Ысык-Көлдө ЖККунун "Рубеж-2021" аскердик машыгуусу өтөт

СҮРӨТТҮН БУЛАГЫ,RIA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

"Рубеж-2021" аскердик машыгуусу өтөт

7-9-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусундагы "Эдельвейс” полигонунда Россия башында турган Жамааттык коопсуздук жана кызматташтык уюмунун "Рубеж-2021" аскердик машыгуусу өтөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен кабарлашты.  Ага Казакстандан жана Тажистандан да аскерлер катышат. Россиядан 300 аскер жана 60 техника алынып келинери күтүлүүдө.

5-сентябрда  20636 аскердик бөлүгүнө машыгууга келген казак жоокерлерин тосуп алуу салтанаты өттү.

Буга чейин Кыргызстандын Баткен жана Ош облустарындагы тоолуу аймактарда "Түштүк-2021” машыгуулары өткөн эле. Бул аскердик окутуулар Афганистандагы кырдаал курчуп, "Талибан” бийликке келген маалда өтүп жатат.