Би-Би-Си: Бул окуяга чейин Кытай Тайвандын шарттуу чек арасына өтө жакын аймакта аскердик машыгууларын өткөргөн. Ушул жолу Кытай чындап эле аскердик чарага барууга абдан жакын турат деп айрым эксперттер айтып жатышат. Сиздин оюңузча окуя кайсы нукта өнүгөт?

Сейтек Качкынбай: Менин баамымда ооба, Тайванды бүт курчап алты жерде азыр аскердик ишараттар жүрүп атат. Тайвандын чыгышынан, түштүгүнөн, батышынан, түндүгүнөн алты тарап деңиз менен курчайт. Бул деген Тайванга аябай сес көрсөтүп жатат, ооба бул жерде Тайвандын өзүнө дагы, АКШга дагы сес көрсөтүп жатат. Бирок баары бир эл аралык мамиледе Кытай өз ара көз карандылык деген түшүнүк бар да. Мындайча айтканда, Кытайдын негизги экспорту бул Батышка кетет да, Америкага, Европага жанындагы Вьетнамга, ошол эле Жапонияга, Түштүк Кореяга кетет. Ошон үчүн бул согуш башталып кетет деген нерсе бул Кытай өкмөтү үчүн дагы, дүйнө жүзү үчүн дагы рационалдуу эмес. Ошон үчүн ал деңгээлге барбайт деп мен божомолдоп жатам. Ал деңгээлге барбайт! Согуш болбойт деп ойлойм.

https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/c0d1lr497dmo