Бүгүн:

Акыркы кабарлар

16:15
Электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тариф
16:05
Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымованын сөөгү жерге берилди
16:02
Акылбек Жапаров Кара-Кечедеги абалды көрүп, тартип керектигин эскертти
23:23
Энергетика министрлиги керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына болгон тарифтер тууралуу түшүндүрмө берди
23:22
Кыргызстан Түркиядан тик учак жана катер сурады
23:20
Акылбек Жапаров: президенттик администрациянын түзүмү толугу менен өзгөрөт
23:39
Жапаров дүйнөлүк коомчулукту Афганстандын көп улуттуу элине ар тараптуу жардам көрсөтүүгө чакырды
23:38
Жапаров дүйнөлүк коомчулукту Афганстандын көп улуттуу элине ар тараптуу жардам көрсөтүүгө чакырды
23:34
Кыргызстан эл аралык издөө тобуна кошулуу үчүн Түркиядан жардам сурады
23:32
Жапаров КМШ жана башка уюмдардын байкоочуларын парламенттик шайлоого чакырды
12:40
Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына онлайн катышат
12:38
Шайлоого катышмак болгон 75 партиянын 23ү калды. Тизме
12:37
УКМК: 39 киши өлгөн терактыны каржылаган делип кыргызстандыктар кармалды
19:26
ЖК комитети президенттин жаңы өкмөт боюнча сунушун колдоду
19:25
Шаардык сот Темир Сариевди 30-ноябрга чейин абакта калтырды
19:19
Кыргызстан делимитация процесси бүтмөйүнчө Тажикстан менен чектешкен аймактарда бизнес жүргүзүүгө тыюу салды
19:18
Сентябрда ири компаниялар 460 млн сомдук салыкты бюджетке аванс катары төлөшкөн
19:17
Президент Жапаров парламенттик шайлоого байланыштуу жалпы республикалык кеңешме өткөрөт
19:15
Акылбек Жапаров өкмөттү да, президенттик администрацияны да жетектемей болду
19:12
Министрлер кабинетинин жаңы курамына кимдер кирди? Тизме
19:10
Мигранттарга Россияда жүрүү жана жарандык алууну жеңилдетүү каралууда. Шарты
19:10
"Акыркы көч" тасмасы Сан-Паулодогу беделдүү сынакта ат салышат
19:09
Чолпонбек Абыкеев мамлекеттик катчылыктан кетип, жаңы кызматка дайындалды
22:39
АКЫН АЛЫМКАН ДЕГЕНБАЕВАНЫН КИТЕП-СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨСҮ ӨТӨТ
22:34
Кыргызстан MegaCom боюнча арбитраждык соттон утуп чыкты
22:33
Министрлер кабинети эми жаңы эреже менен иштейт. Мыйзамга президент кол койду
13:28
Түндө Таластагы мейманканага эркек киши кол салып, конокторду кууп чыккан
13:27
Милиция саясатка аралашпасын! ИИМде шайлоо алдында кеңешме өттү
13:26
Кышка чейин аба ырайы кандай болору айтылды
13:26
Кыргызстандын футболдук союзу президент Садыр Жапаровго кайрылды
14:39
Кыргызды даңазаладыңар! Президент Мээрим менен Айперини куттуктады
14:37
Улуттук банктын алтын-валюталык резерви рекорддук көлөмгө жетти
23:31
“Улуттук энергохолдинг” Тажикстандан электр энергиясын импорттоо боюнча түшүндүрмө берди
23:25
"Кыргыз көмүр": Кара-Кече көмүрүнүн баасы дагы түшөт
23:25
Мээрим Жуманазарова алгачкы атаандашын далысын жерге тийгизип утту
23:24
Министрлер кабинети жана жергиликтүү бийлик жөнүндө мыйзамдар кабыл алынды
23:23
"Коопсуз шаардын" көчмө радарлары коюлган жерлердин даректери
23:22
Энергетиктер: кыргызстандыктар электр кубатын чегинен аша колдонууда
18:57
Шайлоо-2021: "Ар-Намыс" менен "Улуттар биримдиги" бирикти
18:55
Кызыл зонада иштеген медиктердин компенсациясы эмнеге берилбей жатканы айтылды
18:54
УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевдин тобунун мүчөсүн кармады
16:25
Кыргызстан 2024-2025-жылдары энергетикалык таңкыстыктан чыгат — президент
16:22
Нурдин Букуев Футзал боюнча дүйнө чемпионатынын финалында башкы калыс болот
16:21
Психолог: өң-келбеттүү адамдарга жетекчилер көбүрөөк айлык төлөшөт
16:20
Президент таза шайлоо өтөрүн убадалап, кымбатчылык боюнча оюн айтты
Бардык кабарлар

"Пакистан агымы". Россия түштүккө багыт алды

Дүйнө жаңылыктары / Экономика / Аналитика
32
0

Америкалыктардын Афганистандан чыгып кетиши токтоп турган глобалдуу өзгөрүүлөрдү ордунан жылдырды. Эгер талибдер баарына каршы согуш жарыялап ийбесе эле жакын арада энергетикалык, соода жана өнөр жай рыногу үчүн жаңы күрөшкө күбө боло алабыз.

Чет өлкөлүк ЖМКлар Россия дүйнөлүк картанын маанилүү жерлеринде стратегиялык багытын бекемдөө боюнча аракеттерин улантып жатканын жазып жатышат. Мында кеп армия же флот жөнүндө эмес, энергетика туурасында, болгондо да "Пакистан агымы" боюнча болууда. Кырдаалга сереп салган Сергей Савчуктун макаласы РИА Новостиге жарыяланды.

Жакында эле Исламабадда эки тараптуу жолугушуу болуп, анда техникалык адистерден турган эки топ долбоорду ишке ашырууга даяр экенин билдирди. Бул үчүн башталган аракеттер уланып, документация жана техникалык маселелерди макулдашуу процесстери жүрмөкчү. Аталган иш-чара буга чейинки жолугушуулардан газ түтүгү өтчү трассаны бойлой геологиялык-чалгын иштери жасалары менен айырмаланат, башкача айтканда, тараптар кагаздан ишке өтөт.

Долбоордогу идея жөн эмес маалда жаралган. 2015-жылы узундугу 1100 чакырымга жеткен эки миллиард долларлык "Түндүк — Түштүк" газ түтүгүн куруу боюнча өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюлган эле. Мында россиялык подрядчылар Карачи портунан Лахор шаарына чейин транзиттик магистраль салып бермек. Портко кошумча регазификациялык терминал орнотулуп, ага деңиз газовоздору аркылуу суюлтулган газ жеткирилмек да калкыма абалга келгенден кийин түндүктөгү Пенжаб провинциясына жөнөтүлмөк.

 

Андан кийинки эки жыл долбоор олку-солку болуп турду. Тараптар газды алып өтүүнүн тарифи боюнча бир пикирге келе алган эмес. Мында Россия бааны көтөрүүнү талап кылган, болбосо Москванын пикиринде долбоор чыгашалуу болуп калмак. Андан кийин Россия тараптан ишти аткаруучу болгон "Ростех" корпорациясына АКШнын кезектеги санкциясы жарыяланып, долбоорду токтотуп салган. Былтыр күзүндө Исламабаддын сунушу менен тараптар макулдашуунун шартын кайра карап чыкты. Пакистандын долбоордогу үлүшү 51 пайыздан 74 пайызга чейин жогорулаган да курулуш иштерине Россиядан чыккан гана материал менен жабдууларды колдонуу белгиленген. Россиянын инвестициясы 25 пайыздан ашпай, калган чыгымдын баарын Пакистан көтөрмөк.

 

Ал эми үстүбүздөгү жылдын жазында долбоордун аталышы "Пакистан агымы" деп өзгөртүлүп, эки өлкөнүн энергетика министрлери курулушту жакын арада баштоого даяр экендиктерин билдиришти.

Бул сыяктуу долбоордун маани-максатын түшүнүү үчүн ар кыл саясатчылардын сөзүнө кулак төшөй бербей, карта менен иштөө керек. Экономикалык география — расмий маалымат жыйындарда көп сөз боло бербеген оңтойсуз суроолорго да жооп бере турган мыкты предмет.

Пакистан — 220 миллион калкы бар өлкө. Коңшу турган Индия менен Кытайга караганда элинин саны кыйла аз болгону менен ушул 220 миллион кишини тойгузуп эле эмес, электр энергиясы жана цивилизациянын башка ыңгайлуулуктары менен камсыздоо керек. Эгер Пакистандын бардык электр станцияларын белгилеп, аны өлкөнүн картасына түшүрсө абал оор экенин көрүүгө болот.

Нефть продуктусу менен иштеген 20 станция, жаратылыш газы менен иштеген 22 ТЭС, тогуз көмүр жана үч атомдук электростанция түштүктөн чыгышты, андан ары түндүктү көздөй жайгашып, борбор калаанын жанына келгенде токтоп калат. Мында Карачи аймагындагы Белужистандын түштүк бөлүгү жана Кветта — Лоралай — Мултан багыты боюнча кеткен борбордук бөлүгү энергияга "бай" келет. Электр станциялардын көбү Лахордун жанындагы Пенжаб провинциясында. Андан түндүгүрөөк, Исламабаддын жанында, үч көмүр электр станциясы жайгашкан, бирок алар борбор калааны жана анын жанындагы райондорду гана тейлейт.

 


Ушул эле карта өлкөнүн Иран жана Афганистан менен чектешкен түштүк-батыш бөлүгүнүн генерациясы дээрлик жок экени, ал эми Исламабаддын Кашмир жана Кытай менен чектешкен аймагы аз кубаттуу бир нече ГЭСти пайдаланары көрүнүп турат.

 

Албетте, Пакистанга элинин электр кубаты менен камсыздалганы керек, мындан тышкары, энергиянын ишенимдүү булагына муктаж. Ошого катар эле ири коңшулары менен кирешелүү соода жүргүзүүгө кызыкдар.

Жылына 12,4 миллиард куб метрлик газ өткөрүүгө кубаты жеткен "Пакистан агымы" ишке ашса, жаңы электр станциялары отун менен камсыздалып, мындан Индия менен чектешкен Пенжабдагы өнөр жай ишканалары "азыктанып" турмакчы. Эгер долбоор ийгиликтүү болуп калса, газ түтүгүн борбор калаага чейин узартууга эч ким жолтоо болбойт. Мултан шаарынан Исламабадга чейинки аралык болгону 400 чакырымдан бир аз ашыгыраак.

Россиянын эмне кызыкчылыгы бар экенин түшүнүү үчүн бир нече учурга токтолуу керек.

Кепти алгач ТАПИ (Түркмөнстан — Афганистан — Пакистан — Индия) магистралдык газ түтүгүнөн баштоо керек. Мында Россия техникалык гарант болуп, түтүк менен жабдууну жеткирчү тарап. Газды эң аяккы болуп Индия алат, бирок транзит мамлекеттердин баарынын көгүлтүр отко муктаждыгы күч, андыктан өз үлүшүн кемитип албоого ар бири аракет кылат. Мунун Пакистанга да тиешеси бар, анткени "агымдын" техникалык шарты боюнча бул газ магистралы Мултан шаарынан ТАПИге кошулушу керек. Эки газ түтүгүнүн жалпы кубаттуулугу дал ушул жерде 55 миллиард куб метрди түзүп, "Түндүк агымдын" экөө менен тең теңтайлаша алат. Мындай күчтүү ресурска ээ Пакистан өлкөгө газ киргизип, талаштуу Кашмирди кармап турган Индияга ири саясий атаандаштык жаратууга дарамети жетет.

 

Мындан тышкары, Пакистан сыяктуу эли көп өлкөдө газ рыногунун түзүлүшү углеводороддун дүйнөлүк рыногун өзгөртөөрү турулуу иш. Биринчи кезекте бул Катар үчүн ыңгайлуу. Перс куймасынан Оман куймасына, андан ары Карачиге өзүнүн суюлтулган газын сатат. Анын үстүнө Катар суюлтулган газ өндүрүшүн гүлдөтүп жибере албайт, демек, келечекте Катар газынын Европага ташылышы солгундап, бул россиялык газ түтүктөрдүн маанилүүлүгүн арттырат.

 

Буга кошумча Россия түтүк жана башка жабдууларды жеткирип, чийки зат эмес, үстүнө бир топ акча кошулган даяр продукцияны сатып, геофизиктерден баштап түтүк орноткондордун баарын иш менен камсыздайт.

Региондун активдешүүсү Афганистандагы саясий өзгөрүүлөр жана "Түндүк агым — 2нин" курулушунун аякташы менен байланыштуу экени талашсыз. Россия ар дайым, керек болсо катаал санкциялар жарыяланган учурда да бардык долбоорлорду аягына чыгарарын көрсөттү. Индия дүйнөдөгү металлургия державасына айланууга ниеттенип жатат, демек, ага Афганистандын темири, көмүрү жана Россиянын отуну керек. Пакистан өнөр жайын өнүктүрүүгө далалаттанууда, буга баягы эле жаратылыш газы зарыл, ал эми коңшу мамлекеттерде көгүлтүр от жетишсиз.

Америкалыктардын Афганистандан чыгып кетиши токтоп турган глобалдуу өзгөрүүлөрдү ордунан жылдырды. Эгер талибдер баарына каршы согуш жарыялап ийбесе эле жакын арада жаңы энергетикалык, соода жана өнөр жай рыногу үчүн күрөшкө күбө болобуз. Россия өнүгүүнүн келечектүү багытын ээлеп койгону кубандырат.

https://sputnik.kg/analytics/20210903/1053787356/rossiyaga-tushtukko-bagyt-aldy.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно