Президент Байден америкалыктарды коронавируска каршы эмдөө боюнча жаңы радикалдуу чараларды жарыя кылды. Анткени дагы эле кээ бир штаттарда пандемия жайылып жатат.

Жаңы талаптарга ылайык, ири компаниялардын кызматкерлери эмдөөдөн өтүүгө тийиш же апта сайын тест тапрышып, текшерүүдөн өтүп турушу керек.

Ошол эле убакта эмдөөдөн өтүү федералдык өкмөттүн миллиондогон кызматкерлерине да тийиштүү.

Байден он миллиондогон америкалыктар эмдөөдөн өтпөй жатканына өкүнүч билдирип, ооруканалар жык-жыйма толуп, экономиканын калыбына келишине чоң тоскоолдук болуп жатканын белгиледи.

АКШда пандемия башталгандан бери коронавирустан 650 миң каза болду, ооруканалар дагы эле толтура.

Республикалык партия эмдөө боюнча элге коюлуп жаткан талаптарга каршы болуп, президент кабыл алган чаралардын мыйзамдуулугун сотто талаша турганын билдирди. (КС)