Нурсултан Назарбаев "Ардактуу сенатор" наамын 2019-жылдын июнь айында кызы Дарига Назарбаева Сенаттын төрайымы болуп турганда алган.
Казакстанда "Туңгуч президент – Елбасы" мыйзамы күчүн жоготкону 11-январда расмий кабарланган. Назарбаевге жана анын үй-бүлөсүнө көптөгөн артыкчылыктарды берген бул мыйзам 2000-жылы кабыл алынган эле.
Конституциялык сот бир топ депутаттардын өтүнүчүн карап, канааттандырганын, токтом ишке кирерин жана даттанууга жатпай турганын маалымдады.
Казакстанды 1989-жылдан бери башкарган Назарбаев 2019-жылы бийликтен кетип, кызматын Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берген. Андан кийин өлкөнүн саясатына таасирдүү кызматты – Коопсуздук кеңешинин төрагалыгын ээлеген. 2022-жылдын январында жапырт нааразылык башаламандыкка айланып, кан төгүлгөндө бул кызматын да президент Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берген. Мындан кийин Нурсултан Назарбаевдин жакындары да кызматтан кетип, айрымдары камалган.
Источник: https://www.azattyk.org/a/32220114.html