Россиянын Кыргызстандагы жана Тажикстандагы аскер базалары 2022-жылы 70тен ашуун аскердик техника алат. Бул туурасында РФтин Коргоо министрлиги билдирди.
Техникалар боюнча кененирээк маалымат камтылган эмес.
Канттагы россиялык биргелешкен аскердик база — Тез аракетке келүүчү жамааттык күчтөрдүн бир бөлүгү. Ал ЖККУ мамлекеттеринин коопсуздугун абадан коргоп, камсыздап турат. Карамагында чабуул жасоочу Су-25 учактары менен Ми-8 тик учактары бар.
Тажикстанда жайгашкан 201-аскер базасы Россиянын чет өлкөлөрдөгү ири аскердик объектиси. Ал эки шаарда — Душанбе жана Бохтарда жайгашкан. Анын курамына мотоаткычтар, танкалар, артиллериялык, чалгындоочу бөлүктөр, абадан коргонуу бөлүмдөрү, радиациялык, химиялык жана биологиялык жактан коргоо жана байланыш бөлүктөрү кирет.
https://sputnik.kg/20220125/rossiya-kyrgyzstan-tazhikstan-asker-bazalary-tehnika-1061500807.html