Бүгүн:

Акыркы кабарлар

16:15
Электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тариф
16:05
Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымованын сөөгү жерге берилди
16:02
Акылбек Жапаров Кара-Кечедеги абалды көрүп, тартип керектигин эскертти
23:23
Энергетика министрлиги керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына болгон тарифтер тууралуу түшүндүрмө берди
23:22
Кыргызстан Түркиядан тик учак жана катер сурады
23:20
Акылбек Жапаров: президенттик администрациянын түзүмү толугу менен өзгөрөт
23:39
Жапаров дүйнөлүк коомчулукту Афганстандын көп улуттуу элине ар тараптуу жардам көрсөтүүгө чакырды
23:38
Жапаров дүйнөлүк коомчулукту Афганстандын көп улуттуу элине ар тараптуу жардам көрсөтүүгө чакырды
23:34
Кыргызстан эл аралык издөө тобуна кошулуу үчүн Түркиядан жардам сурады
23:32
Жапаров КМШ жана башка уюмдардын байкоочуларын парламенттик шайлоого чакырды
12:40
Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына онлайн катышат
12:38
Шайлоого катышмак болгон 75 партиянын 23ү калды. Тизме
12:37
УКМК: 39 киши өлгөн терактыны каржылаган делип кыргызстандыктар кармалды
19:26
ЖК комитети президенттин жаңы өкмөт боюнча сунушун колдоду
19:25
Шаардык сот Темир Сариевди 30-ноябрга чейин абакта калтырды
19:19
Кыргызстан делимитация процесси бүтмөйүнчө Тажикстан менен чектешкен аймактарда бизнес жүргүзүүгө тыюу салды
19:18
Сентябрда ири компаниялар 460 млн сомдук салыкты бюджетке аванс катары төлөшкөн
19:17
Президент Жапаров парламенттик шайлоого байланыштуу жалпы республикалык кеңешме өткөрөт
19:15
Акылбек Жапаров өкмөттү да, президенттик администрацияны да жетектемей болду
19:12
Министрлер кабинетинин жаңы курамына кимдер кирди? Тизме
19:10
Мигранттарга Россияда жүрүү жана жарандык алууну жеңилдетүү каралууда. Шарты
19:10
"Акыркы көч" тасмасы Сан-Паулодогу беделдүү сынакта ат салышат
19:09
Чолпонбек Абыкеев мамлекеттик катчылыктан кетип, жаңы кызматка дайындалды
22:39
АКЫН АЛЫМКАН ДЕГЕНБАЕВАНЫН КИТЕП-СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨСҮ ӨТӨТ
22:34
Кыргызстан MegaCom боюнча арбитраждык соттон утуп чыкты
22:33
Министрлер кабинети эми жаңы эреже менен иштейт. Мыйзамга президент кол койду
13:28
Түндө Таластагы мейманканага эркек киши кол салып, конокторду кууп чыккан
13:27
Милиция саясатка аралашпасын! ИИМде шайлоо алдында кеңешме өттү
13:26
Кышка чейин аба ырайы кандай болору айтылды
13:26
Кыргызстандын футболдук союзу президент Садыр Жапаровго кайрылды
14:39
Кыргызды даңазаладыңар! Президент Мээрим менен Айперини куттуктады
14:37
Улуттук банктын алтын-валюталык резерви рекорддук көлөмгө жетти
23:31
“Улуттук энергохолдинг” Тажикстандан электр энергиясын импорттоо боюнча түшүндүрмө берди
23:25
"Кыргыз көмүр": Кара-Кече көмүрүнүн баасы дагы түшөт
23:25
Мээрим Жуманазарова алгачкы атаандашын далысын жерге тийгизип утту
23:24
Министрлер кабинети жана жергиликтүү бийлик жөнүндө мыйзамдар кабыл алынды
23:23
"Коопсуз шаардын" көчмө радарлары коюлган жерлердин даректери
23:22
Энергетиктер: кыргызстандыктар электр кубатын чегинен аша колдонууда
18:57
Шайлоо-2021: "Ар-Намыс" менен "Улуттар биримдиги" бирикти
18:55
Кызыл зонада иштеген медиктердин компенсациясы эмнеге берилбей жатканы айтылды
18:54
УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевдин тобунун мүчөсүн кармады
16:25
Кыргызстан 2024-2025-жылдары энергетикалык таңкыстыктан чыгат — президент
16:22
Нурдин Букуев Футзал боюнча дүйнө чемпионатынын финалында башкы калыс болот
16:21
Психолог: өң-келбеттүү адамдарга жетекчилер көбүрөөк айлык төлөшөт
16:20
Президент таза шайлоо өтөрүн убадалап, кымбатчылык боюнча оюн айтты
Бардык кабарлар

Афганистандын убактылуу өкмөтүн Талибандын катаал тарапкерлери жетектеди

Дүйнө жаңылыктары / Аналитика
30
0

Талибан кыймылы Афганистандагы убактылуу өкмөттү түзүп, өлкөнү "Ислам Эмираты” деп жарыялады.

Толугу менен эркек кишилерден турган жаңы министрлер кабинети жогорку мансаптуу талибдерден турат. Алардын айрымдары соңку 20 жылда АКШнын аскерлерине кол салганы менен белгилүү.

Өкмөттү Молдо Мухаммад Хасан Ахунд жетектейт. Ал Талибандын түптөөчүлөрүнүн бири жана БУУнун кара тизмесине кирген.

Ички иштер министрлигине Сиражуддин Хаккани келди. Ал АКШнын федералдык чалгындоо кызматынын издөөсүндө жүргөн Хаккани тобунун башчысы.

Талибан төрт аптада мурда Афганистандын көпчүлүк аймактарын басып алып, мурда шайланып келген өлкө жетекчилерин бийликтен кулаткан.

Убактылуу министрлер кабинетинин билдирүүсү Талибандын туруктуу өкмөт түзүүсү үчүн маанилүү. Жаңы жетекчилик оор кыйынчылыктарга туш болот. Андан тышкары алар өлкө экономикасын турукташтырып, эл аралык деңгээлде таанылышы зарыл.

Мындан мурдараак Талибан бардык тараптарды камтыган инклюзивдүү өкмөт түзгүсү келерин айткан болчу. Бирок шейшемби күнү жарыяланган билдирүүдө министрлердин баары талибдердин калыптанып калган жетекчилеринен болуп, өкмөттүн курамына эч бир аял киши кошулган эмес.

Министрлер шарият мыйзамдарын киргизишет

Талибандын башчысы Мавлави Хибатулла Ахунзадага таандык делген билдирүүдө өкмөт шариятты карманаары айтылат.

"Талибан кошуналары жана башка мамлекеттер менен эки тараптуу сый-урматка жана кызматташууга негизделген, бекем жана бакубат мамиледе болууну каалайт”, - деп жазылат анлис тилинде чыккан билдирүүдө. Ошондой эле, билдирүүдө алар "ислам мыйзамдарына жана өлкөнүн улуттук баалуулуктарына каршы келбеген” эл аралык мыйзамдарды жана келишимдерди сыйлайт деген эскертмеси дагы бар.

Хибатулла Ахунзада эч качан эл алдына чыгып сүйлөгөн эмес. Өткөн айда Талибан бийликке келгенден бери бул Хибатулла Ахунзаданын алгачкы билдирүүсү.

Убактылуу өкмөт башчы Хасан Ахунд 1996-2001-жылдары тышкы иштер министринин орун басары болуп турган. Аталган жылдарда талибдер акыркы жолу бийликте болгон. Ал аталган кыймылдын аскердик эмес, диний тарабында таасирге ээ.

Анын кызматка дайындалышы кандайдыр бир мунаса катары кабыл алынууда. Анткени, Талибандын салыштырмалуу сабырдуу топтору менен катаал топтордун ортосунда аскердик салгылаштары жөнүндө маалыматтар тараган болчу.

Ички иштер министри АКШнын терроризм тизмесинде

Жаңы убактылуу ички иштер министри Сиражуддин Хаккани Талибан менен байланышы болгон согушкер Хаккани тобунун жетекчиси. Аталган топ Афганистандагы соңку жыйырма жылда көп адамдын өмүрүн алган кол салуулардын артында турат.

Талибандын чоң тобунан айырмаланып, Хаккани тобу АКШ тарабынан чет элдик террористтик уюм деп таанылган. Ошондой эле, бул топтун ал-Каида менен жакын байланышы бар.

Талибандын өкүлү жаңы дайындоолор жөнүндө басма сөз жыйынында билдирди

АКШнын федералдык чалгындоо кызматынын маалыматы боюнча, "Хаккани Кабулдагы мейманканада 2008-жылдын январындагы кол салууга тиешеси боюнча сурак берүүсү үчүн изделүүдө. Анда алты киши, анын ичинде бир америкалык жаран, каза болгон”.

"АКШга жана Афганистандын коалициялык күчтөрүнө каршы чек араларда кол салууну координациялаган жана катышкан. Хаккани 2008-жылы ошол кездеги афган президенти Хамид Карзайды өлтүрүүнү пландоого тиешеси бар катары каралат", - деп кошумчаланат маалыматта.

Хаккани тобу 2011-жылдын 12-сентябрында Кабулдагы АКШнын элчилигине жана анын жанындагы НАТОнун күчтөрүнө кол салуу үчүн дагы айыпталган. Кол салууда сегиз киши - төрт полиция жана төрт жаран - набыт болгон.

Көп жылдардан бери көмүскөдө иштеп келаткан кыймылдын мүчөлөрүнүн ысымдары мурда дүйнөнүн терроризм тизмелеринен гана чыкчу. Эми алардын ысымдары дүйнө жүзү боюнча мамлекеттерде жарыяланат.

Алдыңкы аскердик жана саясий фигуралардын атаандаштыгы жөнүндөгү маалыматтардан кийин убактылуу өкмөт башчылык кызматка келген Молдо Ахунддун дайындалышы мунаса табуу катары кабыл алынды окшойт. 

Анын камкорчу табияты дагы Талибан курал-жарактардан өкмөткө кадам таштап жаткан учурда бир аз тыныгуу камсыздагандай.

Ошондой эле бул Талибандын жеңиши Талибандын башкаруусун гана билдирет деген Талибандын көз карашын айгинелейт. Булактардын айтымында, алар "инклюзивдүү өкмөт” түзүү боюнча кайрылууларга каршы болушкан. Алар мурдагы саясий фигуралар менен кызматкерлерди кошууну четке кагышкан.

"Биздин кабинетибизди түзүүгө эмне үчүн башкаларга жол беришибиз керек, алар деле өздөрүнүкүн өздөрү курашат да?” - деп каршы болгон бирөө.

Аялдарга болсо министрлик кызмат эч качан берилбейт болчу; Аялдардын иштери боюнча министрлик азырынча толугу менен жоюлуп кеткендей. (EA)

Талибандын лидерлери

 

https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/cvxyw5wye28o

скачать dle 11.0фильмы бесплатно