Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:41
Садыр Жапаров: Аскар Акаев эл алдында кетирген каталарын толук актады
23:38
Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип кармалды
20:46
Улуттук бий искусствосу жаатындагы маданий мурасты сактоо боюнча “Бий-өнөр” фондунун бет ачары өттү
19:32
Кыргызстан менен ЕБнын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо талкууланды
19:28
Толук курамда кайтты. Кыргызстандын аскерлери Казакстандан келишти
14:56
Кыргызстанда автобус менен жүк ташуучулар жол үчүн акча төлөйт
14:54
Алматыдагы кыргыз аскерлеринин видеосу жарыяланды. Алар ТЭЦ-2ни кайтарууда
14:47
Соцфонд: Өткөн жылы пенсия жана жөлөкпулга 50,8 млрд сом каржыланган
14:47
Акылбек Жапаров: «Айыл банк» агроөнөржай комплексин өнүктүрүүнүн локомотиви болуусу тийиш
19:29
Кыргызстандын жеке ишкерлери эми электрондук отчёт тапшырат
19:24
Биринчи ирет чочконун жүрөгү адамга трансплантацияланды
19:20
КР менен БАЭнин ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык талкууланды
19:18
Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматында кеңешме өткөрдү
17:40
Викрам Рузахуновдун камакка алынышы боюнча УКМКнын башчысы: Казакстандын ЖМКлары жазгандары бизге катуу тийди
17:40
Президенттин басма сөз катчысы Викрам Рузахуновдун Казакстанда кармалышына байланыштуу үн катты
23:15
Садыр Жапаров депутаттарды Казакстанга кыргыз аскерлерин жөнөтүүгө каршы болбоого чакырды
02:17
"Манас" аэропорту Казакстандан жеке учактар келгени тууралуу маалыматты четке какты
23:42
Тарыхта биринчи жолу! Кыргызстан футзал боюнча Азия кубогунун тандоо турун өткөрөт
23:35
Бишкектин эки округундагы кайра шайлоого 14 талапкер катышуу ниетин билдирди
23:34
Кыргызстанда акыркы суткада 41 адамдан коронавирус табылып, бир бейтап каза болду
23:34
"Московский комсомолец” гезити Садыр Жапаровду "Жылдын президенти" деп тапты
21:51
Кышкы туризм. Садыр Жапаров чет өлкөлүк туристтерди Кыргызстанга чакырды
21:49
Экономист 2022-жылы биткоиндин келечеги кандай болорун айтты
21:47
Жеке каржы жаатында 2022-жылда элди эмне күтөт? Маалымат топтому
17:59
Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз 1 млрд. юань берет
17:58
Кыргызстандан тонналап өзгөчө товар алган мамлекеттердин тизмеси чыкты
17:56
Владимир Путин президент Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады
23:42
Жаңы шайланган депутаттар Жогорку Кеңештин түзүмүн аныктоону жаңы жылга калтырды
23:41
Каракол шаарында заманбап гемодиализ борбору ишке кирди
23:46
Күткөндөн мыкты – Жерүй кенин иштетүүнүн жыйынтыктары пландалган көрсөткүчтөрдөн ашты
23:45
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын төрагасы болуп Талант Мамытов шайланды
23:45
"Манас" эл аралык аэропорту штаттык режимде иштеп жатат
23:44
Валентина Шевченкого "Спорттун отличниги" төш белгиси тапшырылды
20:42
Энергетика тармагына бюджеттен 2021-жылы 6 млрд сом бөлүнгөн
20:42
Түштүк Кореядан келе жаткан автоунааларды Кытай КРга жакынкы күндөрү кое берет
20:39
"Ысык-Көл": Тарыхый мурас менен кароосуз жайдын талашы
20:37
Министрлер кабинетинде кыргыз-кытай кызматташтыгы маселеси талкууланды
20:36
Садыр Жапаров КМШ өлкө башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышууда
23:23
Баткен: чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштей баштады
23:17
Түркиядагы элчи Өмүралиев Конья шаарындагы кыргызстандыктар менен жолугушту
23:16
COVID-19 боюнча статистика: Акыркы суткада 38 адамдан табылып, үч бейтап каза болду
23:16
Кумтөр боюнча Министрлер кабинети канадалыктар менен онлайн форматта, жабык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө
23:07
РКӨФ Баткен облусундагы кирпич заводун модернизациялоо жана кеңейтүүнү каржылайт
23:07
Кыргызстандыктар Жаңы жылдан кийин 9 күн эс алат
23:06
Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында министрлер кабинетинин жыйналышы өтөт
Бардык кабарлар

Мигранттарга суу чачылып... Лукашенко дүйнөгө Польшанын жүзүн көрсөттүбү?

Дүйнө жаңылыктары / Аналитика
60
0

"Таштай муздак суу чачууга болбойт", — деп билдирген чечкиндүү түрдө Адам укуктары боюнча Европа кеңешинин комиссары Нил Муйжниекс. Чынында бул сөздөр 2014-жылы ал Киевдеги Майданга барганында, ошондогу украин бийлигинин "ашкере күч колдонгонун" сындаганында жаңырган.

Ушул тапта да биз Европа кеңешинен дал ушундай чечкиндүү реакция күтүп турабыз. Муйжниекс азыр Amnesty International белгилүү укук коргоо уюмунун Европадагы кеңсесин жетектейт. Эске салсак, аталган уюм да күч органдары тарабынан суу атуучу куралдардын колдонулушун кескин сындап келет. Мисалы, Гонконгдо мыйзамсыз демонстрацияларды таратуу маалында (күн жылууда) кытай күч органдары да пайдаланган. Ошондо Amnesty уюму бул курал адамдардын саламаттыгына кооптуулугун айткан. Владимир Корниловдун ушундай салыштыруулар менен Европадагы азыркы абалды талдаган макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Шейшембиде Польша менен Беларустун чек арасында аяздуу күндө польшалык күч органдары арасында балдар да бар мигранттарга бир нече ирет суу атуучу куралдарды колдонду. Бирок Европа кеңеши да, Amnesty International да ошол убактагыдай сынга алууга азырынча ашыккан жок.

Ал эми Бириккен Улуттар Уюму муну "тастыктай турган" фактынын жоктугун билдирди. Ошол эле учурда поляктардын мындай куралдар тургай, катуу добуш чыгаруучу гранаталарды да пайдаланганы боюнча кадрлар ошол күнү дүйнөнүн бардык белдүү телеканалдарынан көрсөтүлгөнүн белгилей кетели.

Анткен менен калыс чагылдырылганын айтуудан алыспыз. Мисалы, убагында өзү да польшалык суу атуучу куралдарга жана кайсы бир уулуу заттар кошулган химиялык чабуулга кабылган CNN Мэтью Ченс да Жакынкы Чыгыштан келген мигранттар күч органдарына таш гана эмес, бомбаларды да ыргытканын баяндады. Бирок Ченстен бөлөк эч бир жан мигранттардын бомбаларын көргөн эмес.

 

Айталы, ВВСнин Москвадагы кабарчысы Стив Розенберг мигранттар тараптан граната да, бомба да, дүрмөттөрдү да байкаган эмес. Ошентсе да ал поляктардын айласыз абалдагы качкындарга карата атайын каражаттарды орунсуз пайдаланганын маалымдап жатып бул аракеттерге Минскини айыптады.

Таштай муздак суу чачылып жатканда Розенберг көрүүчүлөргө: "Бул – Александр Лукашенконун дүйнөгө көргөзгүсү келгени. Беларусь Европаны кайдыгер, ырайымсыз, ал түгүл адамгерчиликсиз көрсөтүүгө тырышууда", – деп түшүндүрдү. Чэнс, Розенберг жана алардын кесиптештеринен "Беларустун суу атуучу куралдарын польшалыктар өздөрүнүкүнө айлантып боеп алышканбы?" деп сурагың келет.

Еврорадио (Варшавада жайгашып, Америка тарабынан каржыланган беларустук оппозициялык маалымат каражаты) аяздуу күндө мигранттарга таштай муздак суу чачуу боюнча сурамжылоо жүргүзүп, угуучулардын басымдуу бөлүгү бул аракеттерди туура деп тапканы кызык.

Калыстык үчүн белгилей кетели, Польшада анчалык деле ири масштабдагы каатчылык болбогон шартта күч органдарынын мындай аракеттерге барганын сынга алгандар чыгууда. Мисалга, чек арачылар тикендүү зымдан нары чырылдап ыйлаган балдары менен энелерди түртүп жаткан кадрлардан улам польшалык актриса жана ырчы Барбара Курдей-Шатан ызасын жашырбай, сөздөрүн да ылгабастан нааразычылыгын жазып чыккан. Бул кадамынан улам Польшадагы эң белгилүү актрисалардын бири желеде катуу кысымга кабылды. Ал түгүл прокуратура жана Антиполонизм мониторинг борбору (өлкөдө ушундай структуралар бар) анын артынан түштү.

 

Юстиция министри Збигнев Зебро бул жаңжал боюнча үн катып, өлкөнүн Кылмыш кодексине түзөтүүлөрдү даярдап жатканын жар салды. Мыйзамга толуктоолор саткынчылык жана польшалык мамлекетке карата бөлүп-жаруучу мүнөздөгү же өлкөнүн аброюна каршы аракеттер үчүн жазаны катаалдатууну көздөйт. Кыязы, министрдин оюнда актрисанын күч органдарынын варвардык аракеттерине нааразычылыгы өлкөнүн беделине ошол аракеттердин өзүнөн да көбүрөөк шек келтирет. Кантсе да коркутуулардын айынан актриса чек арачылар жөнүндөгү катуу сөздөрү үчүн кечирим суроого мажбур болду.

 

Курдей-Шатан: "Эки баланын энесимин. Ушундай азап чеккендерге, айрыкча балдардын мындайга кабылганына кайдыгер карай албайм. Мындай дүйнөнү кабылдабайм жана эч качан кабыл албайм. Мындай видеону көргөндөгү сезимдерим өзгөрүүсүз калат... Бирок аларды билдирүүдөгү сөздөрүм жана сөгүнгөнүм үчүн кечирим сурайм" – деп жазган ал өз баракчасында. Бирок актрисанын бул кадамы деле ага кысым көрсөтүүлөрдү токтото алары арсар. Бул окуя Польшада мигранттарга карата адамгерчиликсиз мамилени сынга алуу да оор экенин айгинелейт.

Айтмакчы, мындай кепти, ал тургай "качкындар" деген сөздү да Польша бийлиги, маалымат каражаттары колдонуудан качууда. Чек арадагы абалды сүрөттөөдө алар баары бир ооздон "бөтөн жерликтер" деген сөздү пайдаланышууда. Сыягы, ушинтип атоо менен өз жарандарынын алдында азыркы адамгерчиликтен тыш кадамдарын актоо оңой көрүнөт. Польшалык маалымат каражаттарында чек арадагы көйгөйдүн анык себептерин талдаган макалалардын жоктугу дал ушул себептендир.

Бул туурасында немец саясатчылары ачык үн ката алышат. Бранденбург жеринин ички иштер министри Микаэль Штюбген: "Бул гибриддик согуш. Бирок качкындар да — адамдар. Биз өзүбүздүн гуманитардык милдеттерибизди аткарууга тийишпиз", – деп билдирди.

 

Батыш маалымат айдыңы азыркы абалга Беларусту, анан да албетте, Россияны айыптоодо. Арасынан чандасы гана көз алдыбыздагы бул апааттын чыныгы себеби эмнеде экенин аныктоого аракет кылууда. Чындап эле миңдеген адамдар көнгөн жерин таштап, таптакыр чоочун өлкөгө качуусуна ким айыптуу?

 

Ошондой сейрек кездешкен учурлардын арасынан голландиялык NRC газетасындагы Ирактын Күртстанынан даярдалган репортажды белгилөөгө болот. Бул жактан да азыр Минскиге учууну көздөгөндөр көп. Европада, Польшада азыр качкындарды үйлөрүнө кайтууга үндөгөндөр ошол макала менен таанышып койгону оңдур. Балким, ошондо алар чек араны сагалагандардын кайтар жери жок экенин түшүнөт чыгар.

NRC кабарчысы аталган аймактагы өзүнө, аялына, апасына жана үч баласына билет алуу үчүн үстүндөгү үйүн сатып, ошондо да буга акча жеткире албай жаткан 37 жаштагы жигит менен баарлашкан. Ушундай кейиштүү кадамга аны Лукашенко да, Путин да эмес, америкалыктар "куткарган" Ирактагы жана алар тарабынан бул иште пайдаланылып, акыры алар тарабынан сатылган күрттөрдүн аргасыздыгы түртүп отурат.

Владимир Путин бул каатчылыкка жоопкерчилик тууралуу жакындагы эле маегинде тегин жерден мунун себептерин атабагандыр. "Буга Батыш, Европа өлкөлөрүнүн өздөрү жараткан себептер түрткү болууда. Алар саясий да, аскердик да, экономикалык да мүнөздө. Аскердик дегеним, баары Ирактагы операцияларга катышты, Афганистанда жыйырма жыл согушту. Азыр Ирактан качкандар да ошол жерде турат, афгандыктардын да саны барган сайын артууда", – деп айткан Путин.

Афганистандагы кырдаалдын курчушу менен (анын алдында быйыл кышта жапырт ачарчылык коркунучу да коңгуроо кагып турат) качкындардын агымы эбегейсиз санда болушу толук ыктымал. Поляктар афгандыктар аларга Борбор Азиядан келип жатканын айтып актанышууда. Ошондо аларды ооздуктоого Европанын суу атуучу куралдары жетеби? Же акыры арасынан акылга сыярлык ой жүгүртө алгандар, дал Батыш ушундай кыйраган абалга кептеген өлкөлөргө жеринде көмөктөшүү оң экенине көзү жеткендер чыгабы?

 

Кандай болгон күндө да Россия Европаны ансыз да аргасыз абалдагы адамдарга карата ырайымсыздыктан баш тартууга үндөөдө. РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров поляктардын бул жүрүм-туруму таптакыр кабыл алынгыс экенин белгилөө менен: "Алар эл аралык гуманитардык укуктун жана башка дүйнөлүк коомчулуктун бардык келишимдеринин жоболорун бузуп жатышканын аңдабай турушат. Бул маселеде Польша чектен чыгууда. Брюсселдеги жетекчилик ачык түрдө кош стандарттарды колдонуу менен өзүн оңтойсуз абалда калтырууда", – деп билдирди.

 

Дал ошондуктан европалык комиссарларга, ошондой эле жайнаган укук коргоочуларга аяздуу күндө суу менен атуучу куралдарды пайдалануу да натуура экенин эске салып, качандыр бир убакта Януковичтин "тоталитардык" суу аткычтары менен Варшавадагы "демократиялык" суу замбиректеринин айырмасы жок экенин эске салып туруу зарыл өңдөнөт.

https://sputnik.kg/columnists/20211118/1054645933/lukashenko-dujnogo-polshanyn-zhuzun-korsottu.html

скачать dle 11.0фильмы бесплатно