Бүгүн:

Акыркы кабарлар

21:34
Жүрөк кармайт деп кооптонгондор эмнелерди билиши керек
23:32
Садыр Жапаров Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү
23:31
334 млн. сом профицит. Кыргызстанда экономикалык өсүш байкалганы айтылды
23:24
Кол санактын жыйынтыгы: алдыга чыккан алты партия
15:28
Кыргызстан Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан 100 млн доллар насыя албай калды
15:26
Кыргызстанда эң жогорку пенсия 179 миң сомду түзөт
15:25
Президент Жапаров Беловодск айылындагы психоневрологиялык интернатка 500 миң сом тапшырды
23:45
Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды
23:41
ИИМ: Текебаевге кол салгандарды аныктоо үчүн тергөө жүрүп жатат
23:41
Ахматбек Келдибеков УКМКга суракка чакырылды
23:40
Президент добуш берген Бактыгүл Иманбек кызы: Жапаров менен канайымга тиешем жок
22:40
Жапаров: БШК сайтындагы мүчүлүштүктөр боюнча УКМК териштирүү иштерин баштады
22:39
7 партия босого чектен өтүүдө. Добуштардын 30 пайызы кол менен саналып бүттү
22:38
Кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек аймагындагы курулуш иштери токтотулду
22:36
Таласта Дастан Жумабековдун шайланышына каршы болгондор митингге чыкты
16:24
Президент эмне үчүн бир мандаттуу шайлоо округунан Равшан Жээнбековго добуш бергенин айтты
16:23
БШКнын имаратынын алдында митинг өтүп жатат
23:29
Эдил Байсалов: Шайлоо системасындагы мүчүлүштүккө БШК түшүндүрмө бериши керек
23:27
Октябрь округу боюнча эң көп добушту Дастан Бекешев алды
23:22
Туруктуулукту бузабыз дегендерге жол бербейбиз! Жапаров элге кайрылды
23:21
ЖКга шайлоонун партиялар боюнча жыйынтыгы чыкты
19:31
Садыр Жапаров: Ата мекендик ишкерлерди офшордук аймактардан каражаттарын кайтарууга чакырам
19:28
БШК Момбеков боюнча соттун чечимине макул эмес. Кийинки кадам кандай болот?
19:27
Жапаров: Кыргызстан шайлоону демократиялык принциптерге ылайык өткөрөт
19:26
Добуш бересизби? Бул номер менен тизмеден өзүңүздү тактап аласыз
23:30
УКМК бийликти басып алууга шектелген талапкерлердин атын атады
23:29
Коопсуздук кеңеши Улуттук коопсуздук концепциясын жактырды
16:00
Абдувапов: Ноябрга карата 94,1 млрд сом салык чогултулду же план 102,5%га аткарылды
15:55
Бишкекте арзан көмүр кайра сатыла баштады. Бирок бир шарты бар
15:53
3 млн. долларлык зыянды Эсеп палатасынын кызматкерлери жашырган деп шектелүүдө
15:52
Жээнбеков, Зулпукаров, Сарпашев жана Нарымбаев жаңы жылды абактан тосот
21:56
Акылбек Жапаров: Парламенттик шайлоолор коомдук жана эпидкоопсуздукту камсыздоо менен өткөрүлүшү тийиш
21:54
Кыргызстанда сүт тартыштыгы жаралдыбы? Министрдин жообу
21:53
БШК Дастан Жумабековго 22,5 миң сом айып салып, эскертүү берди
21:52
Кыргызстанда чакан ГЭС документациясын иштеп чыгууга сынак жарыяланды
21:51
Шайлоо өнөктүгүнө катышкан спорт, маданият кызматкерлери иштен алынды
21:50
"Дастан" заводу продукциясын Россияга сатат. 459 млн. сомдук келишим түзүлдү
21:49
Маморгандар менен ЖМКлар "кыргызчаланат". Өзгөрүү кирчү тил мыйзамына сереп
21:48
Авиация агенттиги: президенттик учак жыл сайын көп чыгым талап кылууда
20:17
Улуттук банк Кыргызстандан чыгарылган акча боюнча комментарий берди
20:16
Жапаров Шевченкого сертификат тапшырып, спортчу ага мээлейин белек кылды
20:56
Улуттук тарых музейи 22-ноябрда санитардык тазалоо иштерине байланыштуу жабык болот
20:55
Centerra Gold Inc. Кумтөр кени аларга таандык эмес экенин тааныган чечим кабыл алды - Акылбек Жапаров
20:52
Жаңы жылда кыргызстандыктар кеминде 3 күн эс алат. Календарь
10:32
КР Эмгек министрлиги Казань федералдык университети менен кызматташат
Бардык кабарлар

Аукус: Кытай АКШ-Британия-Австралия келишимин жоопкерчиликсиз деп айыптоодо

Дүйнө жаңылыктары / Коопсуздук
35
0

Кытай АКШ, Британия жана Австралиянын ортосундагы тарыхый коопсуздук келишимин сындап, аны "өтө жоопкерчиликсиз” жана "тар көз караш” деп сыпаттады.

Келишимге ылайык, АКШ менен Британия Австралияга биринчи жолу суу астында жүрүүчү атомдук кемелерди куруу технологиясын берет.

Бул Кытайдын талаштуу Түштүк Кытай деңизиндеги таасирине каршы аракет катары бааланууда.

Бул аймак көп жылдар бою чыңалуу очогу болуп келген жана ал жердеги абал дагы эле тынчсызданууну жаратып келет.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Чжао Лицзян альянстын "жергиликтүү тынчтыкка олуттуу зыян келтирүү... жана куралдануу боюнча жарышты күчөтүү” коркунучу бар экенин айтты.

Ал "эскирген Кансыз согуш менталитетин...” сынга алып, үч өлкөнүн "өз кызыкчылыктарына зыян келтирип жатканын” эскертти.

Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары келишимди жокко чыгарган окшош макалаларды көтөрүп чыгышты жана Global Times гезитинин бири Австралия эми "өзүн Кытайдын каршылашына айлантты” деп билдирди.

АКШ суу алдында жүрүүчү технологиясын 60 жыл ичинде биринчи жолу бөлүшүүдө, буга чейин аны Британия менен гана бөлүшкөн.

Бул Австралия кадимки суу астындагы кайыктарга караганда тезирээк жана табуу кыйыныраак болгон атомдук суу астында жүрүүчү кемелерди кура алат дегенди билдирет. Аталган кемелер бир нече ай суу астында жүрө алат жана адаттан алысыраак аралыкка ракеталары менен атууга жөндөмдүү. Бирок Австралия аларга өзөктүк курал салуу ниети жок экенин айтууда.

Aukus деген аталыштагы жаңы өнөктөштүк шаршемби күнү кечинде жана бейшемби күнү эртең менен АКШнын президенти Жо Байден, Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жана анын австралиялык кесиптеши Скотт Моррисондун биргелешкен виртуалдык пресс-конференциясында жарыяланды.

Ал эми Кытай жөнүндө түз айтылбаса да, үч лидер "олуттуу түрдө артып жаткан” регионалдык коопсуздук маселелерине бир нече жолу кайрылышкан.

Биргелешкен билдирүүдө аталган келишим "пикирлештер жана өнөктөштөр менен үч элдин жалпы баалуулуктарын коргоо жана Индо-Тынч океан аймагында коопсуздукту жана гүлдөп өнүгүүнү камсыздоо үчүн тарыхый мүмкүнчүлүк” деп айтылат.

Талдоочулар Аукус альянсы Экинчи дүйнөлүк согуштан берки үч мамлекеттин ортосундагы эң маанилүү коопсуздук келишими дешет.

Бул Австралия суу астында жүрүүчү өзөктүк кемелерди иштеткен дүйнөдөгү жетинчи мамлекет болуп калат дегенди билдирет.

Суу астында жүрүүчү өзөктүк кемелер келишимде негизги ролду ойносо да, кибер мүмкүнчүлүктөр, жасалма интеллект жана башка деңиз астындагы технологиялар да алар менен биргеликте колдонулат.

Австралия ошондой эле алыска учуучу "Томагавк” канаттуу ракеталарын алат жана өлкөнүн түндүгүндө дагы америкалык аскерлердин жайгашуусуна уруксат берет.

"Бул чындыгында эле үч эл тең [Кытайдын] агрессивдүү кадамдарына каршы туруу үчүн алдын ала баарын чечип койгонун көрсөтүп турат”, - деди Австралия Азия Коомунан Гай Бокенштейн.

Кийин Борис Жонсон бул келишим "бүткүл дүйнөдө коопсуздукту жана стабилдүүлүктү сактайт” жана "жүздөгөн жогорку квалификациялуу жумуш орундарын” түзөт деп айтты.

"Кытай тарыхтагы эң чоң аскердик чыгымдардын бирин баштады. Биздин бул аймактардагы өнөктөштөрүбүз өз позициясында турууну каалашат”, - деп айтты Би-Би-Сиге Британиянын коргоо министри Бен Уоллес.

Акыркы жылдары Пекин Түштүк Кытай деңизи сыяктуу талаштуу аймактарда чыңалууну күчөттү деп айыпталып келген.

Ал барган сайын талаштуу аймакка өзүнүн кылымдар бою таандык деп эсептеген укуктарын ырастап жатат жана бул дооматтарды козутуу үчүн өзүнүн аскердик таасирин тездик менен күчөтүп жатат.

АКШ өз кезегинде өзүнүн аскердик таасирин күчөттү жана Япония менен Түштүк Корея сыяктуу региондогу башка өнөктөштүккө чоң инвестиция жумшады.

Аналитиктердин айтымында, суу астында жүрүүчү кемелердин Австралияда жайгашуусу АКШнын региондогу таасири үчүн өтө маанилүү.

Батыш державалары Кытайдын Тынч океан аралдарына инфраструктуралык инвестицияларынан этияттанышат, бирок ал жерде АКШ менен Австралиянын чыгымдары төмөн бойдон калууда.

Кытай менен Австралиянын ортосундагы чыңалуу

Кытай Австралиянын эң ири соода өнөктөшү жана мурда экөө жакшы мамиледе болгон. Бирок акыркы жылдары бул мамиле бузулду.

Австралия Пекинди өзүнүн ички саясатына кийлигишүүдө деп айыптап, кытайлык инвестицияларга бөгөт койду жана кытайлык телекоммуникация гиганты Huawei компаниясына Австралиянын технологиялык инфраструктурасын курууга тыюу салды.

Пекиндин жообу бир нече соода жазаларын берүү болду: ондон ашык австралиялык товарларга санкция берилди. Бул австралиялык шарапка 200%га чейин салык салууга алып келди.

Австралия жаңы альянс экономикалык соккуларды басууга жардам берет деп үмүттөнөт.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен бейшемби күнү мындай деген: "Пекин акыркы айларда Австралия артка чегинбей турганын, ошондой эле экономикалык өч алуу жана кысым көрсөтүү коркунучтары эч кандай натыйжа бербей турганын көрдү”.

Аркадан урулган бычак

Бирок Франция дагы жаңы келишимге ачууланып жооп берди. Анткени бул Австралия эми 50 миллиард долларлык 12 суу астында сүзүүчү кеме куруу боюнча Франция менен болгон келишимден баш тартат дегенди билдирет.

Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан France Info радиосуна берген интервьюсунда: "Бул чындыгында аркадан урулган бычак” деди. "Биз Австралия менен ишеним мамилесин түзгөнбүз, бул ишеним сатылып кетти”.

Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча башчысы Жосеп Боррел Франциянын бул келишимден эмне үчүн көңүлү калганын түшүнүп турганын айтып, ЕБ менен жаңы альянс тууралуу сүйлөшүлбөгөнүн кошумчалады.

"Бул бизди дагы бир жолу... Европанын стратегиялык автономия маселесине артыкчылык берүүнүн зарылдыгы жөнүндө ойлонууга мажбурлайт. Бул биз өзүбүздүн күчүбүз менен жашашыбыз керектигин көрсөтүп турат”, - деди ал бейшемби күнү.

Катчы Блинкен АКШнын Франция менен "абдан тыгыз” кызматташканын жана мындан ары да улана берерин айтып, "биз бул мамилеге, бул өнөктөштүккө фундаменталдуу маани беребиз” деп кошумчалады.

https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/cwqz7lwx1q5o
скачать dle 11.0фильмы бесплатно