"Түндүк агым — 2" газ түтүгү жума күнү эртең менен курулуп бүттү. Бул туурасында "Газпром" өзүнүн сайтына кабарлады.
"Эртең мененки кеңешмеде "Газпром" газ өнөр жай компаниясынын башкаруучулар төрагасы Алексей Миллер саат 8:45те (Москва убактысы боюнча — ред.) "Түндүк агым — 2" газ түтүгүн тартуу толугу менен аяктагандыгын билдирди", — деп айтылган маалыматта.
Түндүк агым — 2" – Россиядан Балтика деңизи аркылуу Германияга жеткен газ түтүгүнүн коммерциялык долбоору. Бул түтүк менен европалыктарга көгүлтүр от жетмекчи.
Дагы: https://sputnik.kg/Russia/20210910/1053867270/tunduk-agym-2-dolboorunun-kurulushu-ayaktady.html