Владимир Путин Россия аскерлерине ДЭР менен ЛЭРде тынчтык жана коопсуздукту камсыздоону тапшырды. Республикалар менен дипломатиялык мамилелер түзүлөт;
Донецк менен Луганскиде Россиянын чечимин кубануу менен кабыл алышты;
АКШ Донецк жана Луганск менен болгон бизнеске тыюу салды. Бүгүн жаңы санкциялар күтүлүп жатат;
АКШ президенти Жо Байден бул эки республиканын таанылышы Американын улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратарын айтты;
Мамлекеттик Дума Донбасс боюнча бардык санкцияларга даяр экенин билдирди;
Кытай Украина кризисинин тегерегиндеги маселени тынчтык жолу менен чечүүгө кызыкдар тараптарды диалогго чакырды;
Франциянын БУУдагы туруктуу өкүлү Николя де Ривьер Россия Донецк менен Луганскиге карата чечимин кайра карап чыгышы керек деген пикирде;
Украина Россиядан Донецк менен Луганскинин көз карандысыздыгын таануу чечимин жокко чыгарып, Донбасс боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуусун талап кылууда;
Украинанын чыгышындагы тиреш менен аймактагы коопсуздукту сактап калуунун бирден-бир жолу тараптардын диалогго баруусу экенин БУУнун башкы катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Розмари ДиКарло билдирди;
Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя эмне себептен РФ Донецк менен Луганскиге карата мындай чечим кабыл алганын түшүндүрдү. Анын айтымында, Донбасс Украинанын аскер авантюрасына кабыларына Россиянын көзү жетти. Андыктан 2014-2015-жылдагы окуялар кайталанышын каалабайт.
https://sputnik.kg/20220222/rossiya-ukraina-doneck-lugansk-koz-karandysyz-1062254696.html