Кытайдын үч космонавты өлкөнүн жаңы космос станциясына алты айлык миссия менен учуп кетишти. Бул Кытайдын алдыдагы ондогон жылдарга жаңы космостук держава болуу жолундагы кезектеги жаңы кадамы болуп калды.

Тяньгун космостук станциясы

Кытай өткөн жылы орбитага өзүнүн "Тяньгун" (Асман сарайы) деп аталган космостук станциясынын биринчи модулун алып чыккан. Жыл аягына чейин ага кошумча модулдар кошулмакчы, мисалы Mengtian илимий лабораториясы.

Келерки жылы ал Xuntian деген аталыштагы космостук телескопту учурган жатат. Ал космостук станцияга жакын учуп барып, ага чиркешип, тейлөөгө алынмакчы.

Тяньгун космостук станциясында өзүнүн электр энергия иштеп чыккан системасы, жашоого ылайыктуу шарты бар бөлмөлөрү болот.

Кытай — космоско астронавттарын жиберип, космостук станция курган Советтер союзу (азыр Россия) менен АКШдан кийинки эле үчүнчү өлкө.

Graphic of China's Tiangong space station
1px transparent line

Ал космосто алыска кеткен максат коюп, Тяньгун станциясы 2031-жылы эксплуатациядан чыга турган Эл аралык космос станциясынын ордун басат деген ойдо турат.

Кытайдын астронавттары Эл аралык космос станциясына бара албайт, анткени АКШныны мыйзамдары НАСАга Кытай менен маалымат алмашууга тыюу салат.

Ай менен Марска жетүү планы

Кытайдын амбициясы муну менен эле токтоп калбайт.

Бир нече жылдан кийин ал Жердин айланасындагы астероиддердин үлгүлөрүн алган жатат.

Ал эми 2030-жылы өзүнүн биринчи астронавттарын Айга учуруп, ал эми Марс менен Юпитерге зонд жибермекчи болууда.

Кытайдын космостук программасы
1px transparent line

Башка өлкөлөр эмне кылууда?

Кытай космосто өзүнүн ролун күчөтүп жатканда, башка бир катар өлкөлөр дагы Айга жетүүгө умтулууда.

НАСА АКШ жана башка өлкөлөрдүн астронавттары менен Айга 2025-жылы кайтып барууну пландап, Кеннедидеги космостук борбордон SLS жаңы эбегейсиз чоң ракетасын учурду.

Жапония, Түштүк Корея, Россия, Индия, БАЭ дагы өздөрүнүн Ай миссиясын иштеп чыгууда.

Индия Айга өзүнүн экинчи ири миссиясын жиберип, 2030-жылы космосто өзүнүн станциясына ээ болгон жатат..

Космостогу эрежелерди ким чыгарат?

  • БУУнун 1967-жылы бекиткен Космос келишиминде эч бир өлкө космосто эч кандай нерсени менчиктей албайт деп айтылган.
  • БУУнун 1979-жылы кол коюлган Ай макулдашуусунда космос коммерциялык максатта колдонулбашы керек деп айтылат, бирок АКШ, Кытай жана Россия ага кол койгон эмес.
  • Эми АКШ өзүнүн Артемида макулдашуусун жылдырып, өлкөлөр Айдан кен байлыктарды биргелешип кантип иштете аларын түшүндүрүүдө.
  • Россия менен Кытай буга кол койбой, АКШ космосто өзүнүн эрежелерин киргизүүгө укугу жок экенин билдирүүдө.

Кытайдын космостук тарыхы кандай?

Кытай өзүнүн биринчи спутнигин орбитага 1970-жылы чыгарган. Ал убакта космоско учуп жаткан негизги өлкөлөр СССР, АКШ, Франция жана Жапония болчу.Соңку он жылда Кытай космоско 200 ашык ракета учурду.

"Чанъэ 5" деп аталган учкучсуз иштеген миссиясы Айга андагы үлгүлөрдү топтоп келүүгө жиберилген. Айдын үстүндө Кытайдын желеги сайылган, анын көлөмү атайын АКШнын желегинен чоң болуп коюлган.

Азыркы убакта Кытай космоско 13 астронавт жиберди, салыштырмалуу АКШнын космоско жиберген астронавттары 340, ал эми СССРдики - азыр Россияныкы - 130.Бирок оңунан чыкпаган иштер да болду. 2021-жылы Кытайдын ракетасынын бир бөлүгү орбитадан кулап, Атлантика океанына түшкөн, ал эми 2020-жылы эки жолку учуруу аракети ишке ашкан эмес.

Космос программасы лидер өлкөлөр
1px transparent line

Кытайдын космос программаларын ким каржылайт?

Кытайдын мамлекеттик Синьхуа агенттиги кеминде 300 миң адам Кытайдын космостук долбоорлору боюнча иштеп жатканын билдирди, бул НАСАда иштегендерге караганда 18 эсе көп.

Кытайдын улуттук космос башкармалыгы 2003-жылы түзүлүп, биринчи жылдагы бюджети эки миллиард юань (300 миллион доллар) болгон.

Бирок 2016-жылы Кытай өзүнүн космос тармагын жеке менчик компанияларга ачып, азыр алар 10 миллиард (1,5 миллиард доллар) юандан ашык каражат инвестиция кылышты.

Кытайдын коммерциялык космос сектору
1px transparent line

Кытай эмнеге космоско учуп жатат?

Кытай өзүнүн телекоммуникациясы, аба кыймылын башкаруу, аба ырайын божомолдоо, навигация жана башка иштеринде колдонууга спутник технологияларын өнүктүрүүгө умтулууда.

Бирок анын спутниктеринин көбү аскердик дагы милдет аткарууда. Алар атаандаш өлкөлөргө тыңчылык кылып, алыска атылуучу ракеталарды башкарууда жардам берет.

Портсмут университетиндеги космос долбоорлорунун жетекчиси Люсинда Кинг Кытай космостук миссияларга жөн жеринен көңүл буруп жаткан жок дейт: "Алар космостун бардык аспектисинде жакшы иштеп жатат. Алардын саясий мотивациясы жана пландалган программаларды каржылоого ресурсу бар".

Кытайдын Ай миссиясынын дагы бир себеби анын бетинен литий сыяктуу сейрек металлларды алуу максаты менен байланыштуу.

Ошого карабастан, Лондон университетиндеги космос саясаты жана укугу институтунун директору, профессор Саид Мостешардын айтымында, Кытайдын Айдан кен байлыктарды алуу боюнча миссиясы өзүн актабай да жатышы мүмкүн. Ошого карабай, Кытай өзүнүн космостук программасы менен калган дүйнөнүн көзүнө көрүнгүсү келип жатат: "Бул күчтү жана техникалык прогрессти көрсөтүү".

https://www.bbc.com/kyrgyz/world-61701305