Ал эми Си мурункулардан айырмаланып, үзгүлтүксүздүктү баса белгилегиси келип жатканын айтат серепчи Адам Ни.

Си Цзинпиндин баяндамасы Кытай дүйнөлүк державага айланган маалга туш келди. Андайды 10-20 жыл мурун элестетүү кыйын эле.

"Кытай экономикадагы, куралдуу күчтөрүндөгү жетишкендиктери менен ири дерважа макамына жетти, Коммунисттик партия жана анын жетекчилигинин бийлиги бекемделип, азыр анын оппозициясы жок”, - дейт доктор Чонг.

"Си Цзинпин башында турган Коммунисттик партия саясий уюм катары Кытайда ийгиликтин чокусуна жетти”.

Ошентсе да эксперттер саясатта "күтүүсүздүк” деген нерсе бар экенин, Си лидерлигин сактап калуу үчүн бардык далилдер турса дагы, эмне болуп кетерин эч ким билбейт дешет.

"Кытай элитасынын саясаты ачык-айкын эмес, андыктан биз көп нерсени билбейбиз”, - дейт Адам Ни.

https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/cryypk73ynjo