехнологиялык парктын директору кыргыз делегациясын ишкананын химиялык-аналитикалык, микробиологиялык, клиникалык-диагностикалык жана электр лабораториялары, парфюмериялык-косметикалык, медициналык жана ветеринардык багытындагы илимий-өндүрүштүк комплексинин иши менен тааныштырды.
Кольцово биотехнопаркы – бул жогорку фармацевтика, медициналык жана биотехнология тармагында иштеп чыгуу, изилдөө жана өндүрүш компанияларын топтогон изилдөө жана өндүрүш аянты болуп саналат.
https://economist.kg/kyrgyzcha/2021/08/09/kyrgyzstan-novosibirsk-biotehnikalyk-parky-menen-zhogorku-tehnologiyaluu-biznesti-n-kt-r-g-nietten-d/