Маалыматта сентябрда Орусияда аскерге мобилизация жарыялангандан кийин кош жарандыгы барларды армияга алып кетиши ыктымал экени айтылат.
Ошондой эле орусиялык авиакомпаниялар менен учуу кооптуу болуп калганын, алар эл аралык нормаларды сактабай калганы белгиленет. Америкалык дипломаттарга орусиялык компаниялар менен учууга уруксат берилбейт.
Элчилик Орусияда жүргөн америкалыктардын ар кандай акциялардан алыс болуусун өтүнөт.
Былтыр АКШнын элчилиги Орусия Украинага басып киргенден төрт күндөн кийин жарандарын "Орусиядан тезинен чыгып кетүүгө" чакырган. Экинчи эскертүү 28-сентябрда Орусияда жапырт мобилизация жарыяланган соң берилген.
Источник: https://www.azattyk.org/a/32269226.html