Бүгүн:

Акыркы кабарлар

22:56
ЖК: Мыйзамдар жана регламент комитетинин төрайымы болуп Чолпон Султанбекова шайланды
07:28
Кыргызстанда Венгриянын маалымат жана маданий борбору ачылышы мүмкүн
07:26
Сөздөн ишке карай... Кыргызстанга Сауд Аравиядан инвестиция тартууну өнүктүрүү
07:24
Акылбек Жапаров Япониянын Улуттук банкынын төрагасы менен кызматташтыкты талкуулады
04:53
Оштун жаңы мэри жамаатка тааныштырылды
04:33
Бишкек: Бейтапканалар дем алышта да иштей баштады
04:26
"Тешилбеген жер калбады". Терек-Сайдын кейиштүү экологиясы
04:24
Бажы: киреше боюнча убада эмнеге орундалбай калды?
19:57
Кол күрөш боюнча спортчулар Азия кубогунда 25 медаль багындырышты
19:55
Элдияр Орозбеков шахмат боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды
07:53
Москвада Кыргызстандын жаңы коомдук борбору ачылды
07:48
Президент Жапаров-Ташиев тандемин сындаган делегат менен өзүнчө жолугат
06:31
Азизбек Мадмаров Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси болуп дайындалды
06:30
Марипов ишин айкалыштыруу менен Кыргызстандын Бахрейн жана Египеттеги элчиси болуп дайындалды
04:40
Жогорку Кеңеште республикалык бюджетке тиешелүү мыйзам долбоорлору кабыл алынды
04:23
Медициналык 23 окуу жайдын бешөө гана эл аралык каттоодон өткөн
04:20
Жапаров ЖККУда чек ара коопсуздугун камсыздоону сунуштады
04:21
Шакиев баштаган депутаттар Түркия парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышты
04:19
Садыр Жапаров Россиянын Тышкы чалгын кызматынын директорун кабыл алды
04:13
Москвада кыргызстандык таксист киши колдуу болду
04:10
Парламентте “Газпромдун” ишине сын айтылды
06:56
Жапаров Токаевди президенттикке кайра шайланышы менен куттуктады
06:54
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу документтери апрелде даяр болот
04:38
"Тажикстан менен тил табыша баштадык". Камчыбек Ташиев чек ара боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу
05:37
Кыргызстанда Google Pay пайда болду, бирок бул функция азырынча беш гана банкта бар
05:30
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад" бекети оңдолууда
05:28
Композитор Муратбек Бегалиев Франциянын ордени менен сыйланды
19:52
БУУ Кыргызстанга жакырчылыктан чыгуусуна 105 млн. доллар бөлөт
19:49
Ишкер аялдар күнү: Кыргызстан Араб Эмираттарынан эмнени үйрөнө алат?
17:52
17-20-ноябрь күндөрү Кадамжайдагы айрым айылдарда электр жарыгы өчүрүлөт
17:26
Доллардын өсүшү. Улуттук банк валюта рыногуна 55,2 млн. доллар сатты
17:24
Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоо сунушу жыл соңуна чейин берилерин айтты
17:15
Садыр Жапаров: "Эң туура жол менен баратабыз"
08:09
18 жаштагы Айнура Ирисалиева үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголду
08:07
Үйгө кирип барып, бешилик менен өлтүргөн: Тайгандын Таш-Көмүрдөгү өлүмү
07:58
Жалал-Абад шаардык кеңешине 3 жаңы депутат келди. Алар кимдер?
07:49
Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдыгына карата жумалык өтөт
07:45
Дүйнөнүн калкы 8 миллиард кишиге жетти
07:40
Элдик курултайга кимдер келатат, алар эмне маселе көтөрөт?
06:56
УКМК: Аткезчиликтен алынган 2 миллиондон ашык доллар бюджетке берилди
06:45
Кыргызстанда акыркы жумада коронавирустун 19 жаңы учуру катталды
06:43
Кыргызстанда инфляция 15,4%га жетти - ЕӨБ
06:41
Аскер бөлүктөрүнүн бириндеги курулушта мамлекетке 1 млн сомдон ашуун зыян келтирилген
06:39
Баткенде аткезчилик товар ташыган унаа конфискацияланды
06:38
Садыр Жапаров Стамбулдагы терактка байланыштуу Эрдоганга көңүл айтты
Бардык кабарлар

Дүйнөнү дүрбөткөн талибдер кайдан чыгып, кимдердин жетегинде. Фактылар

Дүйнө жаңылыктары / Коопсуздук
183
0

"Талибан"* кыймылы 15-август күнү Афганистанды толугу менен өзүнө каратып, мамлекеттик бийликти колго алды. Азыр өлкөнү көзөмөлгө алган талибдердин кыймыл-аракетине дүйнө коомчулугу көз салып турган чак.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги аталган кыймыл тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Медреседе тарбиялангандар. "Талиб" сөзү араб, пушту тилинен которгондо "медресенин окуучусу" дегенди билдирет. "Талибан"* кыймылынын алгачкы мүчөлөрү 1980-жылдардан тарта Пакистандын медреселеринде тарбиялана баштаган. Ага чейин, 1979-жылы, Афганистан саясий кризиске кептелип, жергиликтүү бийлик СССРдин аскерлерин жардамга чакырган. Ошол жылдары сырттан келген жоокерлерге каршылык көрсөтүүдө каза болгондор көбөйүп, өлкөдө качкындардын саны арбыган. Жыйынтыгында качкындар Пакистандын чек арасы менен чектешкен аймакка агылып, бир топ өспүрүмдөр, жаштар медреседен баш паанек алып, ошол диний окуу жайларда кыймылдын башаты түптөлгөн.

 

Ондогон жыл согушуп. Талибдер 1990-жылдардын башында өздөрү тууралуу жар салып, 1996-2001-жылдары Афганистандын көпчүлүк бөлүгүндө, Пакистандын түштүк-батышында бийлигин орнотууга жетишкен. Азыркы талибдердин аталары 1979-89-жылдары Афганистандын аймагына кирген советтик армия менен, кийин өздөрү 2001-жылдан баштап АКШ аскерлери жана Түндүк Афганистандын талаа командирлеринин топтору менен салгылашып келген.

 

Жардыруу, кол салуу. Талибдер өз максаттарына жетүү үчүн курал-жарактарды кеңири колдонуп келет. Буга чейин алар мектеп, мечит, мейманкана, эл аралык мекеме, чет элдиктерге кол салууларды уюштуруп, андан ондогон адамдар набыт болгон. 2001-жылы Афганистандын Бамиан өрөөнүндөгү эки чоң будда статуясын талкалап дүйнө коомчулугуна шерменде болгон. Ошол эле маалда талибдерди сырттан келген армияга куралдуу каршылык көрсөтүүчү элдик кыймыл катары да тааныган жергиликтүүлөр жок эмес.

Ханафи масхабын карманат. "Талибан"* кыймылынын мүчөлөрү Борбор Азия калкынын көпчүлүгү карманган ислам дининин ханафи масхабын карманат. Бирок айрым диний эксперттер аларды матрудий акыйдасындагы мусулмандар деп эсептебейт. Себеби талибдердин көз карашынан, түшүнүгүнөн саясий салафизмдин кыймыл-аракеттерин байкоого болот. Кезинде алар Перс булуңундагы мамлекеттер каржылаган Пакистандагы медреселерде билим алып калган. Андан сырткары, талибдерди ашарит багытындагы мусулмандар дегендер да бар. Ашарит башка агымдагы мусулмандарды адашкандар деп санап, алар куугунтукталышы керек деп эсептейт.

Кыймылда кайсы улуттун өкүлдөрү көп? Мурда талибдердин негизги бөлүгүн жергиликтүү пуштулар түзсө, азыр катарында тажик, өзбек улутундагыларды да байкоого болот. Ачык маалыматтарда "Талибан" кыймылынын тарапташтарынын жалпы саны 100 миңге чукул делет.

 

Тыюу салынган кыймыл. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши "Талибан" кыймылын террористтик уюм деп чечим чыгарган. Ошондой эле дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттеринде тыюу салынган кыймыл катары эсептелет. Кыргызстанда да террордук уюм катары таанылып, өлкө аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

 

Кыргызстанга коркунуч барбы? Көп жылдардан бери Афганистандагы бийликти өз колуна алып, өлкөдөгү башкаруу системасын алмаштыргысы келген талибдер жума башында 20 жылдан берки согуш аяктаганын жар салып, эл аралык коомчулуктагы коркунучтарды сүйлөшүү жолу менен чечүүгө жана башка мамлекеттер менен байланышты бекемдөөгө даяр экендигин билдирди. 

Мындай жагдайда Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан коопсуздук жагынан тынчсызданууга негиз барбы деген маселе коомдо кызуу талкууланууда. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы директору, саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин айтымында, талибдер өз көйгөйлөрүн чече албай туруп биздин аймакка келбейт.

"Талибан"* азыр Борбор Азияга кол салбайт. Жаңы алган бийликти бөлүшүү керек, ички маселелери толтура. Саясатта бийликти алуу оңой, аны андан ары кармап, мамлекетти жөнгө салып кетүү өтө кыйын. Убакыттын өтүшү менен аларга каршы чыккандар да болот. Ошондуктан талибдер өз көйгөйлөрүн чече албай туруп биздин аймакка келе албайт. Бирок "Талибан" тыюу салынган түрдүү диний кыймылдарга баш паанек берип колдоого алышы да толук мүмкүн. Мындан улам тынчсызданууга толук негиз бар жана тобокелчиликтерди эске алуу керек. Дагы эске ала кетчү жагдай бар. Талибдердин күч менен бийликти алганын көрүп шыктанган Борбор Азиядагы түрдүү топтор да баш көтөрүшү ыктымал", — деди Молдалиев.

Ал эми "Дин, укук жана саясат" аналитикалык борборунун директору, диний аалым Кадыр Маликовдун пикиринде, жаралган жагдайда Борбор Азия мамлекеттери өз элинин биримдигин бекемдеши керек.

Религиовед Кадыр Маликов
 

 
"Азыр Борбор Азия жаңы геосаясий реалдуулукта турат. Көбүбүз аны аңдай албай жатабыз. Биз дүрбөлөңгө түшүп, аябай эле тынчсыздана бербешибиз керек. Айрым саясатчылар "биздин аймакка жакын делген Афганистанда ислам системасындагы мамлекет пайда болду" деп коркуп жатышат. Ушул жагдайда эл башындагылар мамлекет ичиндеги динге, мусулмандарга өтө аяр мамиле жасап, светтик жана диний баалуулуктарды укуктук мамлекетте бирдей кароо зарыл. Элди ишенимине, динине, улутуна карап бөлбөй, калктын ички маселелерин чечип алардын башын бириктиргени оң", — деди Маликов.

Талибдердин башында кимдер турат?

"Талибан"* кыймылынын негиздөөчүсү Мохаммад Омар аттуу молдо. Ал талибдерди 2013-жылы каза болгонго чейин жетектеген. Азыр кыймылдын башында 60 жашка барып калган молдо Хайбатулла Ахундзада турат. Ал 2016-жылы Ахтар Мухаммад Мансур көз жумгандан кийин дайындалган.

 

"Талибандын" дагы бир негиздөөчүлөрүнүн бири молдо Абдул Гани Барадар. Кезинде ал Мохаммад Омардын ишенимдүү командирлеринин бири болгон. Азыр ал кыймылдын Дохадагы саясий кеңсесин жетектейт.

 

Ошондой эле Сираджуддин Хаккани "Талибан" кыймылынын башчысынын орун басары. Кыймылды түптөгөн молдо Мохаммад Омардын 30 жаштагы бир уулу Мохаммад Якуб "Талибандын" аскердик комиссиясынын башчысы. Абдул Хаким Хаккани болсо талибдердин башында турган Хайбатулла Ахундзаданын ишенимдүү адамы жана сүйлөшүүлөр тобунун жетекчиси.

Учурда дүйнө коомчулугу Афганистанда болуп жаткан процесстерге тыкыр көз салып, окуя кайсы жакка өнүгүшүн күтүп турат.

 


 
скачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик