Бүгүн:

Акыркы кабарлар

22:28
Сурамжылоо: катышуучулардын 80%ы Садыр Жапаровдун ишмердүүлүгүн колдогон
22:27
Акылбек Жапаров: Быйыл Кыргызстанга 10 миллионго жакын туристтердин келиши күтүлүүдө
22:24
Новосибирскте 7 млн рубль уурдоого шектелип жаткан кыргызстандык сот залынан бошотулду
22:22
Балбан Дастан Кадыров Бишкектеги ири турнирде алгачкы медалды алды
22:20
Гепатит менен күрөшүүдө Россия Кыргызстанга колдоо көрсөтүп келет
22:19
Режеп Эрдоган Садыр Жапаровду инаугурация аземине чакырды
00:47
Футбол боюнча Азия Кубогу U-23: Кыргызстандын тандап алуу оюндарындагы атаандаштары аныкталды
00:44
Москвада Жапаров катышкан ЕЭКтин жыйынында 13 документке кол коюлду. Тизме
00:36
КР министри ЕАЭБдин эмгек рыногун өнүктүрүү боюнча чараларды сунуштады
22:50
Казак жараны Кыргызстандан мыйзамсыз түрдө 25 кг күмүш буюмдарды алып чыгууга аракет кылган
22:43
РФ менен КРдин Абадан коргонуучу тутумун түзүү. Мамдума келишимди жактырды
22:38
КР футбол командасы ноябрда дүйнө чемпионатынын тандоо турунда ойнойт
22:31
Президент Садыр Жапаров Москвага барат. Себеби
22:26
Кыргызстан менен Кытай биргелешип эки сериал тартат
22:02
Психолог кандай адам жалгыздыктан коркорун түшүндүрдү
21:54
Буттун тырмагы жай өсүп калат. Кандагы холестериндин көбөйүшүнүн белгилери
21:22
Оверчук: ислам мамлекеттери менен эркин соода аймагын түзүүнү сүйлөшүп жатабыз
16:35
Жапаров: Тажикстан менен достуктун духунда чек араны тактоого дилгирбиз
16:30
Кыргызстандык кыз-келиндер волейбол боюнча Азия зоналдык чемпионатына катышат
22:43
Кызматташуунун жаңы доору. Садыр Жапаров Си Цзиньпин менен жолугушту
22:41
Министрлик: тамеки, насыбай, кальян, электрондук чылымдын зыяны бирдей
15:34
Садыр Жапаров биринчи айым менен Кытайга учуп кетти
15:30
Кирешенин 30%ынан ашпаш керек. Адис насыядан туура кутулуунун жолун айтты
21:32
Базар-Коргондун Карача айылында турак үйлөрдү сел суулары каптады
21:30
Банктарга долларды сыртка накталай алып чыгууга уруксат берүү каралууда
21:18
Стоматолог: вейп чеккендердин онкологиялык ооруга чалдыгуу коркунучу жогору
21:34
Сауд Аравия кыргыз тарап жарыялаган долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар
00:00
Кыргызстандык боксчу дүйнө чемпионатында тарыхта биринчи ирет медаль утту
23:37
Садыр Жапаров Валентина Матвиенко менен жолугушту
23:34
Путин менен Жапаров биргелешкен билдирүү жасады. Урунттуу учурлар
21:11
КР ТИМ башчысы ШКУнун саммитинде бир нече маселе көтөрдү
21:09
Нарында согуш ардагерлерине президенттин атынан 100 миң сомдон берилди
21:06
Венгрия-кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси УКМКнын абагына киргизилди
21:02
Россия Судандан алты кыргызстандыкты эвакуациялады
20:57
КР жарандары долбоорлорун Санкт-Петербургда көрсөтө алат. Катышуу акысыз
20:36
Узакка созулган COVID-19 эмнеси менен кооптуу? Адистердин жообу
13:57
Россия Судандан өзүнүн жана КМШ өлкөлөрүнүн жарандарын алып чыгууда
13:55
Дарыгер тузду ашыкча колдонуунун кесепетин айтты
14:17
Германиядагы кыргыз диаспорасына жергиликтүү бийлик тарабынан колдоо көрсөтүү маселеси талкууланды
14:16
Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан т/ж ТЭН даяр болуп, болжолдуу чыгымдар аныкталды
14:15
Кыргызстан менен Сауд Аравия футбол жаатында кызматташат. Документке кол коюлду
14:12
Бөлтүрүк жана башка кармалгандар мамлекетке 844,5 млн. сом төктү
16:55
Кыргызстандык спортчу Хайитхон Хусан кызы пара дзюдо боюнча Азия чемпиону болду
15:10
Эрдоган кыргызстандык куткаруучу менен элчиге жогорку сыйлык тапшырды
23:04
Бокс боюнча Дүйнө чемпионатына Кыргызстандан 13 спортчу катышат. Тизме
Бардык кабарлар

АКШ, Британия, Австралия коопсуздук боюнча жаңы келишим түздү

Дүйнө жаңылыктары
208
0

АКШ, Улуу Британия жана Австралия коопсуздук тармагында жаңы келишим түзгөнүн жарыялашты. AUKUS деп аталган бул өнөктөштүккө ылайык, Австралия суу алдында жүрүүчү атомдук кемелерге ээ болот. Инд-Тынч океан аймагын камтыган мындай макулдашууну Кытай кескин сынга алды.

Тарыхый байланышы терең үч өлкөнүн ортосунда жаңы өнөктөштүк түзүлгөнүн АКШнын президенти Жо Байден, Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жана Австралиянын өкмөт башчысы Скотт Моррисон 15-сентябрда видео байланыш аркылуу жарыялашты. Жаңы келишим үч мамлекеттин англисче аталышынан кыскартылып, AUKUS деп атала турган болду.

Лидерлер расмий жарыяда Кытайдын атын аташкан жок. Бирок дээрлик үчөө тең бир ооздон Кытайдын таасири артып бара жаткан Инд-Тынч океан аймагындагы кырдаалга басым жасашты.

"Бүгүн биз үч өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү жана мыйзамдаштыруу үчүн дагы бир тарыхый кадамды таштап жатабыз. Себеби биз баарыбыз узак мөөнөттө Инд-Тынч океан аймагындагы тынчтыкты жана туруктуулукту камсыздоо зарылчылыгын түшүнүп турабыз. Биз чөлкөмдөгү учурдагы стратегиялык кырдаалды жана анын болочоктогу өнүгүшүн жөнгө сала алгыдай болушубуз керек”, - деп билдирди Байден.

Адистер соңку келишимди АКШ, Британия жана Австралиянын ортосундагы ондогон жылдардан берки эң ири өнөктөштүк жана Кытайдын каршылыгын жарата турган аракет катары мүнөздөп жатышат.

Макулдашууга ылайык, Австралия атомдук реактор менен жүрүүчү суу алдындагы кемелерди жасоого керектүү жабдыктар менен камсыздалат. Мындай технологияны АКШ бир гана жолу 50 жыл мурда Улуу Британия менен бөлүшкөн.

АКШнын
АКШнын "Мичиган" аттуу суу алдында жүрүүчү атомдук кемеси Түштүк Кореянын жээгинде, 25-апрель, 2017-жыл.

Андан тышкары үч өлкө жасалма интеллект, киберкоопсуздук маселелеринде да кызматташтыкты тереңдетет.

"Биздин дүйнө, өзгөчө Инд-Тынч океан аймагы татаалдашып баратат. Бул баарыбызга таасирин тийгизет. Инд-Тынч океандын келечеги биздин бардыгыбыздын келечегибизди аныктайт. Кыйынчылыктарга туруштук берүү, чөлкөмдөгү коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн биз өнөктөштүгүбүздү жаңы деңгээлге алып чыгышыбыз керек”, - деди Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон.

Келишим Австралия ядролук куралга ээ болот дегенди билдирбейт. Болгону бул өлкөдө суу алдында жүрүүчү өзөктүк реактору бар кемелердин флоту түзүлөт.

Мындай атомдук кемелер суу алдында жүрүүчү башка кемелерден кыйла ылдам. Аларды радарлар да оңой менен тааный албайт. Өзөктүк реактору бар кемелер суу алдында бир нече ай жүрө берет. Узак аралыкка каттап, көбүрөөк жүк ташый алат.

Эми жаңы келишим менен Австралия дүйнөдө мындай флоту бар АКШ, Британия, Франция, Кытай, Индия жана Орусиядан кийинки жетинчи өлкөгө айланат.

Инд-Тынч океан аймагындагы кырдаалга таасирин тийгизе турган бул өнөктөштүктү Кытай дароо сынга алды. Кытайдын Вашингтондогу элчилиги үн катып, өлкөлөр "үчүнчү тараптын кызыкчылыгына шек келтире турган блокторду түзбөшү керек” деп белгиледи.

"Өзгөчө алар "Кансыз согуштун" менталитетинен арылышы керек",-деп айтылган билдирүүдө.

Бээжиндин аскердик кудуретинин артышы Батыштын Инд-Тынч океан аймагындагы өнөктөштөрүн тынчсыздандырып келет. Бул региондогу айрым мамлекеттер менен Бээжиндин ортосунда Түштүк Кытай деңизиндеги талаштуу аймактар боюнча карама-каршылыктар да катталып турат.

Мындан тышкары Кытай менен Батыш мамлекеттеринин ортосундагы мамиле соода, адам укуктары жана Шинжаң, Гонконгдогу кырдаал сыяктуу бир топ маселелерден улам чыңалып турат.

Австралия Улуу Британия жана АКШ менен жаңы өнөктөштүктү түзүү үчүн суу алдында жүрүүчү атомдук флотту куруу боюнча Франция менен макулдашылган 40 миллиард доллардык келишимди жокко чыгарды.

Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан расмий Канберранын соңку кадамын сынга алды.

"Бул аркага сайылган бычак болду. Биз Австралия менен ишенимге негизделген мамиле түзгөнбүз. Бул ишенимге кыянаттык кылынды", - деп билдирди француз министри.

Франция менен Австралия мындай макулдашууга 2016-жылы кол койгон. Ага ылайык, француз тарап кеминде 12 суу алдында жүрүүчү атомдук кемени жасоого көмөктөшмөк. Расмий Канберра кемелердин айрым тетиктери Австралиянын өзүндө жасалышы керектигин билдирип, мындай талаптардан улам келишимдин аткарылышы кечеңдеген.

https://www.azattyk.org/a/aksh-britaniya-avstraliya-koopsuzduk-boiuncha-kelishim-tuzdu/31463281.html

скачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик