Бүгүн:

Акыркы кабарлар

21:07
Биринчи жолу. Кыргызстан өз акчасына сооттолгон 40 техника сатып алды
21:06
Жапаров мэр, акимдерди өзү дайындамай болду, акимдин укуругу узарды. Жаңы мыйзам
21:03
Таштандыдан мүлккө чейин. Жапаров аткаминерлердин негизги милдетин атады
21:02
Туризмди өнүктүрүү үчүн укугу кеңири фонд түзүлүп, ага 1 млрд. сом бөлүнөт
23:54
ЖКга шайлоо. Екатеринбургдагы Башкы консулдук Тюмень шаарына жумушчу сапар уюштурду
23:47
Дарыгер баланы суперинфекциядан кантип сактаса болорун айтты
23:47
Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр. ИИМ иликтөөсүнүн жыйынтыгы эмне болду
23:46
Бийлик Бишкек менен аймактарда көмүрдүн баасын бекитти. Канчадан ашпаш керек?
16:15
Электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тариф
16:05
Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымованын сөөгү жерге берилди
16:02
Акылбек Жапаров Кара-Кечедеги абалды көрүп, тартип керектигин эскертти
23:23
Энергетика министрлиги керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына болгон тарифтер тууралуу түшүндүрмө берди
23:22
Кыргызстан Түркиядан тик учак жана катер сурады
23:20
Акылбек Жапаров: президенттик администрациянын түзүмү толугу менен өзгөрөт
23:39
Жапаров дүйнөлүк коомчулукту Афганстандын көп улуттуу элине ар тараптуу жардам көрсөтүүгө чакырды
23:38
Жапаров дүйнөлүк коомчулукту Афганстандын көп улуттуу элине ар тараптуу жардам көрсөтүүгө чакырды
23:34
Кыргызстан эл аралык издөө тобуна кошулуу үчүн Түркиядан жардам сурады
23:32
Жапаров КМШ жана башка уюмдардын байкоочуларын парламенттик шайлоого чакырды
12:40
Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына онлайн катышат
12:38
Шайлоого катышмак болгон 75 партиянын 23ү калды. Тизме
12:37
УКМК: 39 киши өлгөн терактыны каржылаган делип кыргызстандыктар кармалды
19:26
ЖК комитети президенттин жаңы өкмөт боюнча сунушун колдоду
19:25
Шаардык сот Темир Сариевди 30-ноябрга чейин абакта калтырды
19:19
Кыргызстан делимитация процесси бүтмөйүнчө Тажикстан менен чектешкен аймактарда бизнес жүргүзүүгө тыюу салды
19:18
Сентябрда ири компаниялар 460 млн сомдук салыкты бюджетке аванс катары төлөшкөн
19:17
Президент Жапаров парламенттик шайлоого байланыштуу жалпы республикалык кеңешме өткөрөт
19:15
Акылбек Жапаров өкмөттү да, президенттик администрацияны да жетектемей болду
19:12
Министрлер кабинетинин жаңы курамына кимдер кирди? Тизме
19:10
Мигранттарга Россияда жүрүү жана жарандык алууну жеңилдетүү каралууда. Шарты
19:10
"Акыркы көч" тасмасы Сан-Паулодогу беделдүү сынакта ат салышат
19:09
Чолпонбек Абыкеев мамлекеттик катчылыктан кетип, жаңы кызматка дайындалды
22:39
АКЫН АЛЫМКАН ДЕГЕНБАЕВАНЫН КИТЕП-СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨСҮ ӨТӨТ
22:34
Кыргызстан MegaCom боюнча арбитраждык соттон утуп чыкты
22:33
Министрлер кабинети эми жаңы эреже менен иштейт. Мыйзамга президент кол койду
13:28
Түндө Таластагы мейманканага эркек киши кол салып, конокторду кууп чыккан
13:27
Милиция саясатка аралашпасын! ИИМде шайлоо алдында кеңешме өттү
13:26
Кышка чейин аба ырайы кандай болору айтылды
13:26
Кыргызстандын футболдук союзу президент Садыр Жапаровго кайрылды
14:39
Кыргызды даңазаладыңар! Президент Мээрим менен Айперини куттуктады
14:37
Улуттук банктын алтын-валюталык резерви рекорддук көлөмгө жетти
23:31
“Улуттук энергохолдинг” Тажикстандан электр энергиясын импорттоо боюнча түшүндүрмө берди
23:25
"Кыргыз көмүр": Кара-Кече көмүрүнүн баасы дагы түшөт
23:25
Мээрим Жуманазарова алгачкы атаандашын далысын жерге тийгизип утту
23:24
Министрлер кабинети жана жергиликтүү бийлик жөнүндө мыйзамдар кабыл алынды
23:23
"Коопсуз шаардын" көчмө радарлары коюлган жерлердин даректери
Бардык кабарлар

Нур-Султанда Тажикстанга курал берүү мыйзамы каралат

Дүйнө жаңылыктары / Коопсуздук
26
0

Тажикстанга акысыз курал-жарак берүү тууралуу мыйзам долбоору Казакстандын парламентинин төмөнкү палатасы – мажилистин кароосуна коюлду. Расмий Нур-Султан мыйзам долбоору боюнча жыйынтык чыгарууга даяр экенин билдирди.

Тажикстанга акысыз курал берүү боюнча мыйзам долбоору Казакстандын парламентине сунушталды.

Бул тууралуу 15-сентябрда мажилистин эл аралык иштер жана коргоо комитетинин төрайымы Айгүл Куспан билдирди.

"Казакстан Тажикстанга акысыз аскердик жана техникалык жардам көрсөтөт. Комитет мыйзам долбоору боюнча жыйынтык чыгарууга даяр".

Айгуль Куспан келишимге быйыл 12-июлда Нур-Султанда кол коюлганын кошумчалады.

Палатанын спикери Нурлан Нигматулиндин айтымында, документ "Тажик-ооган чек ара аймагында коопсуздукту камсыздоодо аскердик-техникалык көмөк көрсөтүү тууралуу Казакстан жана Тажикстан өкмөттөрүнүн келишимин ратификациялоо" деп аталат.

Ал эми Нур-Султандын Дүйшөмбүгө акысыз аскердик жардам бере турганы жөнүндө маалыматтар быйыл 8-июнда белгилүү болгон.

Казакстандын Коргоо министрлиги тажик армиясына 3 миллиондон ашуун даана курал берүүгө негиз болчу атайын мыйзам даярдалып жатканын билдирген.

Быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта Кыргызстандан 36 (экөө бала), Тажикстандан 19 адам набыт болгон.

Кыргызстандан 140 турак жай, беш мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала бакча, эки милиция пункту, 24 май куйган станция, 60 коммерциялык объект, эки чек ара бекети жана бир клуб толугу менен талкаланган. Тажикстандын Согд облусунда 14 турак жай бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалган.

Эки өлкө бул үчүн бирин бири айыптап, Башкы прокуратуралары кылмыш иштерин козгошкон.

Мына ушул чырдын фонунда Казакстандын коңшуларына аскердик жардам көрсөтө турган жаңылыгы социалдык тармактарда түрдүү талкууларга жем таштаган. Казакстандын өзүндө да чырдашкан коңшулардын бирине курал берүү аракетин сындагандар болгон.

Мындан кийин казак коргонуу мекемеси Казакстандын эки өлкө ортосундагы "чек ара талашын ырбатайын" деген ою жок экенин билдирген. Министрликтин маалыматында, 2019-жылдын декабрында Тажикстандын Коргоо министрлиги тажик-ооган чек арасындагы абалдын курчушуна байланыштуу аскердик-техникалык жардам сурап кайрылган. Анын негизинде, өкмөт аралык келишим иштелип чыгып, ага быйыл 17-апрелде кол коюлган.

"Ушундай эле макулдашууга 2-мартта Кыргызстан менен кол коюлган", -деп билдирген Казакстандын Коргоо министрлиги.

Тажикстанга чектеш Ооганстандагы кырдаал 15-сентябрда Дүйшөмбү шаарында Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна (ОДКБ) мүчө өлкөлөр кеңешинде талкууланды.

Анда ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась тажик-ооган чек арасындагы абал оор экенин, кырдаал курчуп кетсе, ЖККУга мүчө өлкөлөр Тажикстанга зарыл болгон аскердик-техникалык жардамды көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, бул этапта Кремл талибдер менен алгач коңшу өлкөлөр үчүн ар кандай тобокелдиктерди жоюу менен байланышкан суроолорго жооп издейт.

"Орусия талибдерге эч кандай шарт койбойт, алар убадаларын кантип аткара турганын байкайт. Талибдер өз максаттарын жарыялашты, анын ичинде терроризмге каршы күрөшүү, баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча милдеттенмелери бар экенин, Ооганстандын аймагынан коңшу өлкөлөргө коркунуч келбеши үчүн бардыгын жасай тургандыктарына ишендиришти", - деди Лавров.

Эл аралык журналисттер жана эксперттер ЖККУну Ооганстандагы окуяларга байланыштуу аракетсиздик үчүн сынга алып, уюмга мүчө өлкөлөрдөн абалды тыкыр талдоону жана олуттуу чечимдерди күтүшкөнүн белгилешет.

"Бүгүнкү күндө ЖККУ өлкөлөрүнүн Ооганстандагы кырдаал боюнча бирдиктүү позициясы жок. Мен муну ЖККУнун башкы катчысынын сөзүнөн кийин байкам калдым", - дейт тажикстандык эксперт Косим Бекмухаммад.

Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму 1992-жылы негизделген. Ага Кыргызстан, Армения, Беларус, Казакстан, Орусия жана Тажикстан мүчө. Башында Азербайжан, Грузия жана Өзбекстан да бул альянска кирип, кийинчерээк чыгып кетишкен.

 

https://www.azattyk.org/a/nur-sultanda-tazhikstanga-kural-beruu-myizamy-karalat/31465537.html

скачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик