Бүгүн:

Акыркы кабарлар

19:59
Энергетика министри Доскул Бекмурзаев кызматынан алынды
19:58
Президент дагы үч министрди – маданият, билим берүү жана транспорт министрлерин кызматтан алды
23:25
Акылбек Жапаров: Баткендеги жабыркаган инфраструктуралар боюнча комиссияны мен жетектейм, менин көзөмөлүмдө
23:24
Өзгөн эли Камчыбек Ташиев Өзбекстан менен кол койгон протокол тууралуу түшүндүрмө берүүнү талап кылышты
20:49
Депутаттар 19 тонна алтындын чыгарылышын иликтөө үчүн комиссия түздү
20:44
Жайында кыргызстандыктар 4.2 млрд сомдук керектөө насыяларын алышты
17:01
Ташиев: Ак-Сайдагы посттун ордуна милициянын пунктун ача турган болдук
16:56
ЕЭК Кеңеши 2023-жылдын апрелине чейин 370 товарга бажы алымдарын алып салды
21:29
УКМК: "Тамдык" кыргыз тараптын көзөмөлүндө, тажик жарандары заставадан чыгарылды
21:28
"Ар бир сантиметр жер үчүн кашык каныбыз калганча күрөшүүбүз керек". Садыр Жапаровдун кезектеги маеги
22:37
Садыр Жапаров Баткен облусундагы кырдаал боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү
22:36
Венгрия Баткен облусуна гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр
22:35
"Кыргызстан улуттук электр тармагына" жаңы директор дайындалды
21:08
Бюджеттен 500 млн сом бөлүндү – жарандарды коопсуз жайга көчүрүү, азык-түлүк менен камсыздоого багытталат
21:07
Бийлик элди тажиктерге салып берип жатат – Баткендин Аксай айылынын тургундары нааразы
21:05
Кашкар – Ош – Анжиян – Галаба – Хайратон транзиттик каттамы боюнча алгачкы поезд жөнөп кетти
17:44
Яндекс Go кызматы эми Жалал-Абадда иштей баштады
15:11
ИИМ: Тажикстандын кол салуусу боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат
15:10
Мекен чегин коргоо – ыйык милдет. Президент Кыргызстандын элине кайрылуу жасады
03:40
Кыргыз-тажик чек арасында каза болгондордун саны өсүп, 59 адамга жетти
20:45
Сариев: Биз чоң оюндун айлампасына илиндик окшойт. Рахмондун артында олуттуу күчтөр турат
20:45
Сариев: Биз чоң оюндун айлампасына илиндик окшойт. Рахмондун артында олуттуу күчтөр турат
20:43
Тажикстандын агрессиясы. 15 жаштагы кыргызстандык набыт болду
20:42
Самаркандда Жапаров менен Рахмон чек арадагы кырдаалды талкуулашты
16:32
Садыр Жапаров менен Владимир Путин жолукту
19:57
Парламентте Акылбек Жапаровду отставкага кетирүү маселеси көтөрүлдү
19:54
Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр. Кыргызстандын эки жай тургуну жабыркады
19:53
Азимбек Бекназаровдун акимдин орун басары болуп иштеген баласы кармалды
15:00
Маданият министрлиги кыргызстандыктарды ишембиликке катышууга чакырат
14:59
Москвада Кыргызстандын жарандарынын миграциялык көйгөйлөрү талкууланды
14:58
Президент УКМК Чек ара кызматынын учкучсуз учуучу аппараттарынын базасын ачты
14:54
Нарын: болжолдуу наркы 100 млн. еврону түзгөн Куланак ГЭСи курулуп жатат
00:17
Москвада жоголгон тажик блогери Дүйшөмбүдө камакта экени аныкталды
22:47
Инвестор: Кара-Балтадагы текстиль фабрикасынын курулушу жакында бүтөт – 400 миң доллар салынды
22:43
Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт
22:42
Акжол Махмудов күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты
22:40
Президент: 1-октябрдан тарта пенсия 1700дөн 3400 сомго чейин көтөрүлөт
17:20
Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы аба каттамы жанданат
00:59
Зеленский менен Блинкен Киевде жолугушту
00:55
Балыкчыда акча уурдоого шектелип, 2 эркек киши кармалды
15:25
Бекешев: банктар ыплас жол менен 10 млрд. сом тапты, пайдасын экономикага салсын
15:22
Транспорт министрлиги Бишкек – Ош жолундагы тоннелдерден өтүүчү унаалардан акы алуу тууралуу мыйзам долбоорун чакыртып алды
15:20
Кыргызстан жыл башынан тартып мамлекеттик карызды төлөөгө 20,5 млрд сом багыттады
15:18
Садыр Жапаров КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлерин кабыл алды
19:46
Министрлик: Форма кийип келбеген окуучуну эч ким билим алуу укугунан ажырата албайт
Бардык кабарлар

Ванкуверде кара бороон жолдорду кыйратты

Дүйнө жаңылыктары
89
0

Канаданын Ванкувер аймагында катуу бороон болуп, чоң жолдор менен темир жолдорду иштен чыгарды. Расмийлер бул бир кылымда бир катталуучу катаал аба ырайы болгонун айтып жатышат.

Батыш жээктеги шаарды туташтырып турган эки чоң жол суу ташкындан зыян тартып жабылды.

Чоң жолдогу жер көчкүдө бир аял мерт болгон. Куткаруучулардын айтымында, бери эле дегенде эки киши дайынсыз болууда.

Дүйшөмбү күнү башталган кара бороондон улам миңдеген адамдар үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болушту.

Канаданын королдук атчан полициясынын маалыматы боюнча, Ванкуверден болжолдуу 250 км алыстагы Лиллоет жергесине жакын аймактан аялдын сөөгү табылган.

Жер көчкү канча транспорттук каражатты басып калганы боюнча азырынча так маалымат жок.

Машина айдап бараткан Кети Ренни CBC News телеканалына Лиллоеттин түштүк жагында токтоп турган транспортторду жер көчкү басып калганын көргөнүн айткан.

"Машиналарыбызга кайтып баратканыбызда алдыбызда турган адамдар кыйкырып, чуркап жатышты”, - дейт ал. "Алардын жүзүн көрсөңөр, цунами келаткандай эле. Жашоомдогу эң коркунучтуу көрүнүш болуп калды”.

"Артымды карасам, тоонун бир бөлүгү түшүп келатыптыр. Бардык машиналарды кыйратты. Кым-куут түшүп жатып калды”.

Провинциядагы транспорт министри Роб Флемиң маалымат жыйынында бул "кылымдагы эң жаман аба ырайы” болгонун билдирди.

Аймактагы жаан-чачындын бир айдагы орточо көлөмү 24 сааттын ичинде эле "атмосфералык дарыя” болуп ага баштаганда Британ Колумбиясындагы миңдеген тургундар эвакуацияланды.

Ванкуверден түндүк-чыгышта 200 километрдей аралыктагы Мерритт жергесинин бардык 7 миң тургунуна дүйшөмбү күнү үйлөрүн таштап кетүү буйругу берилген.

Ал жакта шейшемби күнү кар жаап, шаардагы муз каптаган суу ташкында машиналар агып жүргөнүн көрүүгө болот.

Тоолуу Агассис жергесинде жол жабылып камалып калган 300дөй кишини куткаруу үчүн тик учак экипажы дагы жөнөтүлгөн.

Дүйшөмбү күнкү жаан жана шамал шейшемби күнү түштөн кийин токтоп, бирок бир нече жамааттар оор абалда калышкан.

Транс-Канада чоң жолунун бөлүгү, Ванкуверди өлкөнүн башка аймактары менен туташтырган жолдор, суу астында калды.

Ванкуверди провинциянын ички жолдору менен туташтырып турган Кокихалла чоң жолунун бир бөлүгүн да суу каптап кеткен.

Премьер-министр Жастин Трюдо кырдаалга көз салып жатканын Оттавада кабарчыларга билдирди.

"Кандай гана жолдор менен же формада болбосун ал жакка жардам бергени барабыз”, - деди Трюдо.

Ванкуверден чыгып кете турган жердеги негизги жол АКШга кирип, кийин Канадага кайтуу болчу. Бирок, АКШдан Канадага кайра кирүү үчүн коронавируска тест тапшырып, терс жыйынтык көрсөтүү талап кылынат. Ошондой эле, чектеш жайгашкан АКШнын Вашингтон штатындагы жолдор дагы бороондон зыян тарткан.

Канададагы эң ири Ванкувер порту суу ташкынга жана жер көчкүгө байланыштуу бардык темир жол каттамдарын токтотууга мажбур болгон. Ал азык-түлүктү, күйүүчү майды жана башка товарларды жеткирүүнү үзгүлтүккө учураткан.

Бул порт аркылуу күн сайын баасы болжолдуу $440 млн турган карго жөнөтүлүп турарын Рейтер маалымат агенттиги жазат. Аймактагы отун түтүктөрү дагы алдын алуу чараларынан улам жабылган.

Жай мезгилинде Британ Колумбиясында күн катуу ысып, 500дөн ашуун адам каза болгон эле. Андан тышкары, токойлор өрттөнүп, бүтүндөй шаарчаны кыйраткан болчу.

Ушул айдын башында Британ Колумбиясында куюн байкалган. Мындай кубулуш бул аймакта соңку 50 жылда байкала элек болчу.

https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/cj55je5ly1zo

скачать dle 11.0фильмы бесплатно