Бүгүн:

Акыркы кабарлар

19:57
Кол күрөш боюнча спортчулар Азия кубогунда 25 медаль багындырышты
19:55
Элдияр Орозбеков шахмат боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды
07:53
Москвада Кыргызстандын жаңы коомдук борбору ачылды
07:48
Президент Жапаров-Ташиев тандемин сындаган делегат менен өзүнчө жолугат
06:31
Азизбек Мадмаров Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси болуп дайындалды
06:30
Марипов ишин айкалыштыруу менен Кыргызстандын Бахрейн жана Египеттеги элчиси болуп дайындалды
04:40
Жогорку Кеңеште республикалык бюджетке тиешелүү мыйзам долбоорлору кабыл алынды
04:23
Медициналык 23 окуу жайдын бешөө гана эл аралык каттоодон өткөн
04:20
Жапаров ЖККУда чек ара коопсуздугун камсыздоону сунуштады
04:21
Шакиев баштаган депутаттар Түркия парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышты
04:19
Садыр Жапаров Россиянын Тышкы чалгын кызматынын директорун кабыл алды
04:13
Москвада кыргызстандык таксист киши колдуу болду
04:10
Парламентте “Газпромдун” ишине сын айтылды
06:56
Жапаров Токаевди президенттикке кайра шайланышы менен куттуктады
06:54
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу документтери апрелде даяр болот
04:38
"Тажикстан менен тил табыша баштадык". Камчыбек Ташиев чек ара боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу
05:37
Кыргызстанда Google Pay пайда болду, бирок бул функция азырынча беш гана банкта бар
05:30
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад" бекети оңдолууда
05:28
Композитор Муратбек Бегалиев Франциянын ордени менен сыйланды
19:52
БУУ Кыргызстанга жакырчылыктан чыгуусуна 105 млн. доллар бөлөт
19:49
Ишкер аялдар күнү: Кыргызстан Араб Эмираттарынан эмнени үйрөнө алат?
17:52
17-20-ноябрь күндөрү Кадамжайдагы айрым айылдарда электр жарыгы өчүрүлөт
17:26
Доллардын өсүшү. Улуттук банк валюта рыногуна 55,2 млн. доллар сатты
17:24
Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоо сунушу жыл соңуна чейин берилерин айтты
17:15
Садыр Жапаров: "Эң туура жол менен баратабыз"
08:09
18 жаштагы Айнура Ирисалиева үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголду
08:07
Үйгө кирип барып, бешилик менен өлтүргөн: Тайгандын Таш-Көмүрдөгү өлүмү
07:58
Жалал-Абад шаардык кеңешине 3 жаңы депутат келди. Алар кимдер?
07:49
Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдыгына карата жумалык өтөт
07:45
Дүйнөнүн калкы 8 миллиард кишиге жетти
07:40
Элдик курултайга кимдер келатат, алар эмне маселе көтөрөт?
06:56
УКМК: Аткезчиликтен алынган 2 миллиондон ашык доллар бюджетке берилди
06:45
Кыргызстанда акыркы жумада коронавирустун 19 жаңы учуру катталды
06:43
Кыргызстанда инфляция 15,4%га жетти - ЕӨБ
06:41
Аскер бөлүктөрүнүн бириндеги курулушта мамлекетке 1 млн сомдон ашуун зыян келтирилген
06:39
Баткенде аткезчилик товар ташыган унаа конфискацияланды
06:38
Садыр Жапаров Стамбулдагы терактка байланыштуу Эрдоганга көңүл айтты
05:48
Үй камагына чыккан Руслан Бекназаров акимдин орун басары кызматына кайтып барды
06:11
Кытай кыргызстандык студенттерге 23 мамлекеттик стипендия бөлдү
06:07
Москва биржасында кыргыз сомун сатып алуу боюнча үч операция жүрдү
06:03
Австралияда Актан Арым Кубаттын "Эсимде" тасмасы "Азиянын Оскарын" алды
06:00
Кыргызстандык мушкерлер Азия чемпионатында төрт коло байгеге ээ болушту
07:52
Садыр Жапаровдун Өзбекстанга иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди
07:49
Байсалов Самбо боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземине катышты
07:47
Социалдык тармактардагы алдамчылардан кантип коргонуш керек? Улуттук банктын кеңештери
Бардык кабарлар

20 жылдан кийин АКШ Афганистандан чыгып кетти

Дүйнө жаңылыктары / На злобу дня
180
0

Американын Афганистандагы ишинин аягына чыкканынын белгиси кылып АКШнын акыркы аскердик учагы Кабулдан учуп кетти.

Аймактагы Американын башкы аскердик командири, генерал Кеннет Маккензинин айтымында, акыркы C17 учагы шейшемби күнү түнкү 12ден кийин АКШнын элчисин алып Кабулдан учуп кетти.

Ал кошумчалагандай, мөөнөтүнө чейин чыгып кете албай калгандарга көмөктөшүү боюнча дипломатиялык миссия уланмакчы.

Акыркы учак абага көтөрүлгөндө Талибан майрамдоо белгиси катары асманга ок чыгарды.

Акыркы учактын кетиши Американын эң узакка созулган согушунун бүткөнүн жана Талибан 14-августта бийликке келгенден берки массалык эвакуациялардын аяктаганын билдирет.

Генерал Маккензинин айтымында, жалпысынан АКШ жана анын шериктеш учактары 123 миңден ашуун жарандарды эвакуациялаган. Бул күнүнө орто эсеп менен 7500дөн ашуун адам чыгарылды дегенди билдирет.

 

Билдирүү жасагандан кийин Вашингтондо сүйлөгөн АКШнын баш катчысы Энтони Блинкен эвакуацияларды "массалык аскердик, дипломатиялык жана гуманитардык иш-аракет” деп атап, АКШ өз тарыхында ишке ашырган миссиялардын эң оору болду деп белгиледи.

"Жаңы бап башталды. Аскердик миссия аяктады. Жаңы дипломатиялык миссия башталды”, - деди ал.

Ал кошумчалагандай, АКШнын Кабулдагы дипломатиялык иш-аракеттери токтоп, операциялар Дохага өткөрүлгөнү менен өлкө америкалыктарга, АКШ жарандыгын алган оогандарга, эгер алар каалашса, Афганистандан чыгарууга жардам берүү боюнча "талыкпай аракет” кыла бермекчи.

Блинкен Байдендин администрациясындагы аскерлерди чыгаруу боюнча сөз сүйлөгөн биринчи кызматкер болду.

Президент Жо Байден соңку 17 күндө эвакуацияга көмөктөшкөндөрдүн баарына ыраазычылык айткан чакан билдирүү таратты. Билдирүүдө президент өлкө жарандарына шейшемби күнү кечинде кайрылуу жасары айтылды.

Ал ортодо АКШ Кабул аэропортyна жакын жерде жанкечтиге каршы Американын дрондон сокку уруусунун натыйжасында бир нече жай тургун каза болгону боюнча маалыматтарды түшүндүрүп берүүсү керек болот.

Каза болгондордун туугандары айтып бергендей, Кабул аэропорту жактагы машинага сокку уруу туура эмес маалыматтардын негизинде ишке ашкан. Пентагон маалыматтарды текшерип жана териштирип жатканын айтты.

Миллиондогон афгандардын алдындагы белгисиздик

Башкы эл аралык корреспондент Лиз Дюсеттин анализи

40 жылдык согуштан кийин дагы афгандар ушунчалык белгисиздикке, туңгуюкка жана түнөргөн коркунучка кептелген өткөөл мезгилди баштан өткөрө элек болчу. Алдыда эмнелер күтүп турганы боюнча чоң белгисиздик бар.

Акыркы бир нече күндө өлкөдөн чыгып кеткен миңдеген афгандардын алдында белгисиздик жана коркунуч турат. Алар кайра кайтып келип мекенин көрө алар бекенбиз деп түйшөлүп жатышат.

Өлкөдө калган 38 миллион афгандыктар үчүн Талибан кандай башкарууну таңуулайт экен деген олуттуу белгисиздик турат. Аларга акыркы жолу бийликте турганда мүнөздүү болгон катаал башкарууну жана жазалоо ыкмаларын кайра алып келишеби.

Элет жерлериндеги Талибандын башкаруусуна күбө болгон көптөгөн афгандар талибдер өзгөрбөптүр, тескерисинче мурдагыдан жаман болуп кетишиптир деп коркуп жатышат.

Бул аябай салтка жакын коом. Батыш коалициялык күчтөрү билим алууга шыктандыргандыктан аялдар менен кыздар бир аз болсо да эркиндикке ээ боло алышты. Эң чоң жоготууга учурагандар - соңку 20 жылда өсүп жетилген кыздар. Анткени, алар убада кылынган жашоого ээ боло алышпайт.

Эртең бул узакка созулган согуштун жаңы бөлүгү башталмакчы. Американын эң узак согушу бүттү, бирок афгандар үчүн салгылаш, албетте, бүтө элек.

https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/c9z8w6zwq0zo


 

скачать dle 11.0фильмы бесплатно