Россиянын Афганистанга гуманитардык жардам жеткирип барган үч учагы Кабулдан кетүүнү каалаган адамдарды алып чыкты. Алардын арасында Кыргызстандын дагы жарандары бар экенин Коргоо министрлигине шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Ил-76 учактары 200дөй кишини ала кетти. Бортто россиялыктардан тышкары Кыргызстандын дагы жарандары бар. Жүргүнчүлөр Москвадан алыс эмес жердеги "Чкаловский" аэропортуна жеткирилет”, — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, Россия өкмөтү буга чейин бир нече жолу Афганистандагы кыргыз жарандарын эвакуациялоого жардам берген.
https://sputnik.kg/20211218/rossiya-avganistan-kyrgyzstan-ehvakuaciya-1060492896.html