Талибдер бийликке келгенге чейин Мирзиёев Афганистандын ошол учурдагы президенти Ашраф Гани менен жолуккан эле. Алар Өзбекстандын түштүгүндөгү Термез шаарынан Кабул аркылуу Пакистандын Пешавар шаарына чейин Өзбекстан темир жол салары боюнча макулдашкан болчу. Долбоор дээрлик 5 млрд долларга бааланган эле.

Бийликке келгенден кийин Талибан аталган долбоорду колдоп, Өзбекстан муну жакшы белги катары кабыл алып калды.

"Өзбекстан деңизге чыкпаган өлкө. Дүйнөлүк базарга чыгуунун жолдорунун бири - Афганистан аркылуу темир жол салуу. Бул жол Пакистандагы портторго алып бармак. Бул идея негизги эл аралык каржылык институттар, тагыраагы АКШ, тарабынан каржылык колдоого ээ болгон”, - деп белгиледи Алишер Илхамов.

Өзбекстан экономикалык пайданын көзүн тапты. Ошондуктан коопсуздук маселеси боюнча көп деле тынчсызданган жок. Өзбек-афган чек арасы узун деле эмес, болгону 144 км. Чек ара аймак тегиз болгондуктан көзөмөлдөөгө оңой. Коңшу Тажикстанга бир аз оор, анткени жалпы чек арасынын узундугу 1344 км түзөт. (EA)